Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
16-берене. Камакта кармоочу жайлардын ички тартиби
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 1-глава
1. Камакта кармоочу жайларда режимди камсыз кылуу максатында ички иштер органдары, жаза аткаруу системасынын органдары, улуттук коопсуздук органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Ички тартип эрежелери (мындан ары - Ички тартип эрежелери) колдонулат.
2. Ички тартип эрежелери төмөнкүдөй тартипти белгилейт:
1) шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды кабыл алуу жана камераларга жайгаштыруу;
2) жекече тинтүү, дактилоскопия, фотосүрөткө тартуу, ошондой эле шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын буюмдарын карап текшерүү;
3) шектүүлөрдөн жана айыпталуучулардан сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган буюмдарды алып коюу;
4) шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын тамак-аш азыктарын, биринчи кезекте керектелүүчү предметтерди, ошондой эле башка өнөр жай товарларын сатып алуусу;
5) шектүүлөргө жана айыпталуучуларга аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү кабыл алуу жана берүү;
6) шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын каттарды, телеграммаларды, акчалай которууларды алуусу жана жөнөтүүсү;
7) шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды эмгекке тартуу;
8) шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын күн сайын сейилдөөсүн өткөрүү;
9) шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын ушул Мыйзамдын 18-беренесинде саналып өткөн адамдар менен жолугушууларын өткөрүү;
10) шектүүлөрдүн, айыпталуучулардын тергөө аракеттерине жана сот жыйындарына катышуусун камсыз кылуу.
3. Шектүүлөр жана айыпталуучулар Ички тартип эрежелери менен милдеттүү түрдө таанышууга тийиш.
4. Гауптвахтанын режими Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароол кызматтарынын уставы менен аныкталат.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026423/st-16" title="16-берене - Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>