Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-январындагы № 29 токтомуна)
Жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук кеңеш (мындан ары - Улуттук кеңеш) жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелеринде мамлекеттик органдарды, бизнести, илимий мекемелерди жана коомчулукту координациялоону жана алардын өз ара аракеттенүүсүн, өлкөнүн тез санариптик өнүгүүсүнө жетишүү үчүн жасалма интеллект (мындан ары - ЖИ) технологияларын өнүктүрүүнү координациялоодо, экономика жана социалдык чөйрөнүн негизги секторлоруна инновациялык долбоорлорду киргизүүдө көмөк көрсөтүүнү камсыздоочу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
2. Улуттук кеңештин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, анын орун басары болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын маалыматтык технологиялар жана санариптик трансформациялоо маселелерин тескеген орун басары саналат.
3. Улуттук кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Улуттук кеңештин төрагасы жана мүчөлөрү өздөрүнүн ишин коомдук башталышта жүргүзөт.
5. Улуттук кеңештин катчылыгынын функцияларын санариптик өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
6. Улуттук кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 90 "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын, санариптик өнүктүрүү жана санариптик трансформациялоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
7. Улуттук кеңеш өз ишинде министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, илимий жана академиялык мекемелер, эксперттик уюмдар, ошондой эле өкмөттүк эмес, коомдук жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенет.
2-глава. Улуттук кеңештин негизги милдеттери, функциялары жана укуктары
8. Улуттук кеңештин негизги милдеттери жана функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- ЖИни экономикада, саламаттык сактоодо, билим берүүдө, транспортто, өнөр жайда жана башка секторлордо колдонуунун негизги багыттары жана изилдөөлөр жаатындагы артыкчылыктарды аныктоо;
- ЖИни этикалык колдонуу принциптерин киргизүү;
- ЖИ жаатындагы адистердин илимий потенциалын өнүктүрүү, аларды окутуу, (кайра) даярдоо программалары боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- ЖИнин базасында илимий изилдөөлөргө дем берүү жана инновациялык чечимдерди киргизүү;
- стартаптарды жана чакан инновациялык ишканаларды, ЖИ технологияларын тестирлөө үчүн пилоттук долбоорлорду мамлекеттик колдоо чаралары боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- ЖИни иштеп чыгууга жана киргизүүгө байланышкан эл аралык демилгелерге катышуу жана ЖИни өнүктүрүүнү башкаруунун мыкты дүйнөлүк практикаларын киргизүү;
- ЖИни колдонууга байланышкан тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды, анын ичинде коопсуздук жана социалдык туруктуулук маселелерин аныктоо жана сунуштоо;
- өлкөнүн тез санариптик өнүгүүсүнө жетишүү үчүн ЖИ чөйрөсүн өнүктүрүүдө, инновациялык технологияларды киргизүүдө министрликтердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын ишин координациялоо;
- ЖИ инструменттерин киргизүү боюнча сунуштамаларды жана аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча башка милдеттерди аткаруу.
9. Улуттук кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- министрликтерден, мамлекеттик комитеттен, административдик ведомстволордон, башка мамлекеттик органдардан жана коомдук уюмдардан маалыматты, дайындарды, серептерди, ошондой эле өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон техникалык жана консультациялык жардам суроого;
- ЖИ инструменттерин иштеп чыгуу, киргизүү жана пайдалануу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жакшыртуу маселелери боюнча сунуштарды даярдоого жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизүүгө;
- убактылуу ведомстволор аралык жумушчу топторду түзүүгө. Убактылуу ведомстволор аралык жумушчу топторду түзүү, милдеттери жана жеке курамы жөнүндө маселе Улуттук кеңештин төрагасы тарабынан чечилет;
- Улуттук кеңештин ишинин жыйынтыктарын массалык маалымат каражаттарына жарыялоого.
3-глава. Улуттук кеңештин ишин уюштуруу
10. Маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу жыйналыштарда Улуттук кеңештин төрагасынын, ал жокто - төраганын орун басарынын жетекчилиги астында жүргүзүлөт.
11. Улуттук кеңештин чечимдери протоколдор менен таризделет, аларга жыйналышта төрагалык кылган адам кол коёт жана тиешелүү министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, өкмөттүк эмес, коомдук жана башка уюмдарга жиберилет.
12. Улуттук кеңештин жыйналыштары зарылчылыкка жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
13. Улуттук кеңештин жыйналышына төраганын чечими боюнча эл аралык уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес түзүмдөрдүн кызматкерлери чакырылышы мүмкүн.
14. Улуттук кеңештин чечимдери жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Улуттук кеңештин чечимине макул болбогон анын мүчөлөрү өзгөчө пикирин билдире алышат, ал жыйналыштын протоколуна киргизилет.
15. Добуштар бирдей болгон учурда, Улуттук кеңештин жыйналышында төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.
16. Улуттук кеңештин ишин Улуттук кеңештин төрагасы, ал жок болгон учурда - төраганын орун басары бекиткен күн тартибине ылайык катчылык уюштурат.
17. Улуттук кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмалары, Улуттук кеңештин мүчөлөрүнүн сунуштары негиз болуп саналат. Сунуштар Улуттук кеңештин катчылыгына жыйналыш өткөнгө чейин 5 күн мурун берилет.
18. Улуттук кеңештин иштөө регламентин Улуттук кеңеш өз алдынча аныктайт, жыйналыштарды өткөрүү орду төрага, ал жок болгон учурда - төраганын орун басары тарабынан аныкталат.
19. Улуттук кеңештин иши Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин чечими боюнча токтотулат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 90 "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.04.2024 · № 90
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-январындагы № 29 "Жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 22.01.2025 · № 29