10010-берене. Нотариалдык буйрукту өндүрүп алуучуга берүү
Күчүндө · 04.06.2025 редакциясы
1. Эгерде белгиленген мөөнөттө карызкордон нотариуска каршы пикирлер келип түшпөсө, нотариус өндүрүп алуучуга нотариустун гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн нотариалдык буйрукту аткарууну талап кылуу үчүн берет. Өндүрүп алуучунун өтүнүчү боюнча нотариалдык буйрук нотариус тарабынан сот аткаруучуга аткаруу үчүн өндүрүп алуучунун жазуу жүзүндөгү өтүнүчүн тиркөө менен жөнөтүлүшү мүмкүн.
2. Ушул Мыйзамдын 1002-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн талап боюнча нотариалдык буйрук өндүрүп алуучуга берилет, же болбосо анын өтүнүчү боюнча түздөн-түз ал чыгарылгандан кийин аткаруу үчүн нотариус тарабынан жөнөтүлөт.
3. Карызкордон мамлекеттин бюджетине мамлекеттик алымды өндүрүп алуу үчүн нотариус тарабынан гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн нотариалдык буйрук салык органына аткаруу үчүн жөнөтүлөт.".
Берененин тексти 04.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10010-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230027859/st-10010" title="10010-берене - Нотариалдык иштин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>