Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2025-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында жаштар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-декабры № 770 2025-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында жаштар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасында жаштар ишкердигин өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, "Жаштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2025-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында жаштар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программа 1-тиркемеге ылайык;
2) 2025-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында жаштар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) жогоруда аталган 2025-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында жаштар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн;
- жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жыйынды маалымат берип турсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 100 (3655) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Begin_nocompare
2-тиркеме
2025-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында жаштар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№
Милдеттер
Чаралар/Аракеттер
Ишке ашыруу мөөнөтү
Күтүлүүчү натыйжа (продукт)
Жооптуу аткаруучулар
Каржылоо булактары
1
2
3
4
5
6
7
1-глава. Жаштар ишкердиги чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү
1
Жаштар ишкердиги чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү
Ишкердик кодексинин долбооруна сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү
2025-жылдын I кварталы
Жаштар ишкердигинин статусун, жаштар ишкердигин мамлекеттик колдоо системасын аныктаган ЧУА кабыл алынды
ЭКМ, ММСЖСМ
Жооптуу министрликтин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында
2
Жаштар ишкердигинин субъекттерин каржылоо программасын түзүү
Жаштар ишкердигинин субъекттерин каржылоо программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу
Жыл сайын
1. Жаштар ишкердигинин субъекттерин каржылоо программасы жөнүндө КР МКнын ЧУАсы кабыл алынды.
2. Жыл сайын жаштардын жана жаш ишкерлердин долбоорлору каржыланууда
ММСЖСМ
Жооптуу министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
2-глава
Финансылык инфраструктураны өнүктүрүү жана жаш ишкерлердин финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жана продуктуларга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү
3
Ишкердикти каржылоочу иштеп жаткан бюджеттик фонддордо жаштар ишкердигин каржылоонун багыттарын түзүү (фондду көбөйтүү менен)
1. "Жаштар ишкердигин каржылоо" багытын аныктоо үчүн бюджеттик фонддордогу жаш ишкерлердин демилгелерин колдоого багытталган бюджеттик фонддордун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо критерийлерин жана индикаторлорду иштеп чыгуу.
2. Фонддордун жоболоруна өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу жана киргизүү
2025-жылдын II кварталы
1. Бюджеттик фонддордун эсебинен каржылануучу жаш ишкерлердин экономикалык долбоорлорун тандоонун атайын критерийлери киргизилди.
2. Каражаттарды берүү жол-жоболору өзгөртүлдү.
3. Жаштардын стартаптарын каржылоо фонддорунун иштери координацияланды.
4. Төмөндө көрсөтүлгөн фонддордун бюджети көбөйтүлдү.
5. Фонддордун (ОӨФ, РӨФ, "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" МКК ААК) жоболоруна өзгөртүүлөр бекитилди.
6. Жаштардын жана жаш ишкерлердин долбоорлору төмөнкүлөрдүн каражаттарынын эсебинен каржыланды:
- региондорду өнүктүрүү фонддорунун;
- ишкердикти өнүктүрүү фонддорунун
ОӨФ, РӨФ, "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" МККААК (макулдашуу боюнча)
Жооптуу министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
4
КР МКнын "Студенттик стартап" пилоттук программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү
КР МКнын 2023-жылдын 3-мартындагы № 128 "Студенттик стартап" пилоттук программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү (аталышын "Жаштар стартапы" деп өзгөртүү менен)
2025-жылдын IV кварталы
1. "Студенттик стартап" пилоттук программасы жөнүндө жобого өзгөртүүлөр бекитилди.
2. КР МКнын 2023-жылдын 3-мартындагы № 128 "Студенттик стартап" пилоттук программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди (аталышын "Жаштар стартапы" деп өзгөртүү менен).
3. Пилоттук программанын каражаттарынын эсебинен жаштардын долбоорлору каржыланды.
4. Бизнес-инкубаторлорду жана стартап-акселераторлорду өнүктүрүү үчүн финансылык колдоо көрсөтүлдү
БИМ, ММСЖСМ
Жооптуу министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
3-глава. Жаштар ишкердигин колдоонун жана өнүктүрүүнүн институттук түзүмүн жакшыртуу
5
Маалыматтык, билим берүү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү
Жаштарга ишкердик иш чөйрөсүндө туруктуу негизде маалыматтык-консультациялык кызматтарды көрсөтүү үчүн маалыматтардын маалыматтык базасын түзүү
2025-жылдын II кварталы
1. Ишкердикке тиешелүү бардык негизги маселелер боюнча маалыматтарга жана консультацияларга тоскоолдуксуз жетүү ишке ашырылды.
2. Маалыматтарды жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн жаштар жана ишкерлер тарабынан колдонулуучу ЖИнин негизинде маалыматтардын интерактивдүү маалыматтык базасы түзүлдү
"Энактас Кыргызстан" КБ (макулдашуу боюнча), ММСЖСМ, ЭКМ
Жооптуу министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында
Жаш ишкерлер үчүн өз ичине маалыматтык базаны камтыган сайтты иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
Жыл сайын
1. Жаш ишкерлер үчүн "Жаш ишкер" интернет-платформасы иштелип чыкты.
2. Жаш ишкерлердин бизнес-долбоорлорду жазуудагы, өз ишин баштоодогу, бизнес жүргүзүүдөгү билим деңгээли жогорулатылды
"Энактас Кыргызстан" КБ (макулдашуу боюнча), ММСЖСМ
18 жаштан 35 жашка чейинки курактагы жаш ишкерлердин саны жөнүндө статистикалык маалыматтарды берүү
Жыл сайын
Статистикалык маалыматтар топтолду жана иштелип чыкты
ММСЖСМ, УСК
6
Жаштар ишкердигин өнүктүрүү чөйрөсүндө жергиликтүү деңгээлдеги потенциалды күчөтүү
КРП облустардагы ЫУӨнүн аппараттарынын, райондук мамлекеттик администрациялардын жана ЖӨБОнун алдында жаш ишкерлердин координациялык кеңештерин түзүү
2025-жылдын I кварталы
КРП ЫУӨнүн аппараттарынын, райондук, мамлекеттик администрациялардын жана ЖӨБОнун алдында жаш ишкерлердин координациялык кеңештери түзүлдү
КРП ЫУӨ, РМА, ЖӨБО, ММСЖСМ, "Энактас Кыргызстан" КБ (макулдашуу боюнча)
Жооптуу министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
Жергиликтүү (райондук) деңгээлде ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү борборлорун түзүү
2025-жылдын II кварталы
1. Алардын ишине мамлекеттик органдар, ЖӨБО жана бизнес-коомчулук тарабынан туруктуу негизде мониторинг жүргүзүүчү жана көмөк көрсөтүүчү ишкердикти колдоонун жана өнүктүрүүнүн жергиликтүү борборлору түзүлдү.
2. Жаштарга ишкердик иши жаатында маалыматтык-консультациялык колдоо көрсөтүлдү
ЖӨБО, бизнес-ассоциациялар, ишкерлер ассоциациялары (макулдашуу боюнча), КЭУ, шаар мэриялары, "Энактас Кыргызстан" КУ (макулдашуу боюнча)
Жооптуу министрликтин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары, райондордогу иштеп жаткан жаштар борборлорунун ресурстары колдонулушу мүмкүн
Инвестицияларды тартуу боюнча адистин кызматтык нускамаларына жана функционалдык милдеттерине толуктоолорду иштеп чыгуу
2025-жылдын III кварталы
1. ААРдын алкагында инвестицияларды тартуу боюнча адиске жаштар боюнча (анын ичинде жаштар ишкердиги боюнча) функционалдык милдеттер кошулду.
2. ЖӨБОнун СЭӨПүн иштеп чыгууда жаштар ишкердиги менен иштөө маселелери эске алынат
ЖӨБО, ЭКМ, ФМ, ММСЖСМ
Жооптуу министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
7
Жаштар ишкердигин колдоонун финансылык эмес инфраструктуралык элементтеринин (бизнес-инкубаторлор, стартап-акселераторлор, технопарктар ж.б.) болгон программаларын ишке ашырууга көмөктөшүү
Акселераторлорду колдоо жана өнүктүрүү боюнча программада жаштар ишкердигин илгерилетүү
2025-жылдын II кварталы
1. Акселераторлорду колдоо жана өнүктүрүү боюнча программа ишке ашырылды.
2. Бекитилген натыйжалуулук критерийлеринин негизинде бизнес-инкубаторлорго жана акселераторлорго мониторинг жүргүзүү киргизилди
ММСЖСМ, билим берүү мекемелери, бизнес-ассоциациялар, "Энактас Кыргызстан" КУ (макулдашуу боюнча)
Жооптуу министрликтин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында, инвестициялык долбоорлордун алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
4-глава. Жаштардын ишкердик потенциалын жогорулатууга басым жасоо менен билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү
8
Ишкердик чөйрөсүндө билим берүүнүн сапатын жогорулатуу
Жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдары үчүн билим берүү программасына ишкердик негиздери, ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча модулдарды/сабактарды киргизүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу
Жыл сайын
1. Мектептерде жана ЖОЖдордо ишкердиктин негиздерин окутуу жана ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүү программалары киргизилди.
2. Мектептерде ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча ийримдер түзүлдү
БИМ, ММСЖСМ, билим берүү мекемелери, бизнес-ассоциациялар, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча)
Жооптуу министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
9
Жаштар үчүн жайларды берүү
Жаштардын инновациялык хабдарынын (борборлорунун) аянтчаларында тренингдерди, мастер-класстарды, бизнес форумдарды, тегерек столдорду өткөрүү үчүн жабдылган жайларды берүү
Жыл сайын
Шаардык жана айылдык жаштарга ишкердик менен алектенүүгө жардам берүүчү платформа боло турган мейкиндиктер түзүлдү
"Энактас Кыргызстан" КБ (макулдашуу боюнча)
Жооптуу министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
Кыскартуулардын тизмеси
КРМК
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
КРП ЫУӨ
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү
ААР
-
административдик-аймактык реформа
КП
-
кепилдик фонду
ЖИ
-
жасалма интеллект
МКК
-
микрокредиттик компания
ММСЖСМ
-
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги
ЭКМ
-
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги
БИМ
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
ФМ
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
КЭУ
-
коммерциялык эмес уюмдар
УСК
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
ЖӨБО
-
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
КБ
-
коомдук бирикме
ААК
-
ачык акционердик коом
КФ
-
коомдук фонд
СЭӨП
-
социалдык-экономикалык өнүктүрүү планы
РМА
-
райондук мамлекеттик администрация
ОӨФ
-
облустарды өнүктүрүү фонду
РӨФ
-
райондорду өнүктүрүү фонду
ЧУА
-
ченемдик укуктук акт
3-тиркеме
2025-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында жаштар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
№
Милдеттер
Индикатордун аталышы
Базалык жыл
Орто аралык индикаторлор (жылдык)
Акыркы индикаторлор (максаттуу көрсөткүчтөр)
Жооптуу аткаруучулар
Маалымат булагы
2025
2026
2027
2028
1
2
3
4
5
6
7
8
9
1-глава. Жаштар ишкердиги чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү
1
Жаштар ишкердиги чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү
Кыргыз Республикасынын Ишкердик кодексинин долбооруна сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү
ЧУАнын долбоорун иштеп чыгуу жана кабыл алуу
ЧУАны ишке ашыруу
ЧУАны ишке ашыруу
Жаштар ишкердигинин статусун, жаштар ишкердигин мамлекеттик колдоо системасын аныктаган ЧУА кабыл алынды
ЭКМ, ММСЖСМ
ЭКМ, ММСЖСМ
2
Жаштар ишкердигинин субъекттерин каржылоо программасын түзүү
Жаштар ишкердигинин субъекттерин каржылоо программасын иштеп чыгуу жана бекитүү
ЧУАнын долбоорун иштеп чыгуу жана кабыл алуу
ЧУАны ишке ашыруу
ЧУАны ишке ашыруу
Жаштар ишкердигинин субъекттерин каржылоо программасы жөнүндө КР МКнын ЧУАсы кабыл алынды
ММСЖСМ
ММСЖСМ
Жаштардын долбоорлорун каржылоо (колдоого алынган долбоорлордун саны)
Жаш ишкерлердин 5 каржыланган демилгеси
Жаш ишкерлердин 5 каржыланган демилгеси
Жаш ишкерлердин 5 каржыланган демилгеси
Жаштардын жана жаш ишкерлердин долбоорлору каржыланды (Жаш ишкерлердин 20 каржыланган демилгеси)
ММСЖСМ
ММСЖСМ
2-глава
Финансылык инфраструктураны өнүктүрүү жана жаш ишкерлердин финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жана продуктуларга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү
3
Ишкердикти каржылоочу иштеп жаткан бюджеттик фонддордо жаштар ишкердигин каржылоонун багыттарын түзүү (фондду көбөйтүү менен)
Жаштардын жана жаш ишкерлердин каржыланган долбоорлору
Жаш ишкерлердин 5 каржыланган демилгеси
Жаш ишкерлердин 5 каржыланган демилгеси
Жаш ишкерлердин 5 каржыланган демилгеси
Жаштардын жана жаш ишкерлердин долбоорлору төмөнкүлөрдүн эсебинен каржыланды:
- региондорду өнүктүрүү фонддорунун;
- ишкердикти өнүктүрүү фонддорунун (жаш ишкерлердин 20 каржыланган демилгелери)
ОӨФ, РӨФ, "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" МКК ААК (макулдашуу боюнча)
ОӨФ, РӨФ, "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" МККААК (макулдашуу боюнча)
4
КР МКнын "Студенттик стартап" пилоттук программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү
КР МКнын 2023-жылдын 3-мартындагы № 128 "Студенттик стартап" пилоттук программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү
ЧУАнын долбоорун иштеп чыгуу жана кабыл алуу
ЧУАны ишке ашыруу
ЧУАны ишке ашыруу
КР МКнын 2023-жылдын 3-мартындагы № 128 "Студенттик стартап" пилоттук программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди (аталышын "Жаштар стартапы" деп өзгөртүү менен)
БИМ, ММСЖСМ
БИМ, ММСЖСМ
3-глава. Жаштар ишкердигин колдоонун жана өнүктүрүүнүн институттук түзүмүн жакшыртуу
5
Маалыматтык, билим берүү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү
Жаштарга ишкердик чөйрөсүндө туруктуу негизде маалыматтык-консультациялык кызматтарды көрсөтүү үчүн маалыматтардын маалыматтык базасын түзүү
Маалыматтардын маалыматтык базасынын долбоорун иштеп чыгуу
Маалыматтардын маалыматтык базасын ишке ашыруу
Маалыматтардын маалыматтык базасын ишке ашыруу
Маалыматтарды жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн жаш ишкерлер тарабынан колдонулуучу ЖИнин негизинде маалыматтардын интерактивдүү маалыматтык базасы түзүлдү
"Энактас Кыргызстан" КБ (макулдашуу боюнча) ММСЖСМ, ЭКМ
"Энактас Кыргызстан" КБ (макулдашуу боюнча) ММСЖСМ, ЭКМ
Жаш ишкерлер үчүн өз ичине маалыматтык базаны камтыган сайтты иштеп чыгуу
Сайтты иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
Ишке ашыруу
Ишке ашыруу
1. Жаш ишкерлер үчүн "Жаш ишкер" интернет-платформасы иштелип чыкты.
2. Жаш ишкерлердин бизнес-долбоорлорду жазуудагы, өз ишин баштоодогу, бизнес жүргүзүүдөгү билим деңгээли жогорулатылды
"Энактас Кыргызстан" КБ (макулдашуу боюнча), ММСЖСМ
"Энактас Кыргызстан" КБ (макулдашуу боюнча), ММСЖСМ
18 жаштан 35 жашка чейинки курактагы ишкерлердин (жеке жактардын) саны
65585
69000
70000
80000
ММСЖСМ, УСК
ММСЖСМ, УСК
6
Жаштар ишкердигин өнүктүрүү чөйрөсүндө жергиликтүү деңгээлдеги потенциалды күчөтүү
КРП облустардагы ЫУӨнүн аппараттарынын, райондук мамлекеттик администрациялардын жана ЖӨБОнун алдында жаш ишкерлердин координациялык кеңештерин түзүү
Жаш ишкерлердин координациялык кеңештерин түзүү жана ишке киргизүү
Жаш ишкерлердин координациялык кеңештеринин иштеши
Жаш ишкерлердин координациялык кеңештеринин иштеши
КРП ЫУӨнүн аппараттарынын, райондук мамлекеттик администрациялардын жана ЖӨБОнун алдында жаш ишкерлердин координациялык кеңештери иштейт
КРП ЫУӨ, РМА, ЖӨБО, ММСЖСМ, "Энактас Кыргызстан" КБ (макулдашуу боюнча)
КРП ЫУӨ, РМА, ЖӨБО, ММСЖСМ
Инвестицияларды тартуу боюнча адистин кызматтык нускамаларына жана функционалдык милдеттерине толуктоолорду иштеп чыгуу
Нускамаларды иштеп чыгуу
Иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
Аткаруу
Аткаруу
1. ААРдын алкагында инвестицияларды тартуу боюнча адиске жаштар боюнча (анын ичинде жаштар ишкердиги боюнча) функциялык милдеттер кошулду.
2. ЖӨБОнун СЭӨПүн иштеп чыгууда жаштар ишкердиги менен иштөө маселелери эске алынууда
ЖӨБО, ЭКМ, ФМ, ММСЖСМ
ЖӨБО, ЭКМ, ФМ, ММСЖСМ
7
Жаштар ишкердигин колдоонун финансылык эмес инфраструктуралык элементтеринин (бизнес-инкубаторлор, стартап-акселераторлор, технопарктар ж.б.) болгон программаларын ишке ашырууга көмөктөшүү
Акселераторлорду колдоо жана өнүктүрүү программаларында жаштар ишкердигин илгерилетүү
Акселераторлорду колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруу
Акселераторлорду колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруу
Акселераторлорду колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруу
1. Акселераторлорду колдоо жана өнүктүрүү боюнча программа ишке ашырылды.
2. Бекитилген натыйжалуулук критерийлеринин негизинде бизнес-инкубаторлорго жана акселераторлорго мониторинг жүргүзүү киргизилди
ММСЖСМ, билим берүү мекемелери, бизнес-ассоциациялар, "Энактас Кыргызстан" КУ (макулдашуу боюнча)
ММСЖСМ
4-глава. Жаштардын ишкердик потенциалын жогорулатууга басым жасоо менен билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү
8
Ишкердик чөйрөсүндө билим берүүнүн сапатын жогорулатуу
Жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдары үчүн сунуштамаларды иштеп чыгуу
Окуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
Ишке ашыруу
Ишке ашыруу
1. Мектептерде жана ЖОЖдордо ишкердиктин негиздерин окутуу жана ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүү программалары киргизилди.
2. Мектептерде ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча ийримдер түзүлдү
БИМ, ММСЖСМ, билим берүү мекемелери, бизнес-ассоциациялар, (макулдашуу боюнча)
БИМ, ММСЖСМ
9
Жаштар үчүн жайларды берүү
Жаштардын инновациялык хабдарынын (борборлордун саны) аянтчаларында тренингдерди, мастер-класстарды, бизнес форумдарды, тегерек столдорду өткөрүү үчүн жабдылган жайларды берүү
6
7
9
20
"Энактас Кыргызстан" КБ (макулдашуу боюнча)
"Энактас Кыргызстан" КБ (макулдашуу боюнча)
End_nocompare
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 128 ""Студенттик стартап" пилоттук программасы жөнүндө" токтомуПостановление · 03.03.2023 · № 128
- Жаштар жөнүндөЗакон · 04.08.2023 · № 157
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон