Үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы билим алуу тартиби жөнүндө Жобо (КР Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилди)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 297 токтомуна)
Үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы билим алуу тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы билим алуу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн улантуучулук билим берүү программаларынын алкагында билим берүү уюмунан сырткары билим алуучунун үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алуу тартибин аныктайт, мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын (мындан ары - жалпы билим берүү уюмдары) ишин регламенттейт, билим берүүнү башкаруунун аймактык органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алган жашы жете элек балдардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен ишин уюштуруу тартибин, алардын милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын, ошондой эле алардын ортосундагы өз ара мамилелердин тартибин белгилейт.
2. Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
3. Жобонун негизги максаттары жана милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) балдардын жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында жалпыга жеткиликтүү жана акысыз башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим алуу укуктарына кепилдикти камсыз кылуу;
2) мектеп жашындагы бардык балдардын жалпы билим алууга бирдей жана адилеттүү жеткиликтүүлүгүн, анын ичинде инклюзия принциптеринде да камсыз кылуу;
3) үй-бүлөдө коопсуз жана өнүктүрүүчү окуу чөйрөсүн түзүү;
4) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенцияларын, алардын билим берүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү тартибин, балдардын, анын ичинде турмуштук оор кырдаалда турган балдардын билим алууга конституциялык укугун ишке ашырууга багытталган укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, жалпы билим берүү уюмдарына балдарды, анын ичинде үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алып жаткан балдарды аныктоо үчүн башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн улантуучулук билим берүү программаларынын алкагында окутулууга тийиш болгон балдарды системалуу эсепке алууну жана камтууга көмөк көрсөтүүнү камсыз кылуу;
5) балага милдеттүү билим берүү деңгээлин: башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим алуусу үчүн зарыл чараларды көрбөгөн ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) жоопкерчилигин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жогорулатуу.
4. Конкреттүү жалпы билим берүү программасынын (башталгыч жалпы, негизги жалпы жана (же) орто жалпы билим берүү) алкагында жалпы билим берүү уюмунан сырткары үй-бүлөлүк билим берүү формасында (мындан ары - үй-бүлөлүк билим берүү формасы) билим алуучунун жалпы билим алуусу үчүн бирдиктүү Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты жана предметтик стандарттар (мындан ары - мамлекеттик билим берүү стандарты) колдонулат.
5. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) билим берүү - адамдын, үй-бүлөнүн, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгында жүзөгө ашырылуучу окутуунун, тарбиялоонун жана өнүктүрүүнүн бирдиктүү, максаттуу процесси, ошондой эле алынган билимдердин, көндүмдөрдүн, баалуулуктардын жана компетенциялардын жыйындысы;
2) билим берүү программасы - конкреттүү деңгээлдин же адистиктин максатын, милдетин, пландалган жыйынтыктарын, билим берүү процессин уюштурууну аныктоочу конкреттүү деңгээлдеги билим берүүнүн, багыттын же адистиктин мазмуну;
3) өзгөчө билим берүү муктаждыктары - билим алуучунун керектөөлөрүн канааттандырууда атайын шарттарды жана чөйрөнү түзүү, анын максималдуу мүмкүн болгон өнүгүүсү жана билим алуусу үчүн атайын билим берүү кызматтарын көрсөтүү менен атайын билим берүү технологияларын пайдалануу талап кылынган билим алуучунун керектөөлөрү;
4) билим алуучу - билим берүүнүн бардык деңгээлинде билим берүү программасын өздөштүрүүчү адам;
5) үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча аймактык бөлүм - балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча кызматтарды көрсөтүү боюнча кызматтардын системасын түзгөн органдардын тизмегине кирген балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча адистештирилген орган;
6) инклюзивдик билим берүү - билим берүү муктаждыктарынын ар түрдүүлүгүн жана жеке мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен бардык билим алуучулар үчүн билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
7) балдар иштери боюнча аймактык комиссия - бул өз ишин мезгилдүү негизде жүзөгө ашыруучу, турмуштук оор кырдаалда турган балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо системасынын коллегиялуу органы;
8) үй-бүлөлүк билим берүү формасы - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык тийиштүү билим берүү уюмунда аралык жана жыйынтык аттестациядан өткөн шартта билим берүү программасын билим берүү уюмунан сырткары окууну караган, билим алуучулардын бардыгы үчүн жеткиликтүү болгон билим алуу формасы;
9) билим берүү процессинин катышуучулары - билим алуучулар, педагогикалык кызматкерлер, билим берүү уюмдарынын окутуучу-көмөкчү жана башкаруу персоналы, билим алуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү), иш берүүчүлөр, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү;
10) билим берүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - билим берүү жана илим чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу, Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган;
11) окутула турган балдарды эсепке алуу - бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарына таандык болгон, жашаган (турган) жери боюнча каттоосунун бар же жок экендигине карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган, башталгыч жалпы, негизги жалпы, орто жалпы билим алуу программалары боюнча окутулууга тийиш болгон балдарды эсепке алуу тартиби;
12) жалпы билим берүү уюмунун аймагында жашаган адам - жашаган жери боюнча каттоосу же жалпы билим берүү уюмунун аймагында турган жери боюнча каттоосу бар бала же жаран;
13) формалдуу билим берүү - менчигинин түрүнө карабастан, билим берүү уюмдары тарабынан берилүүчү жана мамлекеттик билим берүү стандарттары менен регламенттелүүчү билим берүү;
14) билим алуу формасы - билим берүү кызматтарын көрсөтүү билим алуучунун жеке муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алган окутуунун ар кандай формаларында: күндүзгү, күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окуу, экстернат, ошондой эле үй-бүлөлүк билим берүү жана жеке окутуу, анын ичинде үйдөн окутуу формасында жүзөгө ашырылат;
15) билим берүүнү башкаруунун аймактык органы - билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын балдарды окутуу, тарбиялоо, багуу жана өнүктүрүү маселелери боюнча аймактык бөлүмү.
2-глава. Үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алуучулар үчүн билим берүү процессин уюштуруу тартиби
6. Үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алуучулардын билим алуу процессин уюштуруу, аларды окууга кабыл алуу же чыгаруу жол-жоболорун аткаруу билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте "Үй-бүлөлүк билим берүү формасы" мобилдик тиркемеси аркылуу "Күндөлүк" автоматташтырылган маалыматтык системасынын бирдиктүү билим берүү мейкиндигинин санариптик платформасында (мындан ары - бирдиктүү билим берүү мейкиндигинин санариптик платформасы) жүзөгө ашырылат:
1) үй-бүлөлүк билим берүү формасында окутууга билим алуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) арыздарын каттоо;
2) бирдиктүү билим берүү мейкиндигинин санариптик платформасында ар бир уюм жана мекеме, ар бир билим алуучу жана анын ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) үчүн жеке профилдерди киргизүү менен мамлекеттик органдарды жана мекемелерди, анын ичинде билим берүүнү башкаруунун аймактык органын, балдар иштери боюнча аймактык комиссияны, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча аймактык бөлүмдү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын жана билим алуучу бекитилген жалпы билим берүү уюмун (мындан ары - бекитилген билим берүү уюму) өз ара байланыштырган бирдиктүү билим берүү санариптик мейкиндигин түзүү;
3) үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алуучунун жеке маалыматтары жөнүндө бирдиктүү билим берүү мейкиндигинин санариптик форматында документ жүгүртүүнү түзүүнүн жана сактоонун тизмеги жана мөөнөттөрү;
4) билим алуучунун бир эле жалпы билим берүү уюмунун базасында окутуунун күндүзгү (же башка) формасынан үй-бүлөлүк билим берүү формасына же бир жалпы билим берүү уюмунан башка жалпы билим берүү уюмуна үй-бүлөлүк билим берүү формасына кабыл алууга/чыгарууга окуу жылынын ичинде жана каникул күндөрдүн убагында жол берилет;
5) башталгыч жалпы, негизги жалпы жана (же) орто жалпы билим берүү программалары боюнча окутулууга тийиш болгон мектеп жашындагы балдардын тиешелүү аймакта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан камтылышын системалуу эсепке алуу жана көмөк көрсөтүү тартиби Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат;
6) санариптик маалымат базасын түзүү булактары болуп үй-бүлөлүк билим берүү формасын тандоо жөнүндө билим алуучунун ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) арызы, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча аймактык бөлүмдүн корутундусу, балдар иштери боюнча аймактык комиссиянын чечими, билим берүүнү башкаруунун аймактык органынын кабарламасы жана ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык башка тиешелүү документтер эсептелет;
7) үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алуучулар жөнүндө санариптик маалымат базасын түзүүдө ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдугу менен алынган алардын жеке маалыматтары колдонулат.
7. Санариптик платформада билим алуучу жөнүндө жеке маалымат билим берүүнү башкаруунун аймактык органынын, балдар иштери боюнча аймактык комиссиянын, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча аймактык бөлүмдүн, тиешелүү аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана бекитилген жалпы билим берүү уюмунун ортосунда "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык аларды эсепке алуунун жүрүшүндө чогултулууга, өткөрүп берилүүгө, сакталууга жана пайдаланылууга тийиш.
8. Билим алуучунун үй-бүлөлүк билим берүү формасын тандоо укугун ишке ашыруу анын пикирин эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
9. Санариптик платформанын бирдиктүү билим берүү мейкиндигинде билим алуучунун, арыз берүүчүнүн (ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн) төмөндө көрсөтүлгөн жеке маалыматтары (документтер менен бирге), анын ичинде мектеп жашындагы жашы жете элек балдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү тиешелүү аймактык мамлекеттик органдардын (мекемелердин) корутундулары, чечимдери жана кабарламалары ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык иштетилет жана сакталат:
9.1. Билим алуучунун жеке маалыматтары:
1) билим алуучунун, арыз берүүчүнүн (ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлүнүн) фамилиясы, аты, атасынын аты;
2) билим алуучунун жынысы;
3) билим алуучунун туулган күнү, айы, жылы (мындан ары - дата);
4) арыз ээсинин/мыйзамдуу өкүлүнүн байланыш телефондорунун номерлери;
5) арыз ээсинин/мыйзамдуу өкүлүнүн электрондук дареги.
9.2. Билим алуучунун жеке документтери санариптик платформанын бирдиктүү билим берүү мейкиндигине бекитилет:
1) билим берүү программасын өздөштүрүү деңгээли (башталгыч жалпы, негизги жалпы же орто жалпы), окутуу классы, окутуу тили жөнүндө мектептен маалымкат;
2) билим алуучунун ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкат;
3) билим алуучунун жашаган жери боюнча же жашаган жерине жанаша жайгашкан билим берүү уюмунун аймагында турган жери боюнча катталгандыгы жөнүндө маалымкат;
4) билим алуучунун жана анын ата-энесинин биринин (мыйзамдуу өкүлүнүн) ким экендигин ырастоочу документтер (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же паспорт);
5) камкорчулукту же көзөмөлчүлүктү белгилөөнү ырастаган документ (билим алуучунун камкорчулары, көзөмөлчүлөрү, багып алган ата-энеси үчүн);
6) үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча аймактык бөлүмдүн корутундусу;
7) балдар иштери боюнча аймактык комиссиянын чечими;
8) билим берүүнү башкаруунун аймактык органынын кабарламасы жана башкалар.
10. Ата-эне (мыйзамдуу өкүл) билим алуучунун билим алуу формасын үй-бүлөлүк билим берүү формасына которууга уруксат алуу үчүн бирдиктүү билим берүү мейкиндигинин санариптик платформасына төмөнкүлөрдү каттайт:
1) арыз;
2) ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча билим алуучунун жана анын ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу;
3) билим алуучунун билим берүү программасын өздөштүрүү деңгээли (башталгыч жалпы, негизги жалпы же орто жалпы), классы жана окутуу тили жөнүндө мектептен маалымкат;
4) ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкат;
5) билим алуучунун жашаган жери боюнча же жашаган жерине жанаша жайгашкан билим берүү уюмунун аймагында турган жери боюнча катталгандыгы жөнүндө маалымкат;
6) билим алуучунун жана анын ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) биринин ким экендигин ырастоочу документтер (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же паспорт);
7) камкорчулуктун же көзөмөлчүлүктүн белгиленгендигин (билим алуучунун камкорчулары, көзөмөлчүлөрү, багып алган ата-энеси үчүн) ырастаган документ.
11. Билим алуучунун ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) ушул Жобонун 6-10-пункттарында аныкталган талаптардын негизинде бирдиктүү билим берүү мейкиндигинин санариптик платформасында үй-бүлөлүк билим берүү формасын тандоо жөнүндө арызды жана тиешелүү документтерди каттайт.
12. Билим алуучуга үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алууга уруксат берүү жөнүндө ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) арызын кароо тартиби аймактык башкаруу органдары жана мекемелер тарабынан жүзөгө ашырылат, документтер бирдиктүү билим берүү мейкиндигинин санариптик платформасында катталат:
1) бирдиктүү билим берүү мейкиндигинин санариптик платформасында катталган ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) арызы жана билим алуучунун зарыл болгон документтери ушул Жобонун 9, 10-пункттарында көрсөтүлгөн талаптардын негизинде тиешелүү аймактык органдар жана мекемелер тарабынан жалпысынан 14 жумуш күндүн ичинде каралат;
2) билим берүүнү башкаруунун аймактык органы ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн билим алуучунун ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) арызы жана берилген документтер катталган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде документтерге экспертиза жүргүзөт;
3) документтер толук болгон учурда үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча аймактык бөлүм алар тарабынан арыз каралгандыгы жана балдар иштери боюнча комиссияга корутунду жөнөтүлгөндүгү жөнүндө кабарлайт;
4) билим алуучунун документтери толук болбогон учурда тиешелүү документтердин жоктугуна байланыштуу арызды кароодон баш тартылгандыгы жөнүндө арыз ээсине жазуу жүзүндө кабарлайт;
5) үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча аймактык бөлүм билим берүүнү башкаруунун аймактык органынан кабарламаны алган күндөн тартып арызды 3 (үч) жумуш күндүн ичинде карайт жана корутундуну бирдиктүү билим берүү мейкиндигинин санариптик платформасы аркылуу балдар иштери боюнча аймактык комиссиянын кароосуна жиберет. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча аймактык бөлүм билим алуучунун билим алуу формасын которуу жөнүндө корутундусун (оң же терс) кабыл алууда баланын дене-бой жана психологиялык абалы жөнүндө тиешелүү медициналык документтерге, атайын билим берүү муктаждыктарына жана үй-бүлөдө жашоонун коопсуз шарттарына негиздейт;
6) балдар иштери боюнча аймактык комиссия үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча аймактык бөлүмдөн бирдиктүү билим берүү мейкиндигинин санариптик платформасында корутундуну алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде билим алуучуга үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алууга уруксат берүү же бербөө жөнүндө акыркы чечимин чыгарат. Балдар иштери боюнча аймактык комиссиянын үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алуучуга билим алууга уруксат берүү же бербөө жөнүндө чечими бардык тартылган органдар жана мекемелер үчүн акыркы чечим болуп саналат. Балдар иштери боюнча аймактык комиссиянын чечими бирдиктүү билим берүү мейкиндигинин санариптик платформасында билим берүүнү башкаруунун аймактык органына аткаруу үчүн катталат;
7) билим берүүнү башкаруунун аймактык органы балдар иштери боюнча аймактык комиссиянын чечиминин, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча аймактык бөлүмдүн корутундусунун негизинде, ошондой эле ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) макулдугу боюнча бирдиктүү билим берүү мейкиндигинин санариптик платформасында катталган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык электрондук журналга каттайт, үй-бүлөлүк билим берүү формасына кабыл алуу үчүн үй-бүлө катталган жери боюнча жалпы билим берүү уюмуна билим алуучуну бекитүү жөнүндө буйрук чыгарат, ал жөнүндө жазуу жүзүндө бекитилген жалпы билим берүү уюмуна жана ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык арыз ээсине кабарлайт. Билим берүүнү башкаруунун аймактык органы бирдиктүү билим берүү мейкиндигинин санариптик платформасында билим алуучуну жалпы билим берүү уюмуна бекитүү жөнүндө буйруктун, ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө) жана бекитилген жалпы билим берүү уюмуна жиберилген кабарламанын көчүрмөлөрүн жайгаштырат, мамлекеттик билим берүү стандартында каралган үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алуучунун аралык, көчүрүү жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун натыйжаларына жыл сайын (окуу жылынын башында жана аягында) мониторинг жана талдоо жүргүзөт;
8) бекитилген жалпы билим берүү уюму билим берүүнү башкаруунун аймактык органынан кабарлама алгандан кийин бир жумуш күндүн ичинде бирдиктүү билим берүү мейкиндигинин санариптик платформасында жайгаштырылган тиешелүү документтер болсо, билим алуучуну окутуунун күндүзгү (же башка) формасынан үй-бүлөлүк билим берүү формасына кабыл алуу жөнүндө буйрук чыгарат жана кабыл алуу жөнүндө кабарламаны ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө), тиешелүү аймактык органдарга жана мекемелерге жөнөтөт. Бекитилген жалпы билим берүү уюму кызыкдар жактар үчүн буйрукту жана кабарламаны бирдиктүү билим берүү мейкиндигинин санариптик платформасына жайгаштырат.
13. Тиешелүү аймактык башкаруу органдары жана мекемелер (үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча аймактык бөлүм, балдар иштери боюнча аймактык комиссия, билим берүүнү башкаруунун аймактык органы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бекитилген жалпы билим берүү уюму жана башкалар) бирдиктүү билим берүү мейкиндигинин санариптик платформасында жайгаштырылган үй-бүлөлүк билим берүү формасында окутуу үчүн билим алуучунун жашоо шартынын абалынын маалыматтарынын жана актыларынын тууралыгы, актуалдуулугу үчүн жоопкерчилик тартат.
14. Бирдиктүү билим берүү мейкиндигинин санариптик платформасында билим алуучунун ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) биринин гана арызы катталат.
15. Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам болуп саналган билим алуучунун ата-энеси (мыйзамдуу өкүлү) арыз ээсинин туугандыгын (же баланын укугун берүүнүн мыйзамдуулугун) ырастоочу документти кошумча көрсөтөт. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар апостиль коюлган бардык документтерди мамлекеттик же расмий тилде же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу менен кошо берет.
16. Билим берүүнү башкаруунун аймактык органы бирдиктүү билим берүү мейкиндигинин санариптик платформасында катталган арызды кароодон баш тартуу жөнүндө ата-энеге (мыйзамдуу өкүлгө) электрондук дарекке төмөнкү учурларда кабарлоо жөнөтөт:
1) ушул Жобонун 8, 10-пункттарында көрсөтүлгөн тиешелүү документтер жок болгон учурда;
2) арыз ээсинин балага туугандыгын (же ага баланын укугун берүүнүн мыйзамдуулугун) ырастоочу документтер жетишпеген учурда;
3) учурдагы жылдын 1-сентябрына карата үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы билим берүү уюмуна тапшыруучу беш жарым жашка толбосо;
4) санариптик платформанын бирдиктүү билим берүү мейкиндигинде билим алуучунун бекитилген санариптик документтери билдирилген талаптарга ылайык келбесе;
5) арыз ээси талап кылынган документтерди дайындалган мөөнөттө санариптик платформанын бирдиктүү билим берүү мейкиндигинде бекитпесе;
6) билим алуучуга бирден ашык арыз келип түшсө.
3-глава. Үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алууну бекитилген жалпы билим берүү уюмуна кабыл алуу тартиби
17. Билим берүүнү башкаруунун аймактык органынан билим алуучунун (баланын пикирин эске алуу менен) үй-бүлөлүк билим берүү формасында окууга кабыл алууга карата ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдүн) арызын канааттандыруу жөнүндө алынган кабарлоо болгон учурда бекитилген жалпы билим берүү уюму бардык тартылган аймактык органдарды, мекемелерди жана ата-энелерди (мыйзамдуу өкүлдөрдү) бирдиктүү билим берүү мейкиндигинин санарип платформасында маалымдоо үчүн документтердин көчүрмөлөрүнүн синхрондоштурууну жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат, документтердин кагаз түп нускаларынан сканерлөө жолу менен түзүлгөн PDF файлдарды төмөнкү тартипте тиркейт:
1) билим алуучуну үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алууга кабыл алуу жана (же) чыгаруу жөнүндө буйрук;
2) билим алуучуну үй-бүлөлүк билим берүү формасын тандоосуна байланыштуу жалпы билим берүү уюмунун күндүзгү (же башка) окутуу формасынан чыгарылгандыгы жөнүндө маалымат (6-тиркеме);
3) билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте аралык, көчүрүү жана (же) мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияны уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин регламенттөөчү жалпы билим берүү уюмунун ички иш тартиби жана локалдык актылары менен билим алуучунун ата-энесин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) тааныштыруу жөнүндө маалымкат;
4) жалпы билим берүү уюмунун мөөрү жана анын жетекчисинин (ал ыйгарым укук берген адам) колу менен күбөлөндүрүлгөн окутулган окуу предметтеринин тизмесин жана академиялык сааттардын көлөмүн, аралык (чейректик, жарым жылдык жана жылдык), көчүрүү жана мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоонун жетишкендиги) тапшыруунун жыйынтыктары боюнча белгилерди көрсөтүү менен ведомость;
5) ден соолугунун абалы тууралуу медициналык маалымкат.
18. Билим алуучулардын аралык, көчүрүү жана (же) жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан өтүүсү үчүн бекитилген жалпы билим берүү уюму:
1) үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алуучунун окууга кирүүсү буйрук менен бекитет;
2) аралык, көчүрүү жана (же) мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияны өткөрүү тартиби жөнүндө локалдык актыны иштеп чыгат жана бекитет;
3) билим алуучунун ата-энесине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) аралык, көчүрүү жана (же) мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияны өткөрүү тартиби жөнүндө жана жогоруда аталган аттестация башталганга чейин эки жума мурда маалыматты кол койдуруу менен жазуу жүзүндө маалымдайт;
4) билим берүүнү башкаруунун аймактык органынын уруксаты менен үй-бүлөлүк билим берүү формасындагы билим алуучуну анын билим деңгээлине ылайык келген класс-комплектке кабыл алуу жүргүзүлөт. Бекитип берилген жалпы билим берүү уюму чек арага жакын райондордо жайгашкан башка учурларда билим алуучуну ар кандай курактагы класс-комплекттерге да бекитүүгө уруксат берилет. Түзүлгөн класс-комплектте үй-бүлөлүк билим берүү формасындагы билим алуучуну класстык журналдагы билим алуучулардын жалпы тизмесине "Үй-бүлөлүк билим берүү" деген эскертүү менен киргизилет жана бирдиктүү билим берүү мейкиндигинин санариптик платформасында катталат;
5) билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте билим алуучунун өздүк делосун жүргүзөт, зарыл болгон учурда жалпы билим берүү программасы боюнча аттестациянын бардык түрлөрүнүн жана формаларынын жыйынтыктарында алынган бааларды, окуу предметтеринин аталышын көрсөтүү менен билим алуучунун аралык жана (же) көчүрүү аттестациясын өтүүсүнүн натыйжалары жөнүндө маалымкат берет. Маалымкаттын формасы бекитилген жалпы билим берүү уюмунун локалдуу ченемдик актысы менен бекитилет;
6) негизги жалпы билим же орто жалпы билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн жыйынтыгы менен мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан ийгиликтүү өткөн учурда билими жөнүндө документ берет;
7) жалпы билим берүү уюму же билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан дайындалган аралык, көчүрүү жана (же) мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияны өткөрүү мөөнөтүндө себепсиз келбей калган билим алуучу боюнча билим берүүнү башкаруунун аймактык органына, балдардын иштери боюнча аймактык комиссияга 3 жумуш күндүн ичинде, ошондой эле билим алуучунун ата-энесин (мыйзамдуу өкүлүн) жалпы билим берүү уюмунда окуусун улантуудан баш тарткандыгы жана белгиленген мөөнөттө предметтерден академиялык карыздарын жойбогондугу тууралуу фактыны маалымдайт;
8) билим берүүнү башкаруунун аймактык органына жыл сайын 20-июлга чейинки мөөнөттө билим алуучунун аралык, көчүрүү жана (же) мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан өткөрүүнүн натыйжалары жөнүндө, академиялык карызы пайда болгон учурда - билим алуучунун аны жоюу чаралары боюнча маалымат жиберет;
9) билим алуучу үй-бүлөлүк билим берүү формасын билим берүүнүн күндүзгү (же башка) формасына алмаштырган учурда билим берүүнү башкаруунун аймактык органына жана балдар иштери боюнча аймактык комиссияга токтоосуз маалымдайт.
19. Жалпы билим берүү уюму билим алуучуга аралык, көчүрүү жана (же) мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан өтүү үчүн шарттарды түзөт, ал эми билим алуучу академиялык карызын жойбосо, анын өз убагында жоюлушун контролдоону камсыз кылат:
1) аттестацияны өткөрүүнүн формасын, мөөнөтүн жана тартибин аныктайт жана маалыматты ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө) жана билим алуучуга жеткирет;
2) билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипке ылайык билим алуучуга жана ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө) аралык, көчүрүү, жылдык жана (же) мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияга даярдык көрүүдө методикалык жардамды уюштурат;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын билим алуучуларынын жалпы республикалык тестирлөөсүнө каттоону (ыктыярдуу негизде) камсыз кылат;
4) академиялык карызды жоюу боюнча консультациялык күндөрдүн графигин жана бекитилген жалпы билим берүү уюмунун базасында консультацияларды өткөрүүнү уюштурат;
5) мектеп китепканасына жана лабораторияларына келүү графигин уюштурат;
6) билим алуучуну жана анын ата-энесин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) аралык, көчүрүү жана (же) мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияларды өткөрүү тартиби жөнүндө маалымат, ошондой эле бекитилген жалпы билим берүү уюмунун, билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн компетенциясына ылайык сайттарында ачык формада жеткиликтүү экзамендик материалдар менен камсыз кылат;
7) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн жалпы билим берүү уюмунда атайын шарттарды түзүү маселелери боюнча ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен консультацияларды өткөрүүнү уюштурат, аралык, көчүрүү жана мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияларды өткөрүү убагында зарыл болгон техникалык каражаттарды даярдайт;
8) билим алуучуларды ден соолугунун абалы боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон бошотуу үчүн зарыл болгон документтерди даярдоо маселелери боюнча ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө) консультацияларды жана (же) үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алууну улантууга сунуштар менен баланын өнүгүү өзгөчөлүктөрүн ырастаган психологиялык-медициналык-педагогикалык комиссиялардын корутундуларына консультацияларды уюштурат;
9) билим алуучулардын аудиторияга, китепканаларга жана башка жайларга тоскоолдуксуз кирүүсүн, ошондой эле алардын көрсөтүлгөн жайларда болуусун (пандустардын, кармагычтардын, кеңейтилген эшиктердин болушу, лифттер жок болсо аудитория биринчи кабатта жайгашууга тийиш, атайын отургучтардын жана башка шаймандардын болушу) камсыз кылат.
20. Билим алуучуга жалпы башталгыч, жалпы негизги жана (же) жалпы орто жалпы билим алуу үчүн жашаган жана (же) иш жүзүндө жашаган жерине карата жалпы билим берүү уюмуна бекитүүгө кепилдик берилет.
21. Билим алуучу бекитилген жалпы билим берүү уюмуна киргенде мыйзамдарда каралбаган кандайдыр бир чектөөлөргө жол берилбейт. Үй-бүлөлүк билим берүүдө билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде билим алуучуларга кирүү сынактарын өткөрүүгө тыюу салынат.
22. Үй-бүлөлүк билим берүү формасында биринчи жана экинчи класстардын билим алуучулары үчүн аралык аттестациялоодо жетишкендиктердин ийгилигин баалоо үчүн сапаттык жана сыпаттоо ыкмаларын пайдалануу менен белги коюлбай жүргүзүлөт. Белги коюуну киргизүү 3-класстан башталат, анда белгилер баалоонун сапаттык да, сыпаттык да ыкмалары колдонулат.
23. Үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алуучуга аралык, көчүрүү жана (же) мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияны өткөрүү билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
24. Билим алуучунун жашаган жери өзгөргөн учурда балдардын иштери боюнча аймактык комиссиянын жана билим берүүнү башкаруунун аймактык органынын чечими боюнча аны жаңы жашаган жана (же) иш жүзүндө жашаган жери боюнча башка жалпы билим берүү уюмуна которууга жана бекитүүгө жол берилет.
25. Жалпы билим берүү уюму педагогикалык максатка ылайыктуулук менен шартталган аралык, көчүрүү, жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияларды өткөрүүдө баалоо методдорун колдонууга, ата-энеден (мыйзамдуу өкүлдөн) жана билим алуучудан окуу жүктөмүн толук көлөмдө аткарууну талап кылууга, билим алуучуну жетишүүсүнө жараша баалоого, эгерде үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген категорияга кирсе, окуу китептерин пайдалангандыгы үчүн ижара акысынан бошотууга же жеңилдетилген шарттарды белгилөөгө, билим алуучу жана анын ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) тарабынан ички тартип эрежелерин, жүрүм-турумдун этикалык ченемдерин жана уставды сактоону талап кылууга укуктуу.
4-глава
Ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) жана үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алуучулардын укуктары жана милдеттери
26. Ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) жана үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алуучулардын укуктары жана милдеттери "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталат.
27. Билим алуучунун билим алуусунун кайсы болбосун этабында ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) төмөнкүлөргө укуктуу:
1) балдар иштери боюнча аймактык комиссия тарабынан оң чечим болгон шартта балага үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы башталгыч, жалпы негизги жана (же) жалпы орто билим берүү;
2) аттестация канааттандырарлык же канааттандырарлык эмес болгон учурда билим алуучу окутуунун кайсы болбосун этабында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык окутуунун күндүзгү же башка формасына которулуу менен жалпы билим берүү уюмунда билимин улантууга укуктуу;
3) акысыз негизде методикалык жана психологиялык-педагогикалык консультациялык жардам алуу;
4) билим алуучуларды зарыл болгон окуу китептери менен, анын ичинде ижара негизинде, ошондой эле ишке ашырылып жаткан билим берүү программаларынын алкагында бекитилген жалпы билим берүү уюмунда китепканалык жана маалыматтык ресурстарга акысыз жетүү менен камсыз кылуу.
28. Билим алуучунун билим алуусунун кайсы этабында болбосун ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык башталгыч жалпы, негизги жалпы жана (же) орто жалпы билим берүү программалары боюнча баланын билимди, жөндөмдү, көндүмдөрдү өздөштүрүүнү, билимди күнүмдүк турмушта колдонуу тажрыйбасына ээ болуу, жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү жана баланын билим алууга умтулуусун калыптандыруу боюнча окуу ишин камсыздоого;
2) балага бекитилген жалпы билим берүү уюмунда анын уставына ылайык окутуу жүргүзүлүп жаткан окутуунун тилин тандоого;
3) билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик жана укуктук актыларынын талаптарына ылайык окуу жылынын ичинде аралык, көчүрүү жана (же) жыйынтыктоочу аттестациядан өтүү үчүн бекитилген жалпы билим берүү уюмуна кайрылууга;
4) баланын аралык, көчүрүү жана (же) жыйынтыктоочу аттестациядан өтүүсү үчүн жалпы билим берүү уюму аныктаган мөөнөттө бекитилген жалпы билим берүү уюмуна келүүсүн камсыз кылууга;
5) баланын бир же бир нече окуу предметтери боюнча аралык жана (же) көчүрүү аттестациясында канааттандырарлык эмес жыйынтык алган учурда академиялык карызды жоюу үчүн шарттарды түзүүгө жана аны өз убагында жоюлушун камсыз кылууга;
6) баланын кадыр-баркын сыйлоого, эмгекчилдик, боорукердик, кайрымдуулук сезимдерин тарбиялоого, үй-бүлөгө, улууларга, мамлекеттик жана эне тилине, элдик каада-салттарга жана үрп-адаттарга сый мамиле кылууга тарбиялоого;
7) элдин улуттук, тарыхый, маданий баалуулуктарын урматтоого, тарыхый-маданий мурастарга жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга, ата мекенди сүйүүгө, гуманизмге жана жалпы адамзаттык баалуулуктарга артыкчылык берүүгө, жарандуулукка жана мекенчилдикке тарбиялоого;
8) билим берүү процессинин системалуулугун жана үзгүлтүксүздүгүн, окутуунун светтик мүнөзүн камсыз кылууга;
9) бекитилген жалпы билим берүү уюму менен туруктуу кызматташууну (педагогдордун жеке консультацияларына катышуу, балдарды окутуу жана тарбиялоо боюнча педагогдордун сунуштарын аткаруу) колдоого;
10) балага билим берүү уюмунан сырткары окуу ишинин процессинде ар тараптуу өнүгүү, анын жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү, ден соолукту коргоону камсыз кылуу, башталгыч жалпы, негизги жалпы жана (же) орто билим алууда окутуунун светтик мүнөзүн ишке ашыруу үчүн талаптагыдай жагымдуу шарттарды түзүүгө, анын дене-бой жана психикалык саламаттыгы жөнүндө дайыма кам көрүүгө;
29. Үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алуучулардын укуктары жана милдеттери:
1) билим алуучуну жалпы башталгыч, жалпы негизги жана (же) жалпы орто билим алуу үчүн анын жашаган жана (же) иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча жалпы билим берүү уюмуна бекитип берүү кепилденет;
2) билим берүү программасын толук көлөмдө ишке ашыруу үчүн үй-бүлөлүк билим берүү формасын колдонгон жалпы билим берүү уюмдарында билим алуучулар билим алуучулардын бардык укуктарына жана милдеттерине, ал эми окуусун аяктаганда билими жөнүндө документтерди алуу укугуна ээ;
3) билим алуучулар мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарынын деңгээлинде билим берүү программаларын өздөштүрүүгө, ички тартип эрежелерин сактоого, жүрүм-турумдун этикалык ченемдерин сактоого, жалпы улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды урматтоого, бекитилген жалпы билим берүү уюмуна келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
5-глава. Корутунду жоболор
30. Үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алуучуну акысыз медициналык тейлөө атайын бекитилген саламаттык сактоо органы жана медициналык кызматкер тарабынан камсыз кылынат, ал бекитилген жалпы билим берүү уюмунун администрациясы менен катар аралык, көчүрүү жана мамлекеттик аттестацияларды уюштурууда дарылоо-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү жана санитардык-гигиеналык ченемдердин сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
31. Жалпы билим берүү уюму баалоо системасын, окутуунун жана тарбиялоонун формаларын, каражаттарын жана методдорун, ошондой эле билим алуучуларды аралык, көчүрүү экзамендеринин мезгилдүүлүгүнүн жана формаларынын тартибин тандоодо билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү чечимдерин жетекчиликке алат.
32. Жеке менчик формасындагы жалпы билим берүү уюмунун үй-бүлөлүк билим берүү формасындагы билим алуучуну бекитүүнүн тартиби ушул Жободо көрсөтүлгөн талаптардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык так бир тараптан ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн), экинчи тараптан жеке менчик формасындагы жалпы билим берүү уюмунун уюштуруучуларынын өз ара макулдашуусу боюнча жүзөгө ашырылат.
33. Үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алуучуну класстан класска көчүрүү, аралык (көчүрүү экзамендерин) жана жыйынтыктоочу аттестация өткөрүү билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте бекитилген жалпы билим берүү уюму тарабынан жүзөгө ашырылат.
34. Балдар иштери боюнча аймактык комиссиянын жана билим берүүнү башкаруунун аймактык органынын чечимисиз бекитилген билим берүү уюмунан үй-бүлөлүк билим берүү формасында окуп жаткан баланы окуудан чыгарууга жол берилбейт.
Begin_nocompare
Үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы билим алуу тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме
Билим берүүнү башкаруунун аймактык органынын аталышы _________________________________,
баланын ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) аты-жөнү _________________________________,
жашаган жери боюнча (барган жери боюнча) катталган дареги: _________________________________,
тел.: _____________________________,
е-mail: ____________________________
Билим берүү уюмунан сырткары үй-бүлөлүк билим берүү формасын тандоо жөнүндө АРЫЗ Мен ___________________________________________________________________________________________, (жашы жете элек баланын ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) аты-жөнү) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык баланын _______________________________________________________________________________ ата-энеси катары (жашы жете элек билим алуучунун аты-жөнү, туулган датасы) _________________________________________________________ баштап _________________ чейин үй-бүлөлүк (датасын көрсөтүү керек) билим берүү формасында жалпы билим алуу формасын аныктадым. Билим алуу формасын жана окутуу формасын тандоо жөнүндө чечим баланын пикирин эске алуу менен кабыл алынды. Аралык, жылдык жана (же) мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан өтүү үчүн биз төмөнкү билим берүү уюмун тандадык: ________________________________________________________________________________________________________. (билим берүү уюмунун аталышы) Бала мурун _________________________________________________________________________________-класста окуган. (бала мурун окуган билим берүү уюмун көрсөтүү керек) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык билим алган баланын ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) билим берүү чөйрөсүндөгү укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги менен тааныштым.
Датасы: 20___-жылдын "____"__________. Колу: _______________________________ Мен жашаган жеримди которгон учурда бекитилген жалпы билим берүү уюмуна жана билим берүүнү башкаруунун аймактык органына жазуу жүзүндө маалымат берүүгө милдеттенем.
Датасы: 20___-жылдын "____"____________. Колу: _________________________________ Каттоо номери: 20___-жылдын "____"_____________ №___________.
Үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы билим алуу тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме
Жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук Мен ______________________________________________________________________________________________________, (ата-эненин же мыйзамдуу өкүлдүн аты-жөнү толугу менен) __________________________________________________________________________________________________________, (ким экендигин ырастаган документ: сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген) ______________________________________________________________________________________ дареги боюнча жашаган, байланыш телефону _______________________________________ "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык билим берүүнү башкаруунун аймактык органына төмөнкү жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берем: ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдүн) аты-жөнү; ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдүн) паспорттук маалыматтары; жашаган (турган) жери боюнча каттоо дареги; байланыш телефондору; электрондук почтанын дареги; ошондой эле баланын аты-жөнү; жашы жете элек билим алуучунун туулган күнү; үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алуу формасын тандап алганга чейин жашы жете элек баланын окуган жери, классы, ______________________________________________________________________________________________________________ (жашы жете элек билим алуучунун аты-жөнү толугу менен) билим берүү уюмунун аймагында жашаган жалпы башталгыч, жалпы негизги, жалпы орто билим берүү программалары боюнча окутулууга тийиш болгон балдарды өз убагында эсепке алууну уюштуруу максатында _______________________________ _____________________________________________________________________________________________________________ жана билим берүү уюмдарынан сырткары үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алуучуга берилет. Жогоруда көрсөтүлгөн операторго менин жеке маалыматтарымды жана көрсөтүлгөн баланын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу, анын ичинде жеке маалыматтарды чогултуу, системалаштыруу, топтоо, сактоо, тактоо (жаңыртуу, өзгөртүү), пайдалануу, берүү (берүү, кирүү), блоктоо, өчүрүү, жок кылуу боюнча бардык аракеттерди жүзөгө ашырууга укук берем. "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 редакциясында) ылайык операторго жогоруда аталган маалыматтарды үчүнчү жактарга берүүгө укуктуу болгон операторго баламдын жеке маалыматтарын иштетип чыгууга макулдук берем. Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу максаттары жана мындай маалыматтарды иштеп чыгуу мөөнөтү талап кылгандан узак эмес жүргүзүлөт жана көрсөтүлгөн максаттарга жеткенде жана (же) бул баланын окуусун аяктаганына жана негизги жалпы жана (же) орто жалпы билим жөнүндө белгиленген үлгүдөгү документти алгандыгына байланыштуу токтотулат. Бул макулдук ага кол койгон учурдан тартып операторго жазуу жүзүндө бул макулдук кайра чакыртылып алынган датага чейин; билим алууга (окууну аяктоого); жеке маалыматтарды иштеп чыгуу (анын ичинде сактоо) мөөнөтү аяктаганына байланыштуу колдонулат. Мен оператордун дарегине тиешелүү жазуу жүзүндөгү документти жөнөтүү аркылуу өзүмдүн макулдугумду кайтарып алуу укугум белгилүү экендигин ырастайм. "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (2022-жылдын 12-июлундагы № 61 редакциясында) жоболорунда каралган менин укуктарым жана милдеттерим мага белгилүү жана түшүнүктүү экендигин ырастайм. Берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилди.
Толтуруу датасы 20___-жылдын "___" __________ Колу: _____________________________________
Үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы билим алуу тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме
_______ / _______ окуу жылына үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алууну балдар үчүн тандоо жөнүндө ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө) кабарлоону эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
№
Кабарламанын каттоо номери
Ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдүн) аты-жөнү
Баланын аты-жөнү
Баланын туулган датасы
Классы
Окутуу мезгили
Бекитилген билим берүү уюму
Кабарлама берилген дата
1
2
Үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы билим алуу тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме
________ / ________ окуу жылына үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алуу формасын жашы жете электер үчүн тандоо жөнүндө ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) арыздарын каттоо ЖУРНАЛЫ
№
Кабарламанын каттоо номери
Ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдүн) аты-жөнү
Баланын аты-жөнү
Баланын туулган датасы
Классы
Окутуу мезгили
Тандалган билим берүү уюму
Кабарлама берилген дата
1
2
Үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы билим алуу тартиби жөнүндө жобого 5-тиркеме
ТИЛ КАТ _______________________________________________________________________________________ берилди арыз ээсинин аты-жөнү (болсо) 20__-жылдын "____" _______ төмөнкү документтер андан алынгандыгы тууралуу:
1) жашы жете элек балага үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алууга уруксат берүү жөнүндө билим берүүнү
башкаруунун аймактык органынын кабарлоосу;
2) үй-бүлөлүк билим берүү формасына өткөндүгүнө байланыштуу билим алуучуну билим берүү уюмунан күндүзгү (же башка)
формадан чыгаруу жөнүндө буйруктун (буйруктан көчүрмө) көчүрмөсү;
3) үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим берүү уюмунан сырткары билим алуу формасын алмаштырууга үй-бүлөнү
жана балдарды колдоо боюнча аймактык бөлүмдүн макулдугу (камкорчулар, көзөмөлчүлөр, билим алуучуну-баланы багып алган ата-энелер үчүн);
4) балдар иштери боюнча аймактык комиссиянын корутунду чечими;
5) жашы жете элек бала үчүн билим алуу формасын тандоо үчүн мыйзамдуу өкүлгө укук берүүчү нотариалдык күбөлөндүрүлгөн
ишеним каттын көчүрмөсү.
Кабарлоо катталды: 20__-жылдын "___" ________ №______ менен
Арыздарды жана документтерди кабыл алууга жооптуу адамдын аты-жөнү ___________________________________ Колу __________________
Үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы билим алуу тартиби жөнүндө жобого 6-тиркеме
Билим алуучуну билим берүү уюмунан сырткары үй-бүлөлүк формасында билим алууну тандоосуна байланыштуу окутуунун күндүзгү (же башка) формасынан чыгаруу жөнүндө МААЛЫМАТ
№
Билим берүүчү уюмдун аталышы
Чыгарылган билим алуучунун аты-жөнү
Туулган күнү
Чыгарылган классы
Буйрук (№, дата)
1
2
End_nocompare
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (8)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндөЗакон · 05.05.2021 · № 60
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 297 "Үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы билим алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 30.05.2025 · № 297
- Ички иштер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 25.11.2022 · № 109
- Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндөЗакон · 14.04.2008 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 12.07.2022 · № 61 · Күчүн жоготкон