3-берене. Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы
Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) калктын саламаттыгын жана айлана-чөйрөнү патогендүү биологиялык агенттердин таасиринин жана/же заманбап биотехнология азыктарын пайдалануунун ыктымалдуу жагымсыз кесепеттеринен коргоону камсыз кылуу;
2) калктын саламаттыгы жана айлана-чөйрө жагынан тиешелүү коопсуздук чараларын сактоо менен биотехнологияны өнүктүрүү жана пайдалануу;
3) биологиялык коопсуздук коркунучтарын комплекстүү болтурбоону камсыз кылуу жана патогендүү биологиялык агенттерди жана токсиндерди, ошондой эле заманбап биотехнология азыктарын пайдалануу менен байланышкан ыктымалдуу жагымсыз кесепеттерди азайтуу;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген, биологиялык коопсуздук жаатындагы эл аралык келишимдердин ченемдерин ишке ашыруу.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230021166/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>