Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Сын-Таш айыл аймагынын Сын-Таш айылдык кеңешинин «Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин негизги эсебинин киреше бөлүгүн азайтуу жөнүндө» токтому
СЫН-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 5-сентябры №46/7-29 Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин негизги эсебинин киреше бөлүгүн азайтуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 8-январындагы № 1 Жарлыгына ылайык, Сын-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин негизги эсебинин киреше бөлүгүн 4598,6 миң сомго азайтууну карап жана талкуулап Сын-Таш айылдык кенеши,
Токтом кылат:
1. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджеттин киреше бөлүгүн 4598,6 миң сомго төмөнкү элементтер боюнча азайсын:
-113121 - Транспорт каражаттарына салык - 1743,0 миң сом.
-11321200 - Айыл чарба багытындагы жерлерге салык - 2855,6 миң сом.
2. Жергиликтүү бюджеттин негизги эсебинин 2025-жылга карата чыгаша бөлүгүн 4598,6 миң сомго азайсын:
-Турак жай-коммуналдык чарба бөлүмү 70629 - 3111-берене - Имараттар жана курулуштар - 1598,6 миң сом.
-Мектеп бөлүмү 70921 - 3111-берене - Имараттар жана курулуштар - 3000,0 миң сом.
3. Жогорудагы токтомдун көзөмөлү Сын-Таш айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысынын милдетин аткаруучу Ф.Ысманалиевага жүктөлөт.
Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы:
М.Ш.Кучкачев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.