Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
3163-берене. Навигациялык пломбаларды пайдалануу менен товарларды
Күчүндө · 12.02.2025 редакциясы
ташууларга байкоо жүргүзүү тутумунун улуттук операторунун милдеттерди аткарбоосу же талаптагыдай эмес аткаруусу
1. Навигациялык пломбаларды пайдалануу менен товарларды ташууларга байкоо жүргүзүү тутумунун улуттук операторунун милдеттерди аткарбоосу же талаптагыдай эмес аткаруусу –
юридикалык жактарга 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайра жасалган ошол эле жосун –
юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
11) 317-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«317-берене. Банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрихкоддун (QR-кодду) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө арналган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) колдонбоо
1. Соода ишин жүзөгө ашырууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө сатуучуларда (аткаруучуларда) банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрих-коддун (QR-кодду) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн арналган жабдуулардын (программалык-техникалык түзүлүштөрдүн) жоктугу, –
жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Соода ишин жүзөгө ашырууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө аларды кабыл алууга милдеттүү болгон сатуучулар (аткаруучулар) тарабынан банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрихкоддун (QR-коддун) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуудан баш тартуу, –
жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга – 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
12) төмөнкүдөй мазмундагы 3171-берене менен толукталсын:
«3171-берене. Банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрихкоддун (QR-кодду) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө арналган, башка жактын атына катталган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) субъект тарабынан колдонуу
1. Банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрихкоддун (QR-кодду) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө арналган, башка жактын атына катталган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) субъект тарабынан колдонуу –
жеке жактарга жана юридикалык жактарга эскертүү берүүгө алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, жаза чарасы колдонулгандан кийин кайра жасалган ошол эле жосун, –
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга – 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
13) 322-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
14) 467-беренеде «282 жана 283-беренелеринде» деген сөздөр «282, 283, 312–314-беренелеринде» деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 470-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«470-берене. Мамлекеттик салык кызматынын ыйгарым укуктуу органы
Мамлекеттик салык кызматынын ыйгарым укуктуу органы ушул Кодекстин 901, 308, 3081, 309–3094, 311–3163-беренелеринде, 317-беренесинин 1-бөлүгүндө, 3171, 318–323 жана 354-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларын көрөт.»;
16) 494-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«494-берене. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган
Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 76, 286–294-беренелеринде, 317-беренесинин 2-бөлүгүндө, 403, 404, 405-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларын көрөт.»;
17) 563-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Ушул Кодекстин 308, 3081, 3092, 3111, 317-беренелеринде, 318-беренесинин 2–42-бөлүктөрүндө, 319, 321 жана 354-беренелеринде каралган укук бузуулар үчүн айып пулдар төлөнгөн учурда, айып пул салуу жөнүндө токтом алынган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде айып пулдардын өлчөмдөрү 70 пайызга азайтылат.»;
Берененин тексти 12.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230022035/st-3163" title="3163-берене - Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>