Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 13-сентябры № 165
"Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1- берене "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктержөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2024-жылдын 23-июлу, №55 (3609)төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) 2-пункттөмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Баткен району боюнча: түзүлсүн:
- административдик борбору Ак-Татыр айылы менен Ак-Татыр айыл аймагы түзүлсүн жана 101-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик чеги бекитилсин;
- административдик борбору Самаркандек айылы менен Самаркандек айыл аймагы түзүлсүн жана 102-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик чеги бекитилсин;
- административдик борбору Жаңы-Жер айылы менен Төрт-Гүл айыл аймагы түзүлсүн жана 103-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик чеги бекитилсин;
- административдик борбору Бужум айылы менен Суу-Башы айыл аймагы түзүлсүн жана 104-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик чеги бекитилсин;
- административдик борбору Таян айылы менен Алтын-Бешик айыл аймагы түзүлсүн жана 105-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик чеги бекитилсин;
- административдик борбору Ак-Сай айылы менен Ак-Сай айыл аймагы түзүлсүн жана 106-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик чеги бекитилсин;
- административдик борбору Кара-Бак айылы менен Кара-Бак айыл аймагы түзүлсүн жана 107- тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик чеги бекитилсин.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-6-пункттар менен толукталсын:
"3) Лейлек району боюнча: түзүлсүн:
- административдик борбору Бешкент айылы менен Кең-Талаа айыл аймагы түзүлсүн жана108- тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик чеги бекитилсин;
- административдик борбору Катран айылы менен Лейлек айыл аймагы түзүлсүн жана 109-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик чеги бекитилсин;
- административдик борбору Кулунду айылы менен Кулунду айыл аймагы түзүлсүн жана 1010-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик чеги бекитилсин;
- административдик борбору Миң-Жыгач айылы менен Тогуз-Булак айыл аймагы түзүлсүн жана 1011-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде админист-ративдик чеги бекитилсин;
бекитилсин:
- 1012-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде адми нистративдик борбору Ак-Суу айылы менен Ак-Суу айыл аймагынын административдик чеги;
- 1013-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик борбору Борбордук айылы менен Жаңы-Жер айыл аймагынын административдик чеги;
- 1014-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик борбору Андарак айылы менен Сумбула айыл аймагынын административдик чеги;
- 1015-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде Раззаков шаарынын административдик чеги;
4) 1016-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде Баткен шаарынын административдик чеги бекитилсин;
5) 1017-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде Сүлүктү шаарынын административдик чеги бекитилсин;
6) 1018-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде Кызыл-Кыя шаарынын административдик чеги бекитилсин.".
2) Мыйзам ушул Мыйзамдын 1-18-тиркемелерине ылайык редакциядагы 101-1018-тиркемелер менен толукталсын.
2- берене Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартыпкүчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С. Н. Жапаров
2024-жылдын 11-сентябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндөЗакон · 18.07.2024 · № 128
- Ак-Татыр айылдык кенешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы №5 "Ак-Татыр айыл аймагынын кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.11.2024 · № 5
- Ак-Сай айылдык кенешинин 2024-жылдын 12-декабрындагы №10 "Ак-Сай айылдык аймагынын айылдык кеңешин кайра каттоо жөнүндө" токтомуПостановление · 12.12.2024 · № 10
- Суу-Башы айылдык кенешинин 2025-жылдын 24-февралындагы №35 "Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагында административдик-аймактык реформаны кайра кароо жөнүндө" токтомуПостановление · 24.02.2025 · № 35