4-берене. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуунун негизги принциптери
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы
Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу төмөнкүдөй принциптерге негизденет:
1) адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин үстөмдүгү;
2) улуттук кызыкчылыктардын артыкчылыгы;
3) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелеринде калктын кабардар болушун арттыруу;
4) биологиялык коопсуздук коркунучу болгон учурда иштин ар кандай түрлөрүн жүзөгө ашырууну карантиндик иш-чараларды киргизүү, биологиялык материалдарды жүгүртүүнү контролдоо, биологиялык материалдар менен иштөөдө персоналдын коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу усулдары менен чектөө жана/же ишти токтотуп туруу;
5) биологиялык коркунучтарга, анын ичинде биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын чек аралар аркылуу алып өтүүгө өз убагында жооп кайтаруу;
6) биологиялык коопсуздук талаптарын эске алуу менен ар кандай иштин адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин жана кесепеттерин ар тараптуу талдоо жана баалоо;
7) потенциалдуу кооптуу биологиялык агенттердин жана токсиндердин, анын ичинде генетикалык модификацияланган организмдердин адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө мүмкүн болуучу зыяндуу таасиринин тобокелдиктерин баалоодо илимий негизделген, интеграцияланган жана жекече мамиле кылууну пайдалануу;
8) патогендүү биологиялык агенттерди иштетүүнү контролдоо жана көзөмөлдөө;
9) биологиялык коопсуздук жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230021166/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>