Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Бюджеттин киреше бөлүгүнүн кыскартуу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 8-сентябрындагы №01-3/55
«Бюджеттин киреше бөлүгүнүн кыскартуу жөнүндө»
Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде, 2025- жылдын 8-январындагы № 1 Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык бюджеттин киреше бөлүгүн кыскартуу маселеси угулуп, талкууланып, Нарзан айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Төмөнкү салык түрлөрү боюнча планды кыскартуу:
-Юридикалык жактар үчүнтранспорт каражаттарына салык – 526,3 ми;
- Жеке адамдар үчүнтранспорт каражаттарына салык – 6 200,0 миң сом;
- Айыл чарба багытындагы жерлерге жер салык – 2 456,1 миң сом.
Жалпы: 9 182,4 миң сом
2. Жогоруда көрсөтүлгөндүн негизинде төмөнкү бөлүм жана берене боюнча чыгаша бөлүгүн кыскартуу каралсын;
Б.71093 “Социалдык коргонуу кызматы” берене 31113290 “Башка курулмаларды куруу жана сатып алуу “ - 9 182,4 миң сом
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысына ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн жөнөтүп, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары
А.Т. Урманбетов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.