Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-июлу № 390
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 189 , 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 12-майындагы № 145 “Илим, билим берүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр кайра аталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду болуп;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси болуп.
3. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (илим, жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки жана кошумча кесиптик билим берүү маселелери боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин укуктары жана милдеттенмелери боюнча укук улантуучусу болуп Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги саналат;
2) ушул токтомду ишке ашырууга байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигине тийиштүү жылдарга республикалык бюджеттен каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат;
3) Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын кызматкерлеринин, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын эмгек акысы эмгек акынын колдонуудагы шарттары боюнча сакталат;
4) мурда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде илим, жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки жана кошумча кесиптик билим берүү маселелерин чечүү менен байланышкан функцияларды аткарууну камсыздоочу штаттык бирдиктер, анын ичинде аталган функцияларды ишке ашырууну финансылык, укуктук, кадрдык, уюштуруучулук жана башка камсыздоого жооптуу бөлүмдөрдүн штаттык бирдиктери тиешелүү материалдык-техникалык базасы жана финансы каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине өткөрүп берилет.
5. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги:
1) материалдык-техникалык жана финансы каражаттарын кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча комиссияны түзсүн, тиешелүү жол-жоболорду аткарууну камсыз кылсын;
2) бошотулган кызматкерлерди ишке орноштуруу боюнча чараларды көрсүн;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджетти түзүүдө Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин ишин камсыздоо үчүн тийиштүү каржылоону карасын.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
– 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
| 10 | Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги | 337 | 75 |
| анын ичинде: | |||
| борбордук аппараты | 93 | 20 | |
| аймактык бөлүмдөрү | 244 | 55 |
”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 101-пункт менен толукталсын:
“
| 101 | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги | 187 | 35 |
| анын ичинде: | |||
| борбордук аппараты | 119 | 23 | |
| аймактык бөлүмдөрү | 6 | 1 | |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 62 | 11 |
”;
– 16-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
– 8-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
– 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“ | 10 | Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги | 4 |
”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 101-пункт менен толукталсын:
“ | 101 | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги | 4 |
”;
– 16-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
– 24-пунктта “, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия” деген сөздөр алып салынсын;
– эскертүүнүн 1-пунктунда:
1-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: “– Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы болуп саналат;”; 3-пунктчасында: алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “– Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги;”; төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: “– Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги;”.
8. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 111 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 246 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 111 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 16 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси жөнүндө” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 409 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 111 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 214 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 598 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 4-июлундагы № 49 (3705) саны менен жарыяланды.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Begin_nocompare
| | | 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 189 токтомунун редакциясына ылайык)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 11 · цитата келтиргендер: 17 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (17)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде…Постановление · 08.09.2026 · № 604
- Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 390 токтомуна…Положение · 02.07.2025 · № 390
- Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын…Положение · 02.07.2025 · № 390
- Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Положение · 02.07.2025 · № 390
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 214 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар…Постановление · 18.04.2023 · № 214
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Постановление · 21.11.2025 · № 748
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-марты № 189 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кесиптик орто жана жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү айрым…Постановление · 19.03.2026 · № 189
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин илим, жогорку билим берүү жана инновациялар…Постановление · 11.02.2026 · № 85
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз…Постановление · 01.08.2022 · № 434 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Положение · 05.08.2021 · № 111 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик…Постановление · 05.08.2021 · № 111 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябры № 598 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар…Постановление · 15.11.2023 · № 598 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-январындагы № 16 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар…Постановление · 14.01.2022 · № 16 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси…Положение · 14.01.2022 · № 16 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 409 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 111 "Кыргыз…Постановление · 29.07.2022 · № 409 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 246 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы №111 “Кыргыз…Постановление · 15.11.2021 · № 246 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (11)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде…Постановление · 08.09.2026 · № 604
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 12-майы ПЖ № 145 "Илим, билим берүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун…Указ · 12.05.2025 · № 145
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 214 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар…Постановление · 18.04.2023 · № 214
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик…Постановление · 05.08.2021 · № 111 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябры № 598 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар…Постановление · 15.11.2023 · № 598 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-январындагы № 16 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар…Постановление · 14.01.2022 · № 16 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 409 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 111 "Кыргыз…Постановление · 29.07.2022 · № 409 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 246 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы №111 “Кыргыз…Постановление · 15.11.2021 · № 246 · Күчүн жоготкон
11 ичинен 10 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.