Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 1 «Калктын жана ишкердик субъекттеринин салыктык түйшүгүн азайтуу жана салык салууну администрациялоону өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 8-январы ПЖ № 1
Калктын жана ишкердик субъекттеринин салыктык түйшүгүн азайтуу жана салык салууну администрациялоону өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө
Салыктык түйшүгүн азайтуу жолу менен калкка жана ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү жана кыйла натыйжалуу салыктык администрациялоого өтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) эки айлык мөөнөттө:
а) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна төмөнкүлөрдү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун киргизсин:
- транспорт каражаттарына мүлк салыгын жоюуну;
- 2025-жылдын 1-январына чейин аткарылбаган жана ага карата өндүрүү жөнүндө сот актысы жок транспорт каражаттарына мүлк салыгы боюнча салык милдеттенмесин аткаруудан бошотууну;
- 2025-жылдын 1-январынан тартып 2030-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерине мүлк салыгынын 0 пайыз өлчөмүндөгү ставкасын белгилөөнү;
- уюмду жоюуда жана жеке ишкердин ишин токтотууда пландан тышкаркы текшерүүлөрдү кошпогондо, 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилине салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салууну;
- 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилдеринде пайда болгон салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карыздарын эсептен чыгарууну;
б) жүгүртүүдө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз колдонулуучу товарлардын тизмесин аныктоо боюнча бир айлык мөөнөттө сунуш киргизсин;
2) андан ары ушул Жарлыкты ишке ашыруу менен байланышкан тобокелдиктерди болтурбоо максатында жергиликтүү салыктарды жоюуга байланыштуу жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин түшпөй калууларын компенсациялоо боюнча альтернативдүү чараларды иштеп чыксын.
2. Салык жол-жоболорун санариптештирүү маселелерин ыкчам чечүү максатында "Альфа Телеком" жабык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин санариптик долбоорлору үчүн сим-карталарды жана интернет-кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү болуп аныкталсын.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 10-январындагы « 1 (3657) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 24 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (24)
- Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жыл, 18-декабрь №56/XI-29 "Транспорт каражаттарына мүлк салыгы жана айыл чарба жерлерине мүлк салыгы боюнча түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү"…Постановление · 18.12.2025 · № 56/XI-29
- Ысык-Ата айылдык кеңешинин Ысык-Ата районунун 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 48/X-29 " Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн транспорт салыгы боюнча жана айыл чарба…Постановление · 05.09.2025 · № 48/X-29
- Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 23-июлундагы № 42-2 "2025-жылдын алтын айынын жыйынтыгы боюнча акча каражаттарын тактоо жана жылдыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 23.07.2025 · № 42-2
- Манас шаардык кеңешинин 2025-жылынын 26-декабрындагы №4 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 8-январындагы №1 “Калктын жана ишкердик субъекттеринин салыктык түйшүгүн…Постановление · 26.12.2025 · № 4
- Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 105 "Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 12 айына карата киреше-чыгаша бөлүгүнүн тактоо жөнүндө" токтомуПостановление · 29.12.2025 · № 105
- Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 10/63 "Республикалык бюджеттен жер салыгынын жана транспорт салыгынын компенсациясына…Постановление · 10.10.2025 · № 10/63
- Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 26-июнундагы № 84 "Мин-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын I жарым жылдыгына жергиликтүү бюджеттин киреше-чыгаша бөлүгүн…Постановление · 26.06.2025 · № 84
- Сын-Таш айыл аймагынын Сын-Таш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 46/7-29 "Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин негизги эсебинин киреше бөлүгүн азайтуу жөнүндө" токтомуПостановление · 05.09.2025 · № 46/7-29
- Төрт-Гүл айылдык аймагынын Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 13-ноябрындагы № 60-3 «Максаттуу трансферттерди бөлүштүрүү жөнүндө» токтомуПостановление · 13.11.2025 · № 60-3
- Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-майындагы № 79 "2025-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө (Максаттуу…Постановление · 26.05.2025 · № 79
- Ак-Суу айылдык кенешинин 2025-жылдын 13-октябрындагы №49 “ Акча каражатын беренеден алып салуу менен кемитүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтомуПостановление · 13.10.2025 · № 49
- Ноокат шаардык кеңешинин Ноокат шаардык мэриясынын 2025-жылдын 17-январындагы №1 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга шаардык мэриясынын жергиликтүү…Постановление · 17.01.2024 · № 1
- Ноокат шаардык кеңешинин Ноокат шаардык мэриясынын 2025-жылдын 17-январындагы №1 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга шаардык мэриясынын жергиликтүү…Постановление · 17.01.2025 · № 1
- Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 01-3/55 «Бюджеттин киреше бөлүгүнүн кыскартуу жөнүндө» токтомуПостановление · 08.09.2025 · № 01-3/55
- Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-сентябры № 51/ ХII "Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетинин киреше,чыгаша бөлүктөрүн көбөйтүү жана азайтуу жөнүндө" токтомуПостановление · 11.09.2025 · № 51/ ХII
- Ак-Башат айылдык кенешинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 23 "2025-жылдын 9 айындагы жергиликтүү бюджеттин киреше-чыгаша бөлүгүнүн жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү…Постановление · 21.10.2025 · № 23
- Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 01-7/87 "Республикалык бюджеттен түшкөн каражаттардын бөлүштүрүлүшү тууралуу" токтомуПостановление · 11.12.2025 · № 01-7/87
- Н.Исанов айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы №8-6/1 Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетин жана 2026-2027- жылдарга бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндөгү…Постановление · 10.10.2025 · № 8-6/1
- Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жылдын 30-июлундагы №39/VII-29 «Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январындагы №18/III «Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн 2025-жылга бюджетин…Постановление · 30.07.2025 · № 39/VII-29
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна…Постановление · 25.03.2025 · № 146
24 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021