Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
3094-берене. Соода базарларынын/кичи базарлардын ээлери (дирекциялары) тарабынан турак эмес мүлк объекттери жөнүндө маалыматты салык кызматынын органдарына бербөө жана/же берүү тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу
Күчүндө · 12.02.2025 редакциясы
Соода базарларынын/кичи базарлардын ээлери (дирекциялары) тарабынан кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда каттоодон өтпөгөн базарлардын/кичи базарлардын аймагында жайгашкан турак эмес мүлк объекттери жөнүндө маалыматты бербөө жана/же берүү тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу, – юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
7) 312-беренеде «100» жана «280» деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша «300» жана «800» деген цифраларга алмаштырылсын;
8) 313-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«313-берене. Милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон товарларды отун маркерисиз же маркалоо каражаттарын товарга жана/же анын таңгагына чаптабастан өндүрүү, импорттоо жана сатып ɵткɵрүү
Маркаланууга тийиш болгон товарларды отун маркерисиз же акциздик маркаларды же идентификациялоо каражаттарын товарга жана/же анын таңгагына чаптабастан өндүрүү, импорттоо, ташып киргизүү, сактоо жана сатуу, ага тете идентификациялоо каражаттарын пайдалануунун белгиленген тартибин жана/же эрежелерин бузуу, эгерде мындай укук бузуу кылмыштын белгилерин камтыбаса, – жеке жактарга 300 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 800 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
9) 314-берененин экинчи абзацында «200» жана «650» деген цифралар тиешелүүгүнө жараша «300» жана «800» деген цифраларга алмаштырылсын;
10) төмөнкүдөй мазмундагы 3162 жана 3163-беренелер менен толукталсын:
«3162-берене. Навигациялык пломбаларды пайдалануу менен тышкы экономикалык иштин катышуучусу тарабынан навигациялык пломбаларды пайдалануу менен товарларды ташууга байкоо жүргүзүү тутумунун улуттук операторуна маалыматтарды бербөө жана/же берүү тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу
Эгерде көрсөтүлгөн маалыматтарды берүү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана/же ЕАЭБдин укуктарына ылайык милдеттүү болуп саналса, навигациялык пломбаларды пайдалануу менен тышкы экономикалык иштин катышуучулары тарабынан навигациялык пломбаларды пайдалануу менен товарларды ташууларга байкоо жүргүзүү тутумунун улуттук операторуна маалыматтарды бербөө жана/же берүү тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу – жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Берененин тексти 12.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230022035/st-3094" title="3094-берене - Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>