Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кан же анын компоненттеринин донорлоруна акчалай компенсацияларды берүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 23-апрели № 223
Кан же анын компоненттеринин донорлоруна акчалай компенсацияларды берүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 118, 119-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- канды же анын компоненттерин акысыз тапшырган донорго тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде эсептик көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө тамактанууга акчалай компенсация төлөп берүүнү камсыз кылсын;
- канды же анын компоненттерин акы үчүн тапшырган донорго бир жолу кан тапшыргандыгы үчүн тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде эсептик көрсөткүчтүн сегиз өлчөмүндө тамактанууга акчалай компенсация төлөп берүүнү камсыз кылсын;
- эки жолку плазмаферезде плазманы же анын компоненттерин акы үчүн тапшырган донорго тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде эсептик көрсөткүчтүн он эки өлчөмүндө тамактанууга акчалай компенсация төлөп берүүнү камсыз кылсын;
- тромбоциттердин эки дозасын акы үчүн тапшырган донорго тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде эсептик көрсөткүчтүн он эки өлчөмүндө акчалай компенсация төлөп берүүнү камсыз кылсын;
- эки жолку плазмаферезде иммундук плазманы акы үчүн тапшырган донорго тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде эсептик көрсөткүчтүн он алты өлчөмүндө акчалай компенсация төлөп берүүнү камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен канды же анын компоненттерин тапшырган донорго акчалай компенсацияларды төлөөнү зарыл болгон көлөмдө өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 645 "Кыргыз Республикасынын Ардактуу донорлоруна жеңилдиктерди берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 31 (3687) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2026-жылдын 12-майындагы № 493 «Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүштүк жана клиникалык трансфузиология боюнча…Приказ · 12.05.2026 · № 493
- Система поощрения доноров и установления льготных условий (Приложение 3 к приказу Министерства здравоохранения КР № 493 от 12 мая 2026 года)Приложение · 12.05.2026 · № 493
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.06.2020 · № 363
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы №645 "Кыргыз Республикасынын Ардактуу донорлоруна жеңилдиктерди берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым…Постановление · 19.10.2009 · № 645 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 14
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы №645 "Кыргыз Республикасынын Ардактуу донорлоруна жеңилдиктерди берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым…Постановление · 19.10.2009 · № 645 · Күчүн жоготкон