9-берене. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуудагы тыюу салуучу чаралар
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы
1. Юридикалык жана жеке жактарга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) ушул Мыйзамга карама-каршы келген, биологиялык коопсуздук коркунучун жараткан чечимдерди кабыл алууга жана аракеттерди жасоого;
2) патогендүү биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын колдонуу боюнча үчүнчү жактардын санкцияланбаган ишине көмөк көрсөтүүгө;
3) патогендүү биологиялык агенттерди жана заманбап биотехнология азыктарын биологиялык курал катары пайдалануу үчүн аларды иштеп чыгууга жана иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүгө, анын ичинде биологиялык куралды өндүрүүгө арналган объекттерди, жабдууларды жана материалдарды курууга жана сатып алууга;
4) потенциалдуу кооптуу биологиялык объекттерден патогендүү биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын уурдоо же чыгарып жиберүү, анын ичинде аларды диверсиялык максаттарда жайылтуу аркылуу калкка жана айлана-чөйрөгө потенциалдуу коркунуч жаратууга;
5) Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын Улуттук контролдоо тизмесине киргизилбеген патогендүү биологиялык агенттерди жана кош багыттагы өнүмдү экспорттук контролдоо жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин бузуу менен чек ара аркылуу алып өтүүгө.
2. Лицензиясы жок жеке жактарга жана юридикалык жактарга патогендүү биологиялык агенттер жана/же заманбап биотехнология азыктары менен ишти тиешелүү лицензиясыз жүзөгө ашырууга тыюу салынат.
3. Кош багыттагы өнүмдөрдү чек ара аркылуу алып өтүүгө экспорттук контролду жүзөгө ашыруу тартиби жана Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын Улуттук контролдоо тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230021166/st-9" title="9-берене - Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>