1002-берене. Нотариалдык буйрук берилүүчү талаптар
Күчүндө · 04.06.2025 редакциясы
Карызкордон акчалай суммаларды өндүрүп алуу же кыймылдуу мүлктү талап кылуу жөнүндө талаптар боюнча нотариалдык буйрук төмөнкү учурларда чыгарылат, эгерде:
1) талап нотариалдык күбөлөндүрүлгөн бүтүмгө негизделсе;
2) талап жөнөкөй жазуу жүзүндө жасалган бүтүмгө негизделсе;
3) талап векселдин төлөнбөгөндүгүнө, акцепт болбогондугуна жана акцептке датасы коюлбагандыгына нотариус тарабынан жасалган протест негизделсе;
4) жашы жете элек балдарга аталыкты аныктоо, аталыкты (энеликти) талашуу же үчүнчү жактарды тартуу зарылдыгы менен байланышпаган алимент өндүрүп алуу жөнүндө талаптар билдирилсе;
5) салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн кошпогондо, милдеттүү төлөмдөр боюнча үстөк айыпты эсепке албастан карыздарды өндүрүп алуу жөнүндө талап билдирилсе;
6) кызматкерге эсептелген, бирок төлөнбөгөн эмгек акыны өндүрүп алуу жөнүндө талап билдирилсе.
Берененин тексти 04.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1002-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230027859/st-1002" title="1002-берене - Нотариалдык иштин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>