15-берене. Камакта кармоочу жайлардын режими
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 1-глава
1. Камакта кармоочу жайларда укуктук тартипти сактоого багытталган, шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоону, алардын өз милдеттерин аткарууну, аларды бөлөк кармоону, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган милдеттерди аткарууну камсыз кылуучу режим белгиленет.
2. Режимди камсыз кылуу камакта кармоочу жайлардын администрациясына, ошондой эле кызматкерлерине жүктөлөт, алар өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
3. Камакта кармоочу жайларда кылмыштардын алдын алуу, бөгөт коюу, табуу жана бетин ачуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлөт.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026423/st-15" title="15-берене - Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>