5-берене. Биологиялык коркунучтардын түрлөрү
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы
1. Биологиялык коркунучтардын түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) табигый, техногендик, аскердик кырдаалдардын потенциалдуу коркунучтуу биологиялык объекттерге таасири;
2) патогендүү биологиялык агенттерди санкциясыз жүгүртүү жана аларга жетүү жана аларды чек ара аркылуу алып өтүү;
3) адамдын жана/же жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн инфекциялык (анын ичинде өзгөчө коркунучтуу, карантиндик) ооруулардын айрым түрлөрү менен ооруп калышынын орточо статистикалык деңгээлден ашуусу;
4) патогендүү биологиялык агенттерди иштетүүдө адамдарга жана айлана-чөйрөгө жуктуруу;
5) патогендүү биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын биологиялык курал катары колдонуу;
6) биологиялык коркунучтун булактары жайгашкан же патогендүү биологиялык агенттерди колдонуу менен жумуштар аткарылган объекттерде авариялардын келип чыгышы, террористтик актылардын, диверсиялардын жасалышы;
7) патогендүү биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын чек ара аркылуу өткөрүп берүү.
2. Биологиялык коркунучтардын алдын алуу жана болтурбоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230021166/st-5" title="5-берене - Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>