Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
32-берене. Диний адабияттар, диний багыттагы материалдар жана предметтер
Күчүндө · 21.10.2025 редакциясы · 4-глава
1. Диний иш субъекттери диний адабияттарды, башка диний басма, аудио жана видео, анын ичинде электрондук сактагычтардагы материалдарды, ошондой эле диний багыттагы башка предметтерди ушул Мыйзамда белгиленген тартипте чыгарууга, сатып алууга, сактоого, экспорттоого, импорттоого жана таратууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын чек арасынан өтүп жаткан жарандар жеке пайдалануу максатында диний адабияттардын ар бир аталышынын бирден нускасын алып келүүгө укуктуу.
2. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган диний адабияттарга, башка диний басылмаларга, электрондук сактагычтардагы аудио жана видеоматериалдарга, анын ичинде ЖМКдагы жана Интернет тармактарындагы материалдарга мамлекеттик дин таануу экспертизасын жүргүзөт.
Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик дин таануу экспертизасын жүргүзүү мөөнөтү 30 жумуш күндөн ашпайт. Материалдардын татаалдык даражасын жана көлөмүн эске алуу менен экспертиза жүргүзүү мөөнөтү бир айга узартылышы мүмкүн. Диний адабияттар китепкана фонддоруна келип түшкөндө мамлекеттик дин таануу экспертизасын жүргүзүү милдеттүү болуп саналат. Мамлекеттик дин таануу экспертизасын жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Диний уюмдар жана диний окуу жайлар тарабынан чыгарылган диний адабияттарда, башка диний басма, аудио жана видео материалдарда, анын ичинде электрондук сактагычтарда алардын расмий толук аталышы жана алардын конфессиялык таандыктыгы көрсөтүлгөн маркалоосу болууга тийиш.
4. Диний адабияттарды, башка диний басма, аудио жана видеоматериалдарды маалыматты сактагычгардын түрүнө карабастан диний багыттагы объекттерди жана диний окуу жайларды кошпогондо, коомдук жайларда, ошондой эле турак жайларды, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарды, аскердик объекттерди, мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарын кыдыруу жолу аркылуу таратууга тыюу салынат. Аталган тыюу салуу бузулган учурда күнөөлүү адамдар укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
5. Диний иш субъекттери, ошондой эле ЖМК жана маалыматтык интернет-агенттиктер өздөрүнүн сайттарында, мезгилдүү басылмаларында жарыяланган диний мүнөздөгү маалыматтык материалдардын мазмуну үчүн ЖМК жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
6. Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык аныкталуучу экстремисттик ишке чакырыктар камтылган диний адабияттарды, башка диний басма, аудио жана видео материалдарды, анын ичинде электрондук сактагычтарды ташып келүүгө, даярдоого, жарыялоого, сактоого, ташууга, жөнөтүүгө жана жайылтууга тыюу салынат.
7. Кыргыз Республикасынын аймагында диний материалдарды жана предметтерди өндүрүү, сатып алуу, сактоо, ташып келүү, ташып чыгуу жана жайылтуу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 21.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасында диний материалдарды өндүрүү, сатып алуу, сактоо, ташып келүү, ташып чыгуу жана жайылтуу, ошондой эле мамлекеттик дин таануу экспертизасын жүргүзүү Тартиби…Порядок · 27.06.2025 · № 372
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июну № 372 "Диний ишти жөнгө салуунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2025 · № 372
- КР Министрлер Кабинетинин 27.06.2025-ж., № 372 токтомуПостановление · 27.06.2025 · № 372
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230020843/st-32" title="32-берене - Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>