Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин «Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына тарифтерди белгилөөнүн методикасын бекитүү жөнүндө» буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Приказ Министерства энергетики КР от 24 июля 2025 года № 13-82 "О признании утратившим силу приказа Министерства энергетики Кыргызской Республики Республики «Об утверждении Методики установления тарифа на электрическую энергию, вырабатываемой с использованием возобновляемых источников энергии» от 22 января 2025 года № 13-7"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-07-24.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2026-жылдын 24-июлундагы № 13-82 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 22-январы № 13-7
“Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына тарифтерди белгилөөнүн методикасын бекитүү жөнүндө”
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:
1. Тиркемеге ылайык энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына тарифтерди белгилөө методикасы бекитилсин.
2. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү бөлүмү:
- бул буйрук катталган күндөн тартып үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ченемдик укуктук актынын көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2023-жылдын 17-ноябрындагы № 01-13/235 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына тарифтерди белгилөөнүн методикасын бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменти Методиканын ченемдеринин сакталышына ай сайын көзөмөл жана мониторинг жүргүзсүн
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-январындыгы № 5 (3661) саны менен жарыяланды
| Министр | | Т.О. Ибраев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2026-жылдын 24-июлундагы № 13-82 Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025-жылдын 22-январындагы № 13-7 “Энергиянын…Приказ · 24.07.2026 · № 13-82
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2023-жылдын 17-ноябрындагы № 01-13/235 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына…Приказ · 17.11.2023 · № 01-13/235 · Күчүн жоготкон
- Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына тарифтерди белгилөөнүн методикасы (Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин…Методика · 22.01.2025 · № 13-7 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндөЗакон · 30.06.2022 · № 49
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2026-жылдын 24-июлундагы № 13-82 Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025-жылдын 22-январындагы № 13-7 “Энергиянын…Приказ · 24.07.2026 · № 13-82
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2023-жылдын 17-ноябрындагы № 01-13/235 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына…Приказ · 17.11.2023 · № 01-13/235 · Күчүн жоготкон