Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук кеңеш жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-январы № 29
Жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук кеңеш жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 844 токтомунун редакциясына ылайык)
Жасалма интеллект технологияларын өнүктүрүү жана экономиканын жана социалдык чөйрөнүн негизги секторлоруна киргизүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жасалма интеллект чөйрөсүндөгү долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу, аларды колдонуунун коопсуздугун жогорулатуу, өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүү илимий жана билим берүү потенциалын калыптандыруу жана эл аралык аренада Кыргыз Республикасынын жасалма интеллект жаатындагы позициясын күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 90 "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17, 18-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-январындагы № 5 (3661) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
1-тиркеме
Жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук кеңештин
КУРАМЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 844 токтомунун редакциясына ылайык)
Кызмат орду боюнча: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Улуттук кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын маалыматтык технологиялар жана санариптик трансформациялоо маселелерин тейлеген орун басары, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын кырдаалдык борборунун директору; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын кырдаалдык борборунун директорунун орун басары - санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмдүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн социалдык секторунун саламаттык сактоо маселелерин тейлеген башкы эксперти; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн социалдык секторунун билим берүү маселелерин тейлеген башкы эксперти; Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын директору; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча). Жекече (макулдашуу боюнча): Пузанов Олег Владимирович - "Энжи ЭйАй" жоопкерчилиги чектелген коомунун кошо негиздөөчүсү; Окенов Мирбек Турдубекович - "УЛУТ Софт" жоопкерчилиги чектелген коомунун кошо негиздөөчүсү; Адаев Эрхан Эрнстович - "ЭйАй Экедеми" жоопкерчилиги чектелген коомунун кошо негиздөөчүсү жана жетекчиси; Байкулова Ирина Султановна - "АИДА" жасалма интеллект системаларын иштеп чыгуучулардын жана ээлеринин ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору; Усенов Жапар Джолдошбекович - маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү эксперт; Шатемиров Кубанычбек Таалайбекович - маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү эксперт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-январындагы № 29 токтомуна)Положение · 22.01.2025 · № 29
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 844 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-январындагы № 29 "Жасалма…Постановление · 29.12.2025 · № 844
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 90 "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.04.2024 · № 90
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.