Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ак-Сай айылдык кенешинин «Ак-Сай айылдык аймагынын айылдык кеңешин кайра каттоо жөнүндө» токтому
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Сай айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2024-жылдын 12-декабры № 10 Ак-Сай айылдык аймагынын айылдык кеңешин кайра каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын , “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик аймактык бирдиктер жөнүндө” 2024-жылдын 13-сентябры №165 Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин . “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып,Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат:
Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши,аймактык реформага байланыштуу Уч-Дөбө ,Таш-Тумшук айылдарынын Ак-Татыр айыл өкмөтүнө,Чет-кызыл участкасынын Төрт-Гул айыл өкмөтүнө кошулушу жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн Миң-Өрүк,Баткен шаарынын Мин-Булак участкалары Ак-сай айыл өкмөтүнө кошулуп, Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында кайра каттоодон өткөрүлсүн.
Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жобосу бекитилсин.
Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин юридикалык дареги Кыргыз Республикасы,Баткен облусу,Баткен району,Ак-Сай айылы болуп аныкталсын.
Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесин кайра каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин төрайымы Ш.М.Омуровага жүктөлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын,ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Айылдык кеӊешинин тѳрайымы
Ш.Омурова
“Бекитемин” Ак-Сай айылдык кеңешинин төрайымы_________Ш.Омурова “12” декабрь 2024-ж
Айылдык кеңештин убактылуу типтүү жобосу.
1.Жалпы жоболор.
1. Айылдык кеңештин ушул Убактылуу типтүү жобосун юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда айылдык кеңешти юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана айылдык кеңештин ишин жөнгө салат.
Айылдык кеңеш өз ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик аймактын реформа мезгилинде Ак-Сай айылдык кеңештин депутаттарынан турган (бириктирген) Ак-Сай айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы. Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары болот.
Айылдык кеңештин толук фирмалык аталышы :
- Мамлекеттик тилде - “Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси
- Расмий тилде - Айылный кеңеш “ Ак-Сайского айылного аймака” учреждение
- Айылдык кеңештин кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде- “Ак-Сай айылдык кеңеши”м-си
- Расмий тилде У-е “Ак-Сайский Айылный кеңеш”
-
Юридикалык дареги : Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Баткен району Ак-Сай айылы, К.Марданаев көчөсү , №7
Айылдык кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын , “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө “ Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.
2. Айылдык кеңештин ишинин укуктук жана уюуштуруучулук
негиздери
Айылдык кеңештин ишинин негизги уюуштуруучулук-укуктук формасы – сессия болуп саналат. Сессиялардын өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ошондой эле айылдык кеңештин регламенти менен аныкталат. Айылдык кеңештин компентенциясы, айылдык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби, айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын укуктары жана милдеттери, айылдык кеңештин ишин уюуштуруучулук жактан камсыз кылуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары жана айылдык кеңештин регламенти менен жөнгө салынат.
Пилоттук режимде администрациялык-аймактык реформаларды жүргүзүү мезгилинде айылдык кеңештин кошумча компентенциялары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 07-февралындагы №24 жарлыгы менен бекитилген Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан администрациялык-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жободо аныкталган.
3. Айылдык кеңештин чечимдери
Айылдык кеңештин чечимдери токтом жана буйрук түрүндө чыгарылат, ага айылдык кеңештин төрагасы, ал эми ал жок учурда айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кол коет. Айылдык кеңештин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө, ал эми башка актылары-буйрук түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ.
Айылдык кеңештердин ченемдик укуктук актылары “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет. Айылдык кеңештин башка актылары, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алган күндөн тартып күчүнө кирет
Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алган чечимдерин айылдык кеңештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү кабыл алат. Айылдык кеңештин төрагасынын буйруктары, эгерде актылардын өздөрүндө башкасы каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет. Айылдык кеңештин чечимдери алар кабыл алган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
4.Айылдык кеңешке келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик
12. Айылдык кеңештин мүлкүнө келтирилген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер) уюмдар жана мекемелер жарандар айылдык кеңештин алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.
13. Айылдык кеңештин мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.
5.Корутунду жоболор
14. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу “Жергиликттүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен ишке ашырылат.
15. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтердин сакталышы үчүн жооп керчилик айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлөт. Айылдык кеңештин документтери “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамга ылайык сакталат.
Ак-Сай айылдык кеңешинин төрайымы: Ш.Омурова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ № 24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин…Указ · 07.02.2024 · № 24
- Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Закон · 13.09.2024 · № 165
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону…Постановление · 31.03.2023 · № 178 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде…Указ · 29.12.2023 · № 370 · Күчүн жоготкон