Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
7-берене
Күчүндө · 12.02.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122–133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 31-берененин 3 жана 4-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Өлчөмү 5 эсептик көрсөткүчтөн кем болбогон, ушул Кодекстин 318-беренесинде каралган укук бузуулар үчүн салынган айып пулдарды кошпогондо, жеке жактарга салынуучу айып пулдун эң аз өлчөмү 10 эсептик көрсөткүчтөн кем болушу мүмкүн эмес. Өлчөмү 1000 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 76, 77, 771, 149, 2841, 2842, 312, 313, 314, 3721 жана 373-беренелеринде каралган укук бузуулар үчүн салынуучу айып пулдарды кошпогондо, жеке жактарга салынуучу айып пулдун эң көп өлчөмү 200 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.
4. Юридикалык жактарга салынуучу айып пулдун эң аз өлчөмү 50 эсептик көрсөткүчтөн кем болушу мүмкүн эмес.
Өлчөмү 2000 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 76, 77, 771, 144, 149, 2841, 2842, 312, 313, 314 жана 346-беренелеринде каралган, өлчөмү 10000 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 3091 жана 318-беренелеринде каралган жана өлчөмү 1500 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 3721 жана 373-беренелеринде каралган укук бузуулар үчүн салынуучу айып пулдарды кошпогондо, юридикалык жакка салынуучу айып пулдун эң көп өлчөмү 650 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш же аныктоо тартиби ушул берененин 6-бөлүгүндө каралган эселенген чоңдукта көрсөтүлүшү мүмкүн.»;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 901-берене менен толукталсын:
«901-берене. Эмгек акыны накталай эмес формада төлөө боюнча талаптарды аткарбоо
Иш берүүчү – юридикалык жак тарабынан эмгек акыны накталай эмес формада төлөө боюнча талаптарды аткарбоо – юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
3) 282-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында «30» деген цифралар «45» деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацында «55» деген цифралар «75» деген цифраларга алмаштырылсын;
в) 3-бөлүктүн экинчи абзацында «100» деген цифралар «150» деген цифраларга алмаштырылсын;
4) 283-беренеде:
а) биринчи абзацта «(көлөмүндө 40 пайыздан ашык этил спиртинин үлүшүн камтуу менен)» деген сөздөр алып салынсын;
б) экинчи абзацта «30» деген цифралар «45» деген цифраларга алмаштырылсын;
5) 308-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«308-берене. Салык салуудан качуу
1. Салык отчетторун кошпогондо, салыктарды эсептөө жана бюджетке төлөө менен байланышкан документтердин жоктугу, аны бербөө же берүү мөөнөттөрүн
бузуу, – жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Салыктык текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган жашырууну (төмөндөтүүнү) кошпогондо, пайданы, кирешени же салык салуунун башка объекттерин жашыруу (төмөндөтүү) менен салык салуудан качуу, –
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
6) төмөнкүдөй мазмундагы 3093 жана 3094-беренелер менен толукталсын:
««3093-берене. Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, такси кызматына жана курьердик кызматка тапшырык берүү үчүн колдонулуучу маалыматтык тутумуна субъекттерди туташтырууну камсыз кылуучу салык төлөөчүгө коюлуучу талаптарды бузуу
Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, такси кызматына жана курьердик кызматка тапшырык берүү үчүн колдонулуучу маалыматтык тутумуна субъекттерди туташтырууну камсыз кылуучу салык төлөөчүгө коюлуучу талаптарды бузуу, –
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Берененин тексти 12.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230022035/st-7" title="7-берене - Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>