Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 145 «Илим, билим берүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 12-майы ПЖ № 145
Илим, билим берүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө
Илим, билим берүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө системалуу өз ара байланышты жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга багытталган мамлекеттик башкаруунун интеграцияланган жана натыйжага багытталган системасын түзүү, жогорку билим берүү, илимий жана инновациялык иштер чөйрөсүндө башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, жаш окумуштуулардын илимий-изилдөө жана инновациялык иштерге катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында төмөнкүлөр түзүлсүн:
1) мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү функцияларды жүктөө менен Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги;
2) илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иш, орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү функцияларды жүктөө менен Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия болуп кайра түзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
- он жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги;";
- төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги;".
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө:
1) белгиленген министрликтердин жоболорун жана башкаруу схемаларын бекитсин;
2) окумуштуулук даражаларды ыйгаруу жана окумуштуулук наамдарды берүү маселелерин жөнгө салуучу, төмөнкүлөргө багытталган чараларды караган тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын:
- кайталанма жол-жоболорду жана органдарды (кеңештерди) жоюуну, ошондой эле окумуштуулук даражаларды ыйгарууда жана окумуштуулук наамдарды берүүдө тиешелүү техникалык жол-жоболорду бюрократиядан арылтууну;
- ашыкча позицияларды алып салуунун эсебинен багыттарды (шифрлерди) ирилештирүү аркылуу илимий адистиктердин номенклатурасын оптималдаштырууну;
- тиешелүү дүйнөлүк рейтингдерге кирген чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары тарабынан берилген PhD даражасын ыйгаруу тууралуу дипломдорду жөнөкөйлөтүп таануу жана/же теңештирүү, анын ичинде чет өлкөлүк илимий даражаларды жана наамдарды алган жаш окумуштуулардын илимий жана инновациялык иштин ата мекендик чөйрөлөрүнө жана системаларына тартылуу потенциалын жогорулатуу үчүн механизмдерди түзүүнү;
3) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
4) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 13 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (13)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы ПЖ № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.05.2021 · № 114
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин…Указ · 12.10.2021 · № 425
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-апрели № 228 "Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин алдындагы Апелляциялык…Постановление · 07.04.2026 · № 228
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 "Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 02.07.2025 · № 391
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябры № 637 "Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку…Постановление · 06.10.2025 · № 637
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлу № 390 "Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маселелери жөнүндө"…Постановление · 02.07.2025 · № 390
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин илим, жогорку билим берүү жана инновациялар…Постановление · 11.02.2026 · № 85
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябры № 543 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 214 “Кыргыз Республикасында…Постановление · 01.09.2025 · № 543
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 5-февралы № 29 "Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык…Указ · 05.02.2026 · № 29
- КР Министрлер Кабинетинин 02.07.2025-ж., № 390 токтомуПостановление · 02.07.2025 · № 390
- КР Министрлер Кабинетинин 02.07.2025-ж., № 391 токтомуПостановление · 02.07.2025 · № 391
- КР Министрлер Кабинетинин 06.10.2025-жылдын № 637 токтомуПостановление · 06.10.2025 · № 637
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябры № 677 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 411 “40 райондон 40 демилге”…Постановление · 17.10.2025 · № 677 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы ПЖ № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.05.2021 · № 114
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин…Указ · 12.10.2021 · № 425