1005-берене. Нотариалдык буйрук берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартууга негиздер
Күчүндө · 04.06.2025 редакциясы
1. Нотариалдык буйрук берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан нотариус баш тартат, эгерде:
1) ушул Мыйзамдын 1003 жана 1004-беренелеринде каралган талаптар сакталбаса;
2) билдирилген талап ушул Мыйзамдын 1002-беренесинде каралбаса;
3) билдирилген талапты тастыктоочу документтер берилбесе;
4) документтерден укук жөнүндө талаш-тартыштын бар экендиги билинсе;
5) мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, билдирилген талапка мамлекеттик алым төлөнбөсө.
2. Нотариус арыз келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгарат, ал сотто даттанылышы мүмкүн.
3. Нотариалдык буйрук берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартуу өндүрүп алуучунун ошол эле талап боюнча доо өндүрүшү тартибинде сотко доо коюу мүмкүнчүлүгүнө тоскоолдук кылбайт.
4. Арызды кабыл алуудан баш тартканда мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте өндүрүп алуучу төлөгөн мамлекеттик алым кайтарып берилет, же болбосо сотко кайрылганда өндүрүп алуучунун арызы боюнча эсепке алынат.
Берененин тексти 04.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1005-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230027859/st-1005" title="1005-берене - Нотариалдык иштин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>