Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткаруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 16-майы № 242-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 2.1.1-пунктун аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2024-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатуунун алдын алуу боюнча маалыматтык стратегия 1-тиркемеге ылайык;
2) 2024-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатуунун алдын алуу боюнча маалыматтык стратегияны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) 2024-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатуунун алдын алуу боюнча маалыматтык стратегияны жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык;
4) Иш-чаралар планынын бюджети 4-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планын жүзөгө ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун, башка мамлекеттик органдарынын жетекчилери:
- Иш-чаралар планын өз убагында жана так аткарууну камсыз кылсын;
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:
- Иш-чаралар планын жүзөгө ашыруу боюнча иштерди жалпы координацияласын;
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен Иш-чаралар планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берип турсун.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
2-тиркеме
2024-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатуунун алдын алуу боюнча маалыматтык стратегияны жүзөгө ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№
Милдеттер
Чаралар/аракеттер
Ишке ашыруу мөөнөттөрү
Күтүлүүчү натыйжалар
Жооптуу аткаруучулар
2024-жыл
2025-жыл
2026-жыл
1. Адамдарды сатуу жана мажбурлап иштетүү жөнүндө калктын маалымдуулугун камсыз кылуу боюнча маалыматтык өнөктүктөр
1.1
Стандарттарга жана максаттуу топтордун керектөөлөрүнө ылайык маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу
1.1.1. Адамдарды сатуу жана мажбурлап иштетүү проблемасынын мүнөзү жана масштабы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү жана маалыматтарды чогултуу:
- түпкү себептери боюнча;
- тенденциялар боюнча;
- эксплуатациялоо максатында кызмат көрсөтүүлөргө жана жумушчу күчкө суроо-талап боюнча;
- алдын алуу жана кайрадан кабылууга жол бербөө максатында көрсөтүлүүчү жардамдын проблемалары жана кемчиликтери боюнча
Дайыма
Дайыма
Дайыма
Муктаждыктарды баалоо жана сунуштарды берүү менен аналитикалык отчеттор
ЭСКММ, ИИМ, ММСЖСМ, ССМ, БИМ, ТИМ. ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
1.1.2. Стандарттарга жана максаттуу топтордун керектөөлөрүнө ылайык маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу
Дайыма
Дайыма
Дайыма
Маалыматтык материалдар иштелип чыкты жана ЭСКММ сайтына чагылдырылды
ЭСКММ, ММСЖСМ, ИИМ, БИМ. ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
1.1.3. Адамдарды сатууну жана мажбурлап иштетүүнү чагылдыруу боюнча Интернет мейкиндиги жана социалдык тармактар үчүн контенттин жаңы моделдерин жана түрлөрүн (вирустук видео-роликтер ж.б.) иштеп чыгуу
Дайыма
Дайыма
Дайыма
Контенттин жаңы моделдери жана түрлөрү иштелип чыкты жана Интернет мейкиндигинде жана социалдык тармактарда жайылтылып жатат
ЭСКММ, ММСЖСМ, ССМ, БИМ, ИИМ. ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
1.1.4. Адамдарды сатуу жана мажбурлап иштетүү менен байланышкан атайын тематикалык рубрикаларды түзүү менен квартал сайын ЖМКга чагылдырууну уюштуруу
Дайыма
Дайыма
Дайыма
Калкка адамдарды сатуу жана мажбурлап иштетүү тобокелдиги тууралуу маалымдалды
ЭСКММ, ММСЖСМ, ИИМ, БИМ, ССМ. ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
1.1.5. Адам сатуунун жана мажбурлап иштетүүнүн алдын алуу боюнча видео жана аудио фильмдерди, роликтерди, маалыматтык-окуу материалдарынын төрт түрүн (баракча, плакат, брошюра, буклет) чыгарууну камсыз кылуу
Дайыма
Дайыма
Дайыма
Адамдарды сатуу жана мажбурлап иштетүү проблемасы боюнча калктын маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу
ЭСКММ, ИИМ, БИМ, ССМ. УТРК, ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
1.1.6. Акысыз эфир берүү менен адамдарды сатуу жана мажбурлап иштетүү проблемасы жөнүндө тематикалык видеофильмдерди, роликтерди, социалдык жарнамаларды көрсөтүү
Дайыма
Дайыма
Дайыма
Адамдарды сатуу жана мажбурлап иштетүү проблемасы боюнча калктын маалымдуулук деңгээли жогорулатылды
ЭСКММ, ММСЖСМ, ИИМ, БИМ, ССМ. УТРК, ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
1.1.7. Жалпы билим берүү уюмдарында жана башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында адамдарды сатуунун жана мажбурлап иштетүүнүн алдын алуу боюнча окуу пландарын жана программаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
III квартал иштеп чыгуу
ишке киргизүү
ишке киргизүү
Окуучулардын жана студенттердин билим жана маалымдуулук деңгээли жогорулатылды
БИМ. ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
1.1.8. АСКларды кайра жиберүүнүн улуттук механизминин алкагында ЖМКларда адамдарды сатуунун кесепетинен жабыр тарткандар үчүн көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө чагылдыруу (ВАК, укуктук, медициналык, психологиялык, адвокаттык кызмат көрсөтүүлөр, ишеним телефондору ж.б. жардам, сайттар: migrant.kg, emgek.kg, КЭУлардын улуттук базасы)
Дайыма
Дайыма
Дайыма
Калкка көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалымат берилди
ЭСКММ, ИИМ, ММСЖСМ, ССМ, БИМ. ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
1.2
Бүткүл дүйнөлүк адам сатууга каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чаралардын комплексин өткөрүү (30-июль)
Маалыматтык иш-чаралардын комплексин өткөрүү жана ЖМКларда адамдарды сатуу темасын чагылдыруу
Жыл сайын
Жыл сайын
Жыл сайын
Конференциялар, семинарлар, флешмобдор өткөрүлүп, макалалар жана башка материалдар ЖМКларда чагылдырылган
ЭСКММ, ММСЖСМ, ИИМ, ТИМ, БИМ, ССМ, КРП облустардагы ЫУӨ. ЖӨБО, ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
1.3
Калктын аялуу топторуна адамдарды сатуу жана мажбурлап иштетүү боюнча маалымат берүү
1.3.1. Сурамжылоо жана анкета аркылуу аялуу топтордун маалымдуулук муктаждыктарын баалоо
III-IV квартал
IV квартал
IV квартал
Отчеттун болушу
ЭСКММ, ММСЖСМ, ССМ, БИМ. ЭУ, КЭУ (макулдашуу менен)
1.3.2. Калктын аялуу топторунун арасында маалыматтык-агартуу жана маалыматтык-кеңеш берүү иш-чараларын жүргүзүү
Жыл сайын
Жыл сайын
Жыл сайын
Билиминин жана маалымдуулук деңгээлинин жогорулашы
ЭСКММ, ММСЖСМ, ИИМ, ТИМ, БИМ, ССМ, КРП облустардагы ЫУӨ. ЖӨБО, ЭУ, КЭУ (макулдашуу менен)
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, анын ичинде ЖМК жана КЭУ адистеринин адамдарды сатуунун жана мажбурлап иштетүүнүн алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча потенциалын жогорулатуу
2.1
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын адистерин, КЭУ жана ЖМК өкүлдөрүн адамдарды сатуунун жана мажбурлап иштетүүнүн алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелери боюнча даярдоо
2.1.1. Иштелип чыккан модулдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды, КЭУ жана ЖМК өкүлдөрүн окутуу
Жыл сайын
Жыл сайын
Жыл сайын
Билим деңгээлин жогорулатуу
ЭСКММ, ММСЖСМ, ИИМ, ТИМ, БИМ, ССМ, УСК, КРП облустардагы ЫУӨ. ЖӨБО, ЭУ, КЭУ (макулдашуу менен)
2.1.2. Консулдук жана дипломатиялык мекемелердин, диаспоралардын персоналын адамдарды сатуунун жана мажбурлап иштетүүнүн алдын алуу боюнча окутуу
Жыл сайын
Жыл сайын
Жыл сайын
Билим деңгээлин жана маалымдуулугун жогорулатуу
ТИМ, ЭСКММ ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
2.1.3. ЖМК өкүлдөрүн журналисттик иликтөө жүргүзүү боюнча окутуу
Жыл сайын
Жыл сайын
Жыл сайын
Журналисттик иликтөөлөрдүн сапатын жакшыртуу
ЭСКММ, ММСЖСМ ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
2.1.4. Мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардан, ЖМК, КЭУ ичинен эксперттер тобун түзүү
IV квартал
Эксперттер тобу түзүлдү жана ЭСКММ сайтына жайгаштырылды
ЭСКММ, ММСЖСМ ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
3. Ишке ашырууга мониторинг жана талдоо жүргүзүү
3.1
Чыгарылган, транзиттик жана бара турган өлкөлөрдө маалыматтык стратегиянын натыйжалуулугуна байкоо жүргүзүү
3.1.1. Сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр менен маалыматтык стратегиянын ишке ашырылган иш-чараларын чогултуу жана талдоо
Жыл сайын
Жыл сайын
Жыл сайын
Жыл сайын берилүүчү отчеттордун болушу
ЭСКММ ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
3.1.2. Маалыматтык стратегияны натыйжалуу ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты чыңдоо
Жыл сайын
Жыл сайын
Жыл сайын
Маалыматтык стратегияны ишке ашыруунун алкагында кызматташтык жакшыртылды
ЭСКММ, ММСЖСМ, ССМ, ИИМ, БИМ ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
Кыскартуулардын тизмеси:
АСК
-
адамдарды сатуунун курмандыктары
ВАК
-
ведомстволор аралык комиссия
ЭСКММ
-
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
ММСЖСМ
-
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги
ИИМ
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
ТИМ
-
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
БИМ
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
ССМ
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
КРП облустардагы ЫУӨ
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлү
ЖӨБО
-
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
ЭУ
-
эл аралык уюмдар
КЭУ
-
коммерциялык эмес уюмдар
3-тиркеме
2024-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатуунун алдын алуу боюнча маалыматтык стратегияны жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
№
Милдеттер
Индикатордун аталышы
Өлчөө бирдиги
Базалык 2020-жыл
Орто аралык индикатор
Акыркы индикатор же максаттуу көрсөткүчтөр
Жооптуу орган
2024-жыл
2025-жыл
2026-жыл
1. Адамдарды сатуу жана мажбурлап иштетүү жөнүндө калктын маалымдуулугун камсыз кылуу боюнча маалыматтык өнөктүктөр
1
Адамдарды сатуу жана мажбурлап иштетүү проблемасынын мүнөзү жана масштабы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү жана маалыматтарды чогултуу:
- түпкү себептери боюнча;
- тенденциялар боюнча;
- эксплуатациялоо максатында кызмат көрсөтүүлөргө жана жумушчу күчкө суроо-талап боюнча;
- алдын алуу жана кайрадан кабылууга жол бербөө максатында көрсөтүлүүчү жардамдын проблемалары жана кемчиликтери боюнча
Муктаждыктарды баалоо жана сунуштарды берүү менен аналитикалык отчеттордун саны
бир.
-
-
1
1
2
ЭСКММ, ИИМ, ММСЖСМ, ССМ, БИМ, ТИМ. ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
2
Стандарттарга жана максаттуу топтордун керектөөлөрүнө ылайык маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу
ЭСКММ сайтында маалыматтык материалдардын саны
бир.
-
2
3
3
8
ЭСКММ, ММСЖСМ, ИИМ, БИМ. ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
3
Адамдарды сатууну жана мажбурлап иштетүүнү чагылдыруу боюнча Интернет мейкиндиги жана социалдык тармактар үчүн контенттин жаңы моделдерин жана түрлөрүн (вирустук видео-роликтер ж.б.) иштеп чыгуу
Интернет мейкиндиги жана социалдык тармактар үчүн контенттин жаңы моделдеринин жана түрлөрүнүн саны
бир.
-
-
1
1
2
ЭСКММ, ММСЖСМ, ССМ, БИМ, ИИМ. ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
4
Адамдарды сатуу жана мажбурлап иштетүү менен байланышкан атайын тематикалык рубрикаларды түзүү менен квартал сайын ЖМКга чагылдырууну уюштуруу
Өткөрүлгөн тематикалык рубрикалардын саны
бир.
-
1
4
4
9
ЭСКММ, ММСЖСМ, ИИМ, БИМ, ССМ. ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
5
Адам сатуунун жана мажбурлап иштетүүнүн алдын алуу боюнча видео жана аудио фильмдерди, роликтерди, маалыматтык-окуу материалдарынын төрт түрүн (баракча, плакат, брошюра, буклет) чыгарууну камсыз кылуу
Видео жана аудио фильмдердин, роликтердин, брошюралардын, буклеттердин, лефлеттердин саны
бир.
-
-
4 (кварталына 1 жолу)
4 (кварталына 1 жолу)
8
ЭСКММ, ИИМ, БИМ, ССМ. УТРК, ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
6
Акысыз эфир берүү менен адамдарды сатуу жана мажбурлап иштетүү проблемасы жөнүндө тематикалык видеофильмдерди, роликтерди, социалдык жарнамаларды көрсөтүү
Эфирге чыккан видео фильмдердин, роликтердин, социалдык жарнамалардын саны
бир.
-
-
4 (кварталына 1 жолу)
4 (кварталына 1 жолу)
8
ЭСКММ, ММСЖСМ, ИИМ, БИМ, ССМ. УТРК, ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
7
Жалпы билим берүү уюмдарында жана башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында адамдарды сатуунун жана мажбурлап иштетүүнүн алдын алуу боюнча окуу пландарын жана программаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
Программалардын, окуу модулдарынын, нускамалардын жана окуу куралдарынын саны
бир.
-
1
1
1
3
БИМ. ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
Сааттардын саны
саат
-
-
2
2
4
Окутулган адамдардын саны
адам
-
-
500дөн аз эмес
500дөн аз эмес
2000
8
АСКларды кайра жиберүүнүн улуттук механизминин алкагында ЖМКларда адамдарды сатуунун кесепетинен жабыр тарткандар үчүн көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө чагылдыруу (ВАК, укуктук, медициналык, психологиялык, адвокаттык кызмат көрсөтүүлөр, ишеним телефондору ж.б. жардам, сайттар: migrant.kg, emgek.kg, КЭУлардын улуттук базасы)
ЖМКларда берилген материалдардын саны
бир.
-
1
3
4
8
ЭСКММ, ИИМ, ММСЖСМ, ССМ, БИМ. ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
9
Маалыматтык иш-чаралардын комплексин өткөрүү жана ЖМКларда адамдарды сатуу темасын чагылдыруу
Өткөрүлгөн иш-чаралардын саны (конференциялар, семинарлар, флешмобдор, ЖМКларда макалаларды жарыялоо ж.б.) Маалыматтык кампания учурунда маалымат алгандардын саны
бир.
-
ар бир облуста 5тен кем эмес иш-чара
ар бир облуста 10дон кем эмес иш-чара
ар бир облуста 10дон кем эмес иш-чара
25 иш-чара
ЭСКММ, ММСЖСМ, ИИМ, ТИМ, БИМ, ССМ, КРП облустардагы ЫУӨ.
адам
-
500дөн кем эмес
1000ден кем эмес
1000ден кем эмес
2500
ЖӨБО, ЭУ, БӨУ (макулдашуу боюнча)
10
Сурамжылоо жана анкеталар аркылуу аялуу топтордун маалыматка болгон муктаждыктарын баалоо
Отчеттун болушу
бир.
-
-
1
1
2
ЭСКММ, ММСЖСМ, ССМ, БИМ.
Сурамжылоого катышкандарды камтуу
адам
-
-
100дөн кем эмес
100дөн кем эмес
200
ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
11
Калктын аялуу топторунун арасында маалыматтык-агартуу жана маалыматтык-кеңеш берүү иш-чараларын жүргүзүү
Өткөрүлгөн иш-чаралардын жана басылмалардын саны
бир.
-
1
2
2
5
ЭСКММ, ММСЖСМ, ИИМ, ТИМ, БИМ, ССМ, КРП облустардагы ЫУӨ.
Камтылган адамдардын саны
адам
-
50дөн кем эмес
100дөн кем эмес
100дөн кем эмес
250
ЖӨБО, ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, анын ичинде ЖМК жана КЭУ адистеринин адамдарды сатуунун жана мажбурлап иштетүүнүн алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча потенциалын жогорулатуу
12
Иштелип чыккан модулдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды, КЭУ жана ЖМК өкүлдөрүн окутуу
Семинар, тренингдердин саны
бир.
-
1
3
3
7
ЭСКММ, ММСЖСМ, ИИМ, ТИМ, БИМ, ССМ, УСК, КРП облустардагы ЫУӨ.
Окугандардын саны
адам
-
25
75
75
175
ЖӨБО, ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
13
Консулдук жана дипломатиялык мекемелердин, диаспоралардын персоналын адамдарды сатуу жана мажбурлап иштетүү темасы боюнча окутуу
Семинарлардын, тренингдердин саны
бир.
-
-
2
2
4
ТИМ, ЭСКММ
Окугандардын саны
адам
-
-
50дөн кем эмес
50дөн кем эмес
100
ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
14
ЖМК өкүлдөрүн журналисттик иликтөө жүргүзүү боюнча окутуу
Семинарлардын, тренингдердин саны
бир.
-
-
1
1
2
ЭСКММ, ММСЖСМ
Окугандардын саны
адам
-
-
25
25
50
ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
15
Мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардан, ЖМК, КЭУ ичинен эксперттер тобун түзүү
Эксперттер тобу түзүлдү жана ЭСКММ сайтына жайгаштырылды
бир.
-
1
-
-
1
ЭСКММ, ММСЖСМ ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
3. Ишке ашырууга мониторинг жана талдоо жүргүзүү
16
Сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр менен маалыматтык стратегиянын ишке ашырылган иш-чараларын чогултуу жана талдоо
Жыл сайын берилүүчү отчеттор
бир.
-
1
1
1
3
ЭСКММ ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
17
Маалыматтык стратегияны натыйжалуу ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты чыңдоо
Ишке ашырууну талкуулоо боюнча жыйналыштардын саны
бир.
-
1
2
2
5
ЭСКММ, ММСЖСМ, ССМ, ИИМ, БИМ ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
Кыскартуулардын тизмеси:
АСК
-
адамдарды сатуунун курмандыктары
ВАК
-
ведомстволор аралык комиссия
ЭСКММ
-
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
ММСЖСМ
-
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги
ИИМ
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
ТИМ
-
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
БИМ
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
ССМ
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
КРП облустардагы ЫУӨ
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлү
ЖӨБО
-
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
ЭУ
-
эл аралык уюмдар
КЭУ
-
коммерциялык эмес уюмдар
4-тиркеме
2024-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатуунун алдын алуу боюнча маалыматтык стратегияны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планынын БЮДЖЕТИ
№
Милдеттер
Чаралар
Жооптуу аткаруучулар
Ишке ашыруу мөөнөтү
Өлчөө бирдиги
Каржылоо муктаждыгы
Мүмкүнчүлүктөр
Финансылык айырма
респ. бюджет
гранттар
башка
жалпы
респ. бюджет
гранттар
башка
жалпы
респ. бюджет
гранттар
башка
жалпы
1. Адамдарды сатуу жана мажбурлап иштетүү жөнүндө калктын маалымдуулугун камсыз кылуу боюнча маалыматтык өнөктүктөр
1.1
Стандарттарга жана максаттуу топтордун керектөөлөрүнө ылайык маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу
1.1.1. Адамдарды сатуу жана мажбурлап иштетүү проблемасынын мүнөзү жана масштабы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү жана маалыматтарды чогултуу:
- түпкү себептери боюнча;
- тенденциялар боюнча;
- эксплуатациялоо максатында кызмат көрсөтүүлөргө жана жумушчу күчкө суроо-талап боюнча;
- алдын алуу жана кайрадан кабылууга жол бербөө максатында көрсөтүлүүчү жардамдын проблемалары жана кемчиликтери боюнча
ЭСКММ, ИИМ, ММСЖСМ, ССМ, БИМ, ТИМ. ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
дайыма
миң сом
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
1.1.2. Стандарттарга жана максаттуу топтордун керектөөлөрүнө ылайык маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу
ЭСКММ, ММСЖСМ, ИИМ, БИМ.
дайыма
миң сом
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
миң евр.
0
1,0
0
1,0
0
1,0
0
1,0
0
0
0
0
1.1.3. Адамдарды сатууну жана мажбурлап иштетүүнү чагылдыруу боюнча Интернет мейкиндиги жана социалдык тармактар үчүн контенттин жаңы моделдерин жана түрлөрүн (вирустук видео-роликтер ж.б.) иштеп чыгуу
ЭСКММ, ММСЖСМ, ССМ, БИМ, ИИМ.
дайыма
миң сом
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
миң дол.
0
1,0
0
1,0
0
1,0
0
1,0
0
0
0
0
1.1.4. Адамдарды сатуу жана мажбурлап иштетүү менен байланышкан атайын тематикалык рубрикаларды түзүү менен квартал сайын ЖМКга чагылдырууну уюштуруу
ЭСКММ, ММСЖСМ, ИИМ, БИМ, ССМ. ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
дайыма
миң сом
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
1.1.5. Адам сатуунун жана мажбурлап иштетүүнүн алдын алуу боюнча видео жана аудио фильмдерди, роликтерди, маалыматтык-окуу материалдарынын төрт түрүн (баракча, плакат, брошюра, буклет) чыгарууну камсыз кылуу
ЭСКММ, ММСЖСМ, ИИМ, ССМ, БИМ, ТИМ.
дайыма
миң сом
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
миң дол.
0
1,5
0
1,5
0
1,5
0
1,5
0
0
0
0
УТРК, ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
миң евр.
0
1,0
0
1,0
0
1,5
0
1,5
0
0
0
0
1.1.6. Акысыз эфир берүү менен адамдарды сатуу жана мажбурлап иштетүү проблемасы жөнүндө тематикалык видеофильмдерди, роликтерди, социалдык жарнамаларды көрсөтүү
ЭСКММ, ММСЖСМ, ИИМ, ССМ, БИМ. УТРК, ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
дайыма
миң сом
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
1.1.7. Жалпы билим берүү уюмдарында жана башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында адамдарды сатуунун жана мажбурлап иштетүүнүн алдын алуу боюнча окуу пландарын жана программаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
БИМ. ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
дайыма
миң сом
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
1.1.8. АСКларды кайра жиберүүнүн улуттук механизминин алкагында ЖМКларда адамдарды сатуунун кесепетинен жабыр тарткандар үчүн көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө чагылдыруу (ВАК, укуктук, медициналык, психологиялык, адвокаттык кызмат көрсөтүүлөр, ишеним телефондору ж.б. жардам, сайттар: migrant.kg, emgek.kg, КЭУлардын улуттук базасы)
ЭСКММ, ИИМ, ММСЖСМ, ССМ, БИМ. ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
дайыма
миң сом
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
1.2
Бүткүл дүйнөлүк адам сатууга каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чаралардын комплексин өткөрүү (30-июль)
Маалыматтык иш-чаралардын комплексин өткөрүү жана ЖМКларда адамдарды сатуу темасын чагылдыруу
ЭСКММ, ММСЖСМ, ИИМ, ТИМ, БИМ, ССМ, КРП облустардагы ЫУӨ. ЖӨБО, ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
жыл сайын
миң дол.
0
1,0
0
1,0
0
1,0
0
1,0
0
0
0
0
1.3
Калктын аялуу топторуна адамдарды сатуу жана мажбурлап иштетүү боюнча маалымат берүү
1.3.1. Сурамжылоо жана анкета аркылуу аялуу топтордун маалымдуулук муктаждыктарын баалоо
ЭСКММ, ММСЖСМ, ССМ, БИМ. ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
III-IV квартал
миң сом
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
1.3.2. Калктын аялуу топторунун арасында маалыматтык-агартуу жана маалыматтык-кеңеш берүү иш-чараларын жүргүзүү
ЭСКММ, ММСЖСМ, ИИМ, ТИМ, БИМ, ССМ, КРП облустардагы ЫУӨ. ЖӨБО, ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
жыл сайын
миң сом
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, анын ичинде ЖМК жана КЭУ адистеринин адамдарды сатуунун жана мажбурлап иштетүүнүн алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча потенциалын жогорулатуу
2.1
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын адистерин, КЭУ жана ЖМК өкүлдөрүн адамдарды сатуунун жана мажбурлап иштетүүнүн алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелери боюнча даярдоо
2.1.1. Иштелип чыккан модулдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды, КЭУ жана ЖМК өкүлдөрүн окутуу
ЭСКММ, ММСЖСМ, ИИМ, ТИМ, БИМ, ССМ, УСК, КРП облустардагы ЫУӨ. ЖӨБО, ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
жыл сайын
миң сом
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
2.1.2. Консулдук жана дипломатиялык мекемелердин, диаспоралардын персоналын адамдарды сатуунун жана мажбурлап иштетүүнүн алдын алуу боюнча окутуу
ТИМ, ЭСКММ ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
жыл сайын
миң сом
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
2.1.3. ЖМК өкүлдөрүн журналисттик иликтөө жүргүзүү боюнча окутуу
ЭСКММ, ММСЖСМ ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
жыл сайын
миң сом
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
2.1.4. Критерийлерге ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардан, ЖМК, КЭУ ичинен эксперттер тобун түзүү
ЭСКММ, ММСЖСМ ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
2024-ж. II кварталы
миң сом
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
3. Ишке ашырууга мониторинг жана талдоо жүргүзүү
3.1
Чыгарылган, транзиттик жана бара турган өлкөлөрдө маалыматтык стратегиянын натыйжалуулугуна байкоо жүргүзүү
3.1.1. Сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр менен маалыматтык стратегиянын ишке ашырылган иш-чараларын чогултуу жана талдоо
ЭСКММ ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
жыл сайын
миң сом
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
3.1.2. Маалыматтык стратегияны натыйжалуу ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты чыңдоо
ЭСКММ, ММСЖСМ, ИИМ, БИМ, ССМ ЭУ, КЭУ (макулдашуу боюнча)
жыл сайын
миң сом
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
2024-жылдын 26-мартына карата доллардын болжолдуу курсу - 89,5100 сом/долл. 2024-жылдын 26-мартына карата евронун болжолдуу курсу - 97,0915 сом/евро.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- 2024-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатуунун алдын алуу боюнча МААЛЫМАТТЫК СТРАТЕГИЯ (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-майындагы № 242-т тескемесине)Стратегия · 16.05.2024 · № 242-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 50-т (Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин алкагында Универсалдуу мезгилдүү сереп…Распоряжение · 31.01.2025 · № 50-р
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды…Постановление · 15.04.2022 · № 227