Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын „Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу“ мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө» токтому
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-апрелиндеги № 223 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 29-июну № 363 Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө Мектепке чейинки билим берүү системасына окутуунун инновациялык ыкмаларын киргизүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандарты тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- 2020-жылдын 30-декабрына чейин мектепке чейинки билим берүү боюнча программаларды жана окуу-методикалык колдонмолорду иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык келтирсин;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) менен биргеликте Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандартын ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 742 "Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-июлундагы № 56 (3128) жарыяланды
Премьер-министр
К.А. Боронов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандарты (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 363…Стандарт · 29.06.2020 · № 363
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрындагы № 598 "Балдарды өнүктүрүү борборлорун ачуу жөнүндө" токтомуПостановление · 07.12.2020 · № 598
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-июлундагы № 92-т (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын…Распоряжение · 12.07.2021 · № 92-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябры № 742 "Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандартын…Постановление · 23.10.2012 · № 742 · Күчүн жоготкон
- "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 742 токтому менен бекитилгенСтандарт · 23.10.2012 · № 742 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрдагы № 598 токтомуПостановление · 07.12.2020 · № 598
Шилтеме берет (5)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2025 · № 257
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Мектепке чейинки билим беруу жонундоЗакон · 29.06.2009 · № 198 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон