Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-07-31.
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2022-жылдын 12-июлу № 61 "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
"Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 340-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 6-статьяда:
а) 4-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 5 жана 6-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Субъекттин каалоосу боюнча анын жеке маалыматтары үчүн жалпыга жеткиликтүү маалымат режими (библиографиялык маалымдамалар, телефон жана дарек китептери, жеке кулактандыруулар ж.б.) белгилениши мүмкүн. Сот акыйкаттыгын ишке ашыруу жана сот актысын аткаруу учурларында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу, улуттук коопсуздук, терроризмге жана коррупцияга каршы аракеттенүү, изин-суутпай иликтөө иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка учурларда маалымат жалпы мүнөзгө ээ болууга тийиш болгон учурлар кирбейт.
6. Жеке маалыматтардын субъекти каза болгонун мамлекеттик каттоо учурунан тартып адамга "каза болгон" деген статус берилет. Каза болгон субъекттин жеке маалыматтары архивдештирилүүгө жана сакталууга тийиш.";
в) 7-бөлүк "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жарандык" деген сөз менен толукталсын.
2-берене
Расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кире турган ушул статьянын экинчи абзацын кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2022-жылдын 2-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы билим алуу тартиби жөнүндө Жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 297 токтому менен бекитилди)Положение · 30.05.2025 · № 297
- Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2025 · № 179
- Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндөЗакон · 14.04.2008 · № 58 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2025 · № 179
- Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндөЗакон · 14.04.2008 · № 58 · Күчүн жоготкон