2-берене
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы
“Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 11, 496-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Иш берүүчүлөрдүн бирикмеси – кесиптик бирликтер, кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органдары, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелерде өз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын билдирүү жана укуктарын коргоо үчүн иш берүүчүлөрдү ыктыярдуу негизде бириктирген коммерциялык эмес уюм.”;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 141–146-статьялар менен толукталсын:
“141-статья. Иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, жамааттык келишимди түзүүдө же өзгөртүүдө иш берүүчүнүн өкүлдөрү болуп Эмгек кодексине, мыйзамдарга, башка ченемдик укуктук актыларга, уюмдун уюштуруу документтерине жана локалдуу ченемдик актыларга ылайык уюмдун жетекчиси же ал ыйгарым укук берген адамдар саналат. Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, макулдашууларды түзүүдө же өзгөртүүдө, аларды түзүү же өзгөртүү боюнча жамааттык эмгек талаш-тартыштарын чечүүдө, ошондой эле социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча комиссияларды түзүүдө жана ишин жүзөгө ашырууда иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын иш берүүчүлөрдүн тиешелүү бирикмелери көрсөтөт.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Коррупция жана экономика чөйрөсүндөгү кылмыштар менен натыйжалуу күрөшүүнү камсыз кылуу максатында укук коргоо органдарынын тутумун реформалоого байланыштуу айрым мыйзам…Закон · 28.07.2017 · № 162
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө" Кыргыз…Закон · 06.05.2017 · № 76
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 23.01.2025 · № 23
- Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндөЗакон · 25.07.2003 · № 154
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230021009/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>