Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2024-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатуунун алдын алуу боюнча МААЛЫМАТТЫК СТРАТЕГИЯ (КР Министрлер Кабинетинин тескемесине)
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-майындагы № 242-т тескемесине)
2024-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатуунун алдын алуу боюнча МААЛЫМАТТЫК СТРАТЕГИЯ
1. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо
2024-2026--жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатуунун алдын алуу боюнча маалыматтык стратегиясы (мындан ары - Маалыматтык стратегия) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (мындан ары - Иш-чаралар планы) "Адамдарды сатуунун алдын алуу боюнча маалыматтык стратегияны иштеп чыгуу" 2.1.1-пунктуна ылайык иштелип чыккан. Адамдарды сатуунун жана мажбурлап иштетүүнүн алдын алуу жана каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүү үчүн ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн негизинде күчтөрдү консолидациялоо талап кылынат, ага адамдарды сатуунун алдын алууга, адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоого жана адамдарды сатуу менен алектенген адамдарды жазалоого багытталган чаралар кирет. Адамдарды сатуунун натыйжалуу алдын алуу максатында 2000-жылдын 15-ноябрындагы "Бириккен Улуттар Уюмунун Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы конвенциясын толуктоочу Адамдарды, өзгөчө аялдарды жана балдарды сатуунун алдын алуу, бөгөт коюу жана жазалоо жөнүндө протоколдо" (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 15-апрелиндеги № 74 Мыйзамы менен ратификацияланган (мындан ары - Палермо протоколу) потенциалдуу курмандыктарга эсептелген социалдык-экономикалык демилгелерди ишке ашыруу, жалпыга маалымдоо каражаттарында иликтөөлөрдү жана өнөктүктөрдү өткөрүү боюнча чараларды көрүү боюнча мамлекеттерге карага талаптар камтылган. Адамдарды сатууга каршы күрөшүү жаатында мыйзам чыгаруудан жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен тартып жалпыга маалымдоо каражаттарына жана коомчулукка чейин катышуучулардын кеңири чөйрөсүнүн чыгармачыл демилгелерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу багытында кызматташуусу зарыл болуп саналат. Бул сунуштарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу субъекттери калкты маалымдоо боюнча өнөктүктөрдүн жардамы менен адамдарды сатуу проблемалары боюнча коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу үчүн бардык күчүн жумшоосу керек. Адамдарды сатуунун курмандыктары (мындан ары - АСК) боюнча маалыматтык өнөктүктөрдү өткөрүүдө адам укуктары жаатында базалык стандарттарды кароо жана жабыр тарткандарга адамдарды сатуу фактысы кылмыш экендиги, алар анын курмандыгы болгондугу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоого алууну талап кылууга укуктуу экендиги тууралуу түшүнүгүн камсыз кылуу зарыл. Өнөктүктөрдүн жүрүшүндө калкка түшүнүктүү болгон формулировкаларды колдонуу, максаттуу аудиторияны эске алуу менен ыңгайлаштырылган жана анын өзгөчөлүктөрүнө шайкеш келген тиешелүү тилдердеги материалдарды пайдалануу абзел. Жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары - ЖМК) калктын ар бир катмарына идеологиялык жактан таасир кылган негизги курал болуп саналат. Бирок акыркы жылдары Интернет, анын ичинде социалдык тармактар айрыкча жаштар арасында маалымат, билим, идея жайылтуунун негизги каналына айланууда. Бул стратегия Кыргыз Республикасында адамдарды сатуу жана мажбурлап иштетүү проблемаларын чагылдыруу боюнча маалыматтык өнөктүктүн максатын, милдеттерин жана негизги багыттарын аныктайт. Маалыматтык өнөктүктү ийгиликтүү ишке ашыруу зарыл болгон чыгармачылык, технологиялык шарттарды түзүүгө, ошондой эле мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан адамдарды сатуунун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча максаттуу программалар тууралуу, адамдарды сатуунун жана мажбурлап иштетүүнүн алдын алуу жана каршы күрөшүү методдору жана каражаттары жөнүндө калкты маалымдоо боюнча биргелешкен иш-аракеттерди координациялоого көз каранды.
2. Адамдарды сатууга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү жетишкендиктер жана проблемалар
Иш-чаралар планын аткарууга мониторинг жүргүзүү жана талдоо максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 108 буйругу менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Ведомстволор аралык жумушчу топтун адамдарды сатууга каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын ишинин натыйжалуулугун талдоого арналган жыйналыштарында Маалыматтык стратегиянын алкагында чечилүүгө тийиштүү болгон проблемалар бир нече жолу көтөрүлгөн. Кыргызстандын медиа мейкиндигине жүргүзүлгөн изилдөөлөр, мониторинг жана басылмалардын динамикасы адамдарды сатуунун алдын алуу жаатында бир кагар проблемалар бар экендигин айгинелеп турат. Орун алган проблемалардын арасынан төмөнкүлөрдү бөлүп карасак болот:
- профилактикалык мүнөздөгү маалыматтардын жетишсиздиги;
- адамдарды сатуунун жама мажбурлап иштетүүнүн проблемаларынын туруксуз чагылдырылышы;
- региондук, шаардык жана райондук ЖМКда материалдардын санынын жетишсиздиги;
- АСК үчүн мамлекеттик жардамдын бар экендиги тууралуу маалыматтын жетишсиздиги;
- тийиштүү багытта сапаттуу, актуалдуу жана инновациялык маалыматтык продуктулардын санынын жетишсиздиги;
- АСК болуу тобокелдик тобуна кирген калктын айрым катмарларынын өкүлдөрү менен байланышуу маселелери боюнча ЖМК өкүлдөрү, мамлекеттик органдар, өкмөттүк эмес уюмдар (мындан ары - ӨЭУ) ж.б. үчүн атайын билим берүү программаларынын жетишсиздиги;
- маалыматтык материалдарды түзүүдө мамлекеттик жана коомдук уюмдардын ортосунда жетишсиз макулдашуу жана секторлор аралык өз ара аракеттенүүнүн натыйжасыздыгы;
- келип чыгуу себебин жана чечүү жолдорун аныктоо менен аналитикалык материалдардын санынын жетишсиздиги;
- журналисттик иликтөөлөрдүн жоктугу.
Маалыматтык стратегияда маалымат жайылтуучу уюмдар үчүн, ошондой эле калктын бардык топтору, өзгөчө тобокелдик тобуна киргендер үчүн актуалдуу көйгөйлүү маселелердин чечилиши каралган.
3. Маалыматтык стратегиянын максаты
Маалыматтык стратегиянын максаты 2026-жылга карата адамдарды сатуу фактысын азайтууга жана кылмыштын аталган түрүнүн латенттүүлүк деңгээлин төмөндөтүүгө олуттуу таасир тийгизүүчү маалымат мейкиндигин өнүктүрүү болуп саналат.
4. Маалыматтык стратегиянын артыкчылыктуу багыттары
Адамдарды мыйзамсыз алып кетүүнүн жана сатуунун алдын алуу жана каршы күрөшүү, ошондой эле адамдарды мыйзамсыз алып кетүүнүн жана сатуунун курмандыктарын коргоо жана аларга жардам берүү максатында адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча уюштуруу-укуктук негиздерди, адамдарды сатууга каршы күрөшүүнү жүзөгө ашыруучу органдардын ишин координациялоонун тартибин аныктоочу, адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоо жана аларга жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралардын системасын белгилөөчү Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 17-мартындагы № 55 "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Мыйзамы (мындан ары - Мыйзам) кабыл алынган. Мыйзамдын 15-беренесине ылайык адамдарды сатуунун алдын алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын маалымат саясаты республиканын калкын мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында:
- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча максаттуу программалар жөнүндө;
- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү методдору менен каражаттары жөнүндө үзгүлтүксүз маалымат берүү жолу менен ишке ашырылат.
"Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык ачыкка чыгарууга жатпаган маалыматтардын тизмесинде адам органдарын жана (же) ткандарын, порнографиялык материалдарды, басма сөз басылмаларын, порнографиялык мүнөздөгү сүрөттөрдү же башка буюмдарды; мүмкүн болуучу курмандыктарды адамдарды сатууга, сексуалдык мүнөздөгү кызматтарга, анын ичинде психологиялык жардамдын, ымала түзүүнүн, релаксациянын, укалоонун түрү астында, мыйзамдуу иштин түрү астында жагымдуу убакыт өткөрүүнүн, андан ары сексуалдык мамилелерге кирүү максатында таанышууга тартууга багытталган маалыматты пропагандалоого тыюу салынган.
5. Маалыматтык стратегиялык милдеттери жана чаралары
Маалыматтык стратегиянын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) 2026-жылы мамлекеттик органдар, ОЭУ, эл аралык уюмдар (мындан ары - ЭУ), ЖМК жана башка кызыкдар уюмдардын катышуусу жана колдоосу менен адамдарды сатууга жана мажбурлап иштетүүгө каршы аракеттенүү жөнүндө чыгарылган маалыматтык материалдардын Маалыматтык стратегиянын иштелип чыккан жана кабыл алынган стандарттарына толук шайкештигин камсыз кылуу;
2) калк тарабынан адамдарды сатуунун жана мажбурлап иштетүүнүн, ошондой эле ага каршы аракеттенүүнүн бардык аспектилерин түшүнүүгө көмөк көрсөтүү;
3) коомчулук арасында адамдарды сатууга жана мажбурлап иштетүүгө карата терс туруктуу мамилени калыптандыруу;
4) эмгек мигранттарынын арасында коопсуз, жооптуу миграция боюнча профилактикалык чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу;
5) адамдарды сатууга жана мажбурлап иштетүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттин оң имиджин түзүү жана анын курмандыктарына зарыл болгон жардамды көрсөтүү;
6) адамдарды сатууга жана мажбурлап иштетүүгө каршы аракеттенүү ишине коомчулукту, жаштарды тартуу;
7) иши адамдарды сатууга жана мажбурлап иштетүүгө каршы аракеттенүү менен байланышкан мамлекеттик башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын ортосунда өз ара аракеттенүү системасын бекемдөө;
8) адамдарды сатканы жана мажбурлап иштеткендиги үчүн сөзсүз жазалана тургандыкты коомдун аң-сезиминде калыптандыруу.
Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатында маалыматтык стратегияны жана мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында коюлган милдеттерди натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүдөй чараларды кабыл алуу жана активдештирүү зарыл:
- 2024-жылы бул Стратегияны колдоп жана илгерилете турган, ошондой эле адамдарды сатуу жана мажбурлап иштетүү проблемаларынын бүтүндөй спектрин кесипкөй чагылдыруучу журналисттердин, блогерлердин, активисттердин тобун, социалдык тармактарда топторду түзүү;
- адам сатуунун ар кандай формалары, анын ичинде сатуучулар колдонгон методдор жана курмандыктар дуушар болгон коркунучтар жөнүндө коомдун маалымдуулугун камсыз кылуу максатында жарандык коом уюмдары (мындан ары - ЖКУ) жана ӨЭУлар менен биргелешкен маалыматтык өнөктүктөрдү өткөрүү;
- иммиграциялык бийликтер, ошондой эле консулдук жана дипломатиялык кызматкерлер алган билимдерин потенциалдуу курмандыктар менен күнүмдүк байланышта колдонуусу үчүн алардын адамдарды сатуу боюнча маалымдуулугун жогорулатуу;
- потенциалдуу мигранттарды кызыктырган үй-бүлө, эмгек укугу жана иммиграциялык мыйзамдар чөйрөсүндөгү тиешелүү улуттук мыйзамдар боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин, анын ичинде ӨЭУлар аркылуу жайылтуусун кубаттоо;
- башка тиешелүү максаттуу топтордун, анын ичинде укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана медициналык, социалдык кызматтардын кызматкерлери сыяктуу башка тиешелүү адистердин жана ишке орноштуруу маселелери менен иштеген кызмат адамдарынын, ошондой эле менчик сектордун өкүлдөрүнүн ушул көрүнүшкө каршы тиешелүү түрдө каршы аракеттенүүгө даярдыгын жогорулатуу жана аны менен күрөшүү үчүн алардын институттук потенциалын чыңдоо максатында алардын адамдарды сатуу боюнча маалымдуулугун жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине тобокелдикке дуушар болгон адамдар менен иштөөдө басма жана башка материалдарды колдонууну сунуш кылуу;
- ЖМК кызматкерлеринин, басма сөз кызматтарынын, блогерлердин жана башкалардын маалымдуулугун жогорулатуу үчүн адистештирилген билим берүү программаларын иштеп чыгуу. Бул көрүнүштүн маңызын так түшүндүрүп жана АСКларды реалдуу чагылдыруу менен ЖМКларда адам сатуу проблемасын үзгүлтүксүз чагылдырып туруу.
Коомчулукка колдон келишинче толук маалымат берүү жана маалымдуулугун камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- ЖМКлардын кесипкөй кызматкерлеринин катышуусунда адам сатууга каршы күрөшүү боюнча өнөктүктөрдү өткөрүү;
- калктын эң аялуу топторуна, анын ичинде улуттук азчылыктарга таандык адамдарга, балдарга, мигранттарга жана өлкөнүн ичинде жер которгондорго багытталган маалымдоону жогорулатуу боюнча өнөктүктөрдү өткөрүү;
- калкы өзгөчө коркунучта болушу мүмкүн болгон чакан шаарларды жана айылдарды маалымдуулукту жогорулатуу боюнча өнөктүктөр менен камтуу;
- жалпы билим берүү мектептеринде жана ЖОЖдордо иш жүргүзүү, ошондой эле жаштарга адам сатуу боюнча маалымат жеткирүү жана алардын маалымдуулугун жогорулатуу үчүн үй-бүлөлөр менен түздөн-түз байланыш түзүү;
- потенциалдуу мигранттарга, айрыкча аялдарга миграция алып келе турган коркунучтар (мисалы: эксплуатация, карыздын кулчулугу, ден соолук жана коопсуздук коркунучу, анын ичинде ВИЧ/СПИДге кабылуу), ошондой эле мыйзамдуу, эксплуатация жана миграция менен коштолбогон чөйрөдө болгон мүмкүнчүлүктөр жөнүндө тиешелүү маалымат берүүнү камсыз кылуу;
- АСКны сексуалдык эксплуатациялоо, мажбурлап иштетүү, кулчулук же аларга карата кулчулукка окшош башка тажрыйбаларды колдонуу максатында ишке ашырылуучу кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талапты азайтуунун зарылдыгына ЖМКлар аркылуу көңүл бурдуруу жана ушуга байланыштуу адамдарды сатуунун бардык түрлөрүнө абсолюттук чыдамсыздыкты үгүттөө;
- жалпыга белгилүү болууга жана төмөнкүдөй үч функцияны аткарууга тийиш болгон ишеним телефонунун ишин күчөтүү:
а) потенциалдуу АСКлар үчүн консультациялардын жана сунуштамалардын көз карандысыз булагы болуу;
б) кайра жиберүүнүн улуттук механизмине АСКлардын жетүүсүн камсыз кылуучу алгачкы байланыш звеносу болуу;
- адам сатуу жана мажбурлап иштетүү проблемаларын чагылдырууда мамлекеттик башкаруу органдарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын, ЖМКлардын улуттук жана региондук редакцияларынын Интернет мейкиндигин активдүү пайдаланышы;
- адам сатуу жана мажбурлап иштетүү проблемаларын чагылдыруу боюнча Интернет аркылуу берүү жана социалдык тармактар үчүн контенттин жаңы моделдерин жана түрлөрүн (вирустук видеороликтер ж.б.) иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
6. Маалыматтык стратегиянын принциптери
Бул Маалыматтык стратегиянын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) социалдык жоопкерчилик (этикалык принцип) - АСКны социалдык жактан коргоо, адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жеке жана юридикалык жактардын жоопкерчилиги;
2) системалуулугу - Маалыматтык стратегиянын элементтери бири-бири менен өз ара аракеттенет, мында ал адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү маалыматтык саясатка киргизилет;
3) адамдарды сатуу жана мажбурлап иштетүү фактыларын азайтууну камсыз кылган бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти түзүү максатында жергиликтүү, региондук жана республикалык өнөктөштүктөрдү түзүү;
4) маалыматтык таасир көрсөтүүдө адам укуктарын сактоо;
5) купуялуулук - адамдарды сатуунун курмандыктарынын маалыматтарын жана жеке маалыматтарын коргоо;
6) адвокация - стратегиянын субъекттеринин жана объекттеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;
7) басмырлоого жол бербөө - адамдарды сатуунун кесепетинен жабыр тарткан адамдардын укуктарын чектөөгө жол бербөө;
8) натыйжалуу маалыматтык таасир белгилүү бир идеяларды, көз караштарды, түшүнүктөрдү, ишенимдерди калыптандыруу максатында адамдарды сатуу проблемасына таасир этүүдөн максималдуу натыйжа алуу менен каражаттардын жана ресурстардын эң аз чыгымын пайдалануу;
9) туруктуу өнүгүү - адамдарды сатуунун курмандыктарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын толук коргоону камсыз кылуу, жашоо-турмуш сапатын камсыз кылуу;
10) маалыматтык таасирлердин жүрүшүндө коомдун, даректүү топтордун курактык, гендердик, этномаданий өзгөчөлүктөрүн эске алуу;
11) даректүү маалыматтык таасир;
12) Маалыматтык стратегияга катышкан бардык уюмдардын, биринчи кезекте мамлекеттик жана коомдук уюмдардын мамилелерин жана позицияларын эсепке алуу жапа ырааттуулугу;
13) өзүнүн натыйжалуулугун далилдеген тажрыйбаларды колдонуу жана жайылтуу;
14) заманбап байланыш методдорун жана технологияларды жетекчиликке алуу;
15) маалыматтын аныктыгы.
7. Маалыматтык стратегиянын максаттуу топтору
Маалыматтык стратегиянын максаттуу топтору төмөнкүдөй эки категорияга бөлүнөт:
1. Маалыматты түзүүчү жана жайылтуучу субъекттер - маалыматтык материалдардын авторлору жана түзүүчүлөрү;
2. Маалыматты алуучу объекттер - маалыматтык иш багытталуучу максаттуу топтор.
Биринчи же экинчи категорияга таандык болушу керек болгон максаттуу топтор аныкталган. Бир эле топ эки категорияга таандык болушу мүмкүн экендигин белгилей кетүү керек. Биринчи категория Мыйзамдын 6-беренесине ылайык адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишти өзүнүн компетенциясынын чегинде жүзөгө ашыруучу субъекттер болуп төмөндөгүлөр саналат:
1) прокуратура органдары;
2) Акыйкатчы (Омбудсмен);
3) ички иштер органдары;
4) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери;
5) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
6) мамлекеттик чегараны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
7) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
8) эмгек жана социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
9) билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
10) жарандардын саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
11) миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
12) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;
13) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
14) жалпыга маалымдоо каражаттары;
15) коомдук бирикмелер жана башка уюмдар;
16) эл аралык уюмдар.
Экинчи категория Маалымат алуучу объекттер:
1) адам сатуудан жабыр тарткандар;
2) жумушсуздар;
3) сексуалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө алектенген адамдар;
4) мигранттар;
5) адам сатуудан жабыр тарткан үй-бүлөлөр;
6) балдар, өспүрүмдөр, жаштар;
7) укук коргоо органдарынын өкүлдөрү;
8) билим берүү системасынын кызматкерлери;
9) медициналык кызматкерлер;
10) социалдык кызматкерлер;
11) ЖМК өкүлдөрү;
12) коомдук уюмдардын өкүлдөрү;
13) жалпы калк.
Адистер жана аларды даярдоо
Маалыматтык стратегия маалымат чөйрөсүндө эмгектенген адистердин негизги инструменти болуп саналат. Бул категорияга маалыматтык продукт түзүү, иштеп чыгуу, илгерилетүү, баалоо жана мониторинг жүргүзүүгө катышкандардын баары кирет:
1) ыйгарым укуктуу органдардын басма сөз - кызматтары;
2) журналисттер, блогерлер;
3) текст, фото жана видео материалдардын авторлору;
4) дизайнерлер;
5) режиссерлор;
6) сценаристтер;
7) операторлор;
8) пиар адистер;
9) басма сөз-катчылары жана ЖМК менен иштөө үчүн жооптуу адамдар;
10) редакторлор;
11) копирайтерлер (сценарийлердин, жарнамалык тексттердин авторлору);
12) веб-сайттардын, социалдык тармактардагы жамааттардын модераторлору (ресурстардын толтурулушун контролдогон адистер);
13) басма сөз-борборлорунун, пресс-кафелердин жетекчилери жана кызматкерлери;
14) ар түрдүү уюмдардагы маалыматтык продуктулардын заказчылары;
15) социалдык адистер;
16) медициналык кызматкерлер;
17) билим берүү системасынын кызматкерлери;
18) укук коргоо органдарынын өкүлдөрү;
19) коомдук уюмдардын өкүлдөрү;
20) диний уюмдардын өкүлдөрү.
Адистерди категорияга бөлүү төмөнкүлөрдү аныктоого мүмкүнчүлүк берет:
- маалыматты жайылтуу үчүн кандай билимдер, көндүмдөр жана чеберчиликтер керек экендиги;
- маалыматтык кампанияларды даярдоо процессин уюштуруунун кандай формалары жана методдору бар экендиги;
- адистер үчүн кандай окутуу жана квалификациясын жогорулатуу керек экендиги.
Маалыматтык продукт түшүнүгү адам сатуу жана мажбурлап иштетүү проблемаларына тиешелүү болгон темалар боюнча бардык форматтагы тексттик, аудио, фото жана видео материалдар болуп саналат. Иштин бардык этаптарында (маалыматты иштеп чыгуу, илгерилетүү, мониторинг жүргүзүү жана анын натыйжалуулугун баалоо) бардык адистер үчүн окутуунун жана даярдоонун жалпы мазмуну маселенин проблемасын тереңдетип изилдөө жана адамдарды сатууга каршы күрөшүү тематикасын жеткиликтүү түрдө чагылдыруу болуп саналат. Мындай окутууну уюштуруу ЖМК өкүлдөрү үчүн семинарлар түрүндө, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын адистеринин катышуусу менен адамдарды сатууга каршы аракеттенүү тематикасын чагылдыруу маселелери боюнча мамлекеттик жана мамлекеттик эмес ЖМКлардын жетекчилери жана кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын алдында, Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин алдындагы квалификацияны жогорулатуу курстары түрүндө мүмкүн. Адистерди даярдоонун натыйжасы болуп коомдогу маалыматтык стратегиянын жана диалогдун натыйжалуулугун жана туруктуу өнүгүшүн алга жылдыруучу жана камсыз кылуучу маанилүү инструмент катары социалдык коомчулукту калыптандыруу саналат. Бул социалдык коомчулук кызыкдар мамлекеттик органдардын, калктын катмарынын өкүлдөрүнүн жана кыйла кадыр-барктуу ЖМКлардын, социалдык тармактардагы жамааттардын, коомдук кыймылдардын ж.б. өкүлдөрүнүн күч-аракеттерин бириктириши керек. Бул жамаат консультациялык функцияларды да аткарат, алар даректүү топтордун жана адистердин суроо-талабы боюнча берилет. Социалдык коомчулук спикерлердин чачыранды сөздөрүн бириктирип, алардын позициясын бекемдөөгө багытталган. Социалдык тармактарга болгон суроо-талапты (Twitter, Facebook, Одноклассники ж.б.), ошондой эле социалдык тармактын элементтери менен сүрөт жана видео материалдарды бөлүшүү үчүн тиркемелердин (Instagram, Telegram, YouTube ж.б.) кеңири жайылышын жана алардын коомдук пикирдин калыптанышына тийгизген таасирин эске алуу менен, бул чөйрөдөгү адистердин ишмердиги Маалыматтык стратегияны ишке ашыруу үчүн пайдаланылышы керек жана аларды окутуу өзүнчө блок катары бөлүнүшү мүмкүн.
Маалыматтык материалдардын стандарттары
1-стандарт. Маалыматтын, анын ичинде жеке маалыматтардын купуялуулугун сактоо Жашыруун (жайылтуу үчүн чектелген) маалымат - АСКнын жеке маалыматтары, анын ичинде фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, айы, жылы жана туулган жери, дареги, үй-бүлөлүк абалы ж.б. АСК өзүнүн жеке маалыматтарына эмнени киргизгиси келерин өзү аныктоого укуктуу. АСКнын (же анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, эгерде ал аракетке жөндөмсүз же 18 жашка чыга элек болсо) макулдугусуз аны идентификациялоого көмөктөшүүчү жеке маалыматтарын жайылтууга жол берилбейт. Айрым жеке маалыматтарды ээсиздендирүүнү эске алуу менен элге жарыялоого жол берилет. Ошондой эле, эгерде алдын ала тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарууга жол берилбеген учурда, кылмыштын себептери жана формалары жөнүндө адамдарды сатуунун курмандыгынын макулдугусуз маалыматтарды таратууга жол берилет.
1.1. АСКнын сүрөтү (фото, видео, сүрөтү ж.б.) анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жарыяланат (ошондой эле жеке маалыматтары).
1.2. АСКнын пикирин же цитатасын жарыялоо аны менен макулдашылууга тийиш.
1.3. Маалыматтык материалдарда жабырлануучунун жазуу жүзүндөгү макулдугусуз адамдарды сатуу фактысын купуя маалымат катары түз же кыйыр түрдө ачыкка чыгарууга жол берилбейт.
1.4. Адамдарды сатууга тиешеси бар кылмышкерлер издөөдө болгон учурда, анын жеке маалыматтарын, сүрөттөрүн жана видеотасмаларын жалпыга маалымдоо каражаттарына, тармактык-басылмаларга, Интернет-ресурстарга жайгаштыруу эч кандай макулдукту талап кылбайт.
2-стандарт. Негизделген жана анык маалыматты макулдашуу, тастыктоо жана берүү
2.1. Адамдарды сатууга каршы аракеттенүү боюнча иштин натыйжалуулугу жана натыйжалары жөнүндө ой-пикирлер расмий статистикалык маалыматтар, изилдөөлөрдүн натыйжалары менен бекемделиши керек.
Белгилүү максаттуу топтор менен адамдарды сатууга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын социалдык таасирин негиздүү маалыматтарга шилтемесиз баалоого жол берилбейт. Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча негизделген натыйжалуу чаралардын, программалардын маанисин бурмалоого жол берилбейт.
2.2. Маалыматтык материалдарда тиешелүү укук коргоо органдарынын жана/же профилдик ыйгарым укуктуу органдардын расмий маалыматтары келтирилүүгө тийиш.
3-стандарт. Туура терминдерди колдонуу Трагедияны башынан өткөргөн адам менен адам сатуунун курмандыгы болгон адамдын, сойкулук менен сексуалдык сатуунун, мигранттарды мыйзамсыз алып келүү менен адам сатуунун ортосунда айырма бар. Адамдарды сатуу бул татаал көрүнүш болуп эсептелет, ага карата көптөгөн коомдордо дагы эле бир пикир жок. Терминдерди туура эмес колдонуу кырдаалды ого бетер чаташтырып, окурмандарды адаштырышы жана бийликтин адам сатуунун курмандыктарын аныктоону жана коргоону каалабагандыгын колдошу мүмкүн. Адамдарды, өзгөчө аялдарды жана балдарды сатуунун алдын алуу, бөгөт коюу жана жазалоо боюнча Палермо протоколундагы адамдарды сатуу термининин аныктамасы, ошондой эле адамдарды сатууга байланыштуу башка кеңири колдонулган терминдер менен таанышуу маанилүү. 4-стандарт. "Антистигма" - маалыматтык материалдардан стигматизациялоочу терминологияны, өзгөчө түшүнүксүз терминдерди, кемсинткен лексиканы жана образдарды, тар чөйрөдөгү ой-пикирлерди алып салуу
4.1. Маалыматтык материалдарда адамдын кадыр-баркын түшүрүүчү стигмагизациялоочу терминдерди, аббревиатураларды, мисалдарды, лексиканы колдонбоо.
4.2. Бардык колдонулган терминдер максаттуу аудиторияга түшүнүктүү болушу керек.
4.3. Маалыматтык материалдарда адамдарды сатуу курмандыктарына карата адепсиз сөздөрдү жана визуалдык сүрөттөрдү колдонуудан алыс болуу.
4.4. АСКны эксплуатациялоо адатта олуттуу ооруларга алып келет жана физикалык, психологиялык жана психосоциалдык проблемалардын өнүгүшү менен коштолот. АСК биринчи кезекте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан көрсөтүлө турган колдоого, медициналык, социалдык жана реабилитациялык жардамга муктаж.
4.5. Адамдарды сатууга тартууга, анын ичинде адамдарды сатуу чөйрөсүндөгү кылмыштарды пропагандалоого жана адамдарды сатууга байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү жарнамалоого түрткөн маалыматтарды жайылтууга мыйзамда белгиленген тыюу салууларды сактоо.
5-стандарт. Ар башка адамдардын, негизги топтордун өкүлдөрүнүн адам сатуу проблемасынын аспектилери боюнча пикирлерин изилдөө Адамдарды сатууну пропагандалоону жана ага байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү жарнамалоону камтыган маалыматтык продукциянын ар кандай түрлөрүнүн, анын ичинде компьютердик жана электрондук продукциянын контентине экспертиза жүргүзүү үчүн максаттуу аудиторияга ылайык адамдарды сатууга жана мажбурлап иштетүүгө каршы күрөшүү боюнча адистерден фокус-топтор түзүлөт.
5.1. Маалыматтык материалдарды чыгарууда максаттуу аудиториянын негизинде фокус-топ өткөрүлөт.
5.2. Максаттуу аудиторияга негизделген маалыматтык материалдар, орто эсеп менен жылына бир жолу чыгарылат:
- улуттук деңгээлде - 2000 нускадан кем эмес;
- облустук деңгээлде - 1500 нускадан кем эмес;
- шаардык деңгээлде - 1000 нускадан кем эмес.
5.3. Фокус-топтор улуттук телекөрсөтүү жана жалпыга маалымдоо каражаттарында көрсөтүүгө арналган маалыматтык материалдарды талдап чыгышы керек.
6-стандарт. Максаттуу аудиториянын мүнөздөмөлөрүн эске алуу менен маалыматтык таасирге дифференцияланган ыкма
6.1. Маалыматтык материалдар максаттуу топтун жашын, жынысын жана аймактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен белгилүү максаттар үчүн түзүлөт. Маалыматтык материалдардын тексти жана мазмуну максаттуу топко түшүнүктүү болуп, автор жөнүндө маалыматты жана/же текстти иштеп чыгуучу уюмдун аталышын камтышы керек.
6.2. Бир темага бириктирилген маалыматтык материалдарда мисалдарды жана сүрөттөрдү колдонууда гендердик тең салмактуулук сакталууга тийиш (визуалдык форматта, эркектердин да, аялдардын да сүрөттөрү колдонулушу керек), жаш боюнча тең салмактуулук (визуалдык форматта, ар кандай курактагы АСК сүрөттөрү пайдаланылсын), АСК муктаждыктарын эске алуу керек.
7-стандарт. Социалдык жарнама үчүн маалыматтык-билим берүүчү материалдарды иштеп чыгуу Социалдык жарнама үчүн маалыматтык-билим берүүчү материалдарды (мындан ары - МБМ) иштеп чыгуу техникалык тапшырмага (мындан ары - ТТ) ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш. Социалдык жарнама (басма жана аудиовизуалдык) үчүн МВМ түзүүгө ТТ иштеп чыгууда максаты, милдеттери жана максаттуу аудитория көрсөтүлүшү зарыл. 8-стандарт. Улуттук кампанияны өткөрүү
8.1. Улуттук кампанияны түзүү үчүн жөнөкөй талдоо жана анын расмий ачылышын пландаштырууга негизделген логикалык негиздемеден турган баштапкы чекитке ээ болуу зарыл.
8.2. Кампания чоң милдетти, жетүүгө мүмкүн болгон максатты жана сан боюнча баа бериле турган соңку натыйжаларды чагылдырышы керек.
8.3. Кампаниянын урааны жана эстеп калуучу аталышы болушу керек.
8.4. Максаттуу топтор жана алардын чөйрөсү аныкталышы керек.
8.5. Кампания "Дүйнөлүк жана улуттук деңгээлде адамдарды сатууга жана мажбурлап иштетүүгө жол бербөө" негизги идеясын чагылдырышы зарыл.
8.6. Кампания максаттуу топтор үчүн жеткиликтүү негизги материалдарды колдонууга тийиш (тил, нуска, мазмун).
8.7. Кампания калктын жана ыйгарым укуктуу уюмдардын активдүү катышуусу менен негизги иш-чараларды камтышы керек.
8.8. Кампания каражат табуу жана ресурстарды мобилизациялоону камтышы керек.
8.9. Кампаниянын жүрүшүндө мониторинг жана баалоо жүргүзүү эске алынышы керек.
8.10. Кампания аягына чыккандан кийин ыйгарым укуктуу органга доклад жана отчетту даярдоо керек.
9-стандарт. Маалыматтык таасирдин натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо жүргүзүү Мониторинг коюлган максаттарга жетүүнү камсыз кылуу үчүн каралган, жетекчиликке алынуучу жоболорго негизделиши керек жана алар башынан эле милдеттүү түрдө Маалыматтык стратегияга киргизилиши керек. Ал иш-чаралар ишке ашырылган жалпы мезгил ичинде жүргүзүлөт жана белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин кайталанат. Баалоо иш-чараны ишке ашыруу башталганга чейин пландаштырылат. Баалоонун эки түрү айкалыштырылышы керек:
- сапаттык баалоо: адамдар адамдарды сатуу жөнүндө билишет, алар аны кандай кабыл алышат жана ал жөнүндө кандай ойдо экенин баалоо. Бул баалоо репрезентативдик топторго таратып берилген сурамжылоонун жардамы менен жүргүзүлүшү мүмкүн;
- сандык баалоо: максаттуу аудиторияны, иш-чаралардын максаттарын мүнөздөгөн сандык көрсөткүчтөрдү белгилөө зарыл (б.а. потенциалдуу максаттуу аудиториянын жалпы санынын ичинен камтылган адамдардын пайыздык үлүшү, калктын пайыздык үлүшү, берүүлөрдүн саны, таркатылган брошюралардын саны).
9.1. Адамдарды сатууга жана мажбурлап иштетүүгө каршы күрөшүү темасындагы маалыматтык материалдардын таасиринин натыйжалуулугун баалоо зарыл.
9.2. Маалыматтык материалдардын таасиринин натыйжалуулугун баалоо иштелип чыккан формаларга ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
8. Күтүлүүчү натыйжалар
Маалыматтык стратегияны ишке ашыруу төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- жарандардын адамдарды сатуу жана мыйзамсыз миграция жөнүндө маалыматка жетүүсүн камсыз кылуу жана кеңейтүү;
- миграция чөйрөсүндө, анын ичинде адамдарды сатуунун жана мыйзамсыз миграциянын алдын алуу боюнча калкка маалыматтык-консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу;
- калкка бул көрүнүштүн тобокелдиктери жөнүндө маалымдоо жана эскертүү деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү жолу менен жарандардын адамдарды сатууга тартылуудан өзүн-өзү коргоо потенциалын күчөтүү;
- билим берүү уюмдарында адамдарды сатууга каршы күрөшүү темасын кеңейтүү аркылуу окуучулардын адамдарды сатуу маселелери боюнча билим деңгээлин жогорулатуу;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчылары жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү үчүн адамдарды сатуу кылмыштарынын алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу жана ачуу боюнча окуу семинарларын уюштуруу аркылуу маалыматтык-билим берүү иштеринин деңгээлин жогорулатуу;
- жарандардын арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүүдө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн көндүмдөрүнүн деңгээлин жогорулатуу;
- адамдын жана жарандын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;
- коопсуздукту, социалдык коргоону жана реабилитацияны камсыз кылуу, чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине жардам көрсөтүү каралган, адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоо чараларын ишке ашыруу;
- адамдарды сатууга каршы күрөшүүдө мамлекеттик органдардын эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен мындан аркы өз ара аракеттенүүсү.
9. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
Дүйнөдөгү тез өзгөрүп жаткан жагдайды эске алганда, криминалдык чөйрөлөрдүн тез ыңгайлашып кетүү жөндөмдүүлүгүн жана адамдарды сатуу боюнча кылмыштарды жасоонун мүмкүн болгон жаңы формаларын жана ыкмаларын эске алуу зарыл, бул оперативдүү талдоону жана маалыматтык стратегияны ишке ашыруунун айрым ыкмаларын өзгөртүүнү талап кылат. Мындан тышкары, бир катар объективдүү себептерден улам сунушталган иш-чаралардын айрымдары кийинкиге жылдырыла турган же ишке ашыруунун көлөмү кыскартыла турган жагдайлар болушу мүмкүн. Талдоону жана мониторингди ыкчам жүргүзүү жана мындай кырдаалдарга чара көрүү үчүн маалыматтык стратегияны ишке ашыруунун жүрүшүнө туруктуу мониторинг жүргүзүү жана 9-стандартка ылайык ишке ашыруунун жүрүшүндө түздөн-түз тиешелүү параметрлерди аныктоо боюнча активдүү чараларды көрүү каралган.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүүЗакон · 17.03.2005 · № 55
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды…Постановление · 15.04.2022 · № 227
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-майындагы № 242-т (Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасын ишке ашыруу боюнча…Распоряжение · 16.05.2024 · № 242-р
- О ратификации Кыргызской Республикой Конвенции ООН против транснациональной организованной преступности от 15 ноября 2000 года, Протокола о предупреждении и пресечении торговли…Закон · 15.04.2003 · № 74
- Массалык маалымат каражаттары жөнүндөЗакон · 02.07.1992 · № 938-XII · Күчүн жоготкон