Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына тарифтерди белгилөөнүн методикасын бекитүү жөнүндө” буйругун күчүн жоготту деп таануу тууралуу» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 24-июлу № 13-82
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025-жылдын 22-январындагы № 13-7 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына тарифтерди белгилөөнүн методикасын бекитүү жөнүндө” буйругун күчүн жоготту деп таануу тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө жобонун 15-пунктун жетекчиликке алып буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025-жылдын 22-январындагы № 13-7 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына тарифтерди белгилөөнүн методикасын бекитүү жөнүндө” буйругун күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Пресс-катчысы ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин расмий сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяласын.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү бөлүмү белгиленген тартипте:
- ушул буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги эки нускадагы көчүрмөлөрүн, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө, жарыяланган булагы көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- ушул буйруктун көчүрмөсүн күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыялангандан күндөн тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары С.С.Садыракуновго жүктөлсүн.
| Министрдин м.у.а., Министрдин биринчи орун басары | | Ө.Ж. Жеңишбеков |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025-жылдын 22-январындагы № 13-7 «Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына…Приказ · 22.01.2025 · № 13-7 · Күчүн жоготкон
- Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына тарифтерди белгилөөнүн методикасы (Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин…Методика · 22.01.2025 · № 13-7 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 247
- Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндөЗакон · 30.06.2022 · № 49
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025-жылдын 22-январындагы № 13-7 «Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына…Приказ · 22.01.2025 · № 13-7 · Күчүн жоготкон