КР Министрлер Кабинетинин 06.10.2025-жылдын № 637 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 12-майындагы № 145 “Илим, билим берүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Диссертациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) Окумуштуулук даражаларды ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо
3-тиркемеге ылайык;
4) Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо
4-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 16 “Чет өлкөлөрдөн берилген философия доктору академиялык даражаларынын (PhD) дипломдорун Кыргыз Республикасында нострификациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 671 “Чет мамлекеттерде берилген хабилитацияланган доктор (Dr.Habil) жогорку академиялык даражасынын дипломдорун Кыргыз Республикасында нострификациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги бул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
1. ЖАК жөнүндө жобо.pdf
2. Дисс.кеңеш.pdf
3. Окумуш.даража.pdf
4. Наам ыйгаруу.pdf
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 12-майы ПЖ № 145 "Илим, билим берүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун…Указ · 12.05.2025 · № 145
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 671 "Чет мамлекеттерде берилген хабилитацияланган доктор (Dr.Habil.) жогорку академиялык даражасынын дипломдорун Кыргыз Республикасында…Постановление · 14.12.2016 · № 671 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы №16 "Чет өлкөлөрдөн берилген философия доктору академиялык даражаларынын (PhD) дипломдорун Кыргыз Республикасында нострификациялоо жөнүндө…Постановление · 12.01.2012 · № 16 · Күчүн жоготкон