Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2025-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында жаштар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча Программа (КР Министрлер Кабинетинин токтомуна)
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 770 токтомуна)
2025-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында жаштар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча ПРОГРАММА
1-глава. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо
1. Ишкердик жаштар арасында иш менен камсыз кылуунун өсүшүнө гана эмес, бизнестеги инновациялык мамилелердин өнүгүшүнө да жөндөм түзүү менен өлкөнүн экономикалык ландшафтын калыптандырууда негизги ролду ойнойт. Салттуу иш менен камсыз кылууда олуттуу мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугуна байланыштуу акыркы он чакты жылдар ичинде жаштар жумушсуздуктун жогорку деңгээли жана кесиптик өсүш үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн чектелгендиги сыяктуу көптөгөн кыйынчылыктарга туш болду.
Жаштарды иш менен камсыз кылуудагы мындай аныксыздык өзүн жөндөмдөрүн ачуунун жана жеке бизнести түзүүнүн каражаты катары ишкердикке болгон кызыгууга дем берди. Азыркы учурда жаштар ишкердиги жаштар арасында иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу жана өлкөнү экономикалык өнүктүрүүнү активдештирүү үчүн негизги фактор болуп эсептелет. Жаңы маалыматтык технологиялардын, IT-жаатындагы бизнестин ар түрдүүлүгүнүн тездик менен өнүгүшү тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө экономиканы санариптештирүү шарттарында креативдүү ыкмаларды, инновациялуулукту, тиешелүү процесстерди жана чечимдерди талап кылган ишкердиктеги жаңы идеяларды жана технологияларды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзгөн мамлекеттер стратегиялык артыкчылыктарды ала тургандыгын көрсөтүп турат. Демек, көптөгөн өлкөлөрдөгү азыркы коом ушул бизнес чөйрөдө стратегиялык ресурс жана негизги кыймылдаткыч күч болуп төмөнкүлөргө багытталган ар түрдүү программаларды иштеп чыгууга жана өзүнүн потенциалын кыйла натыйжалуу ишке ашырууга жөндөмдүү жаштар саналарын түшүнүүдө:
1) жаштар арасында ишкердик ишти жайылтууга жана ишкердик чөйрөнү калыптандырууга;
2) профилдик окутууга жана жаштардын бизнес жүргүзүү көндүмдөрүнө ээ болушуна;
3) рынокко чыгуунун бийик тоскоолдуктарын жеңип чыгууга мүмкүндүк берүүчү механизмдерди түзүүгө (бизнес-долбоорлорду ишке ашырууну ресурстук камсыздоого);
4) каржылык ресурстарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө;
5) ишкердик ишине тартылган жаштарды маалыматтык колдоого жана коштоого.
Динамикалуу социалдык-экономикалык контекстти жана болочок коомду калыптандыруудагы жаштардын активдүү ролун эске алуу менен жаштардын ишкердик демилгелерин түзүү жана колдоо Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү стратегиялык багыт болуп калууда.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, атап айтканда инвестициялык мыйзамдарда жаштар ишкердиги ишкердик субъект катары өзүнчө категорияга бөлүп чыгарылган эмес, тиешелүү түрдө аны мамлекет тарабынан жөнгө салуу жалпы негиздерде жүзөгө ашырылат.
Акыркы жылдары мамлекет тарабынан кабыл алынган жана ишкердик чөйрөсүн өнүктүрүүнү аныктаган стратегиялык жана программалык документтерде (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 94 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бизнести өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бизнесин өнүктүрүү программасы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-ноябрындагы № 270 "2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программа) жаштардын ишкердигине багытталган адистешүү камтылган эмес. Андыктан, Кыргыз Республикасында жаштар ишкердигин өнүктүрүү бизнестин жана ишкердиктин башка субъекттери менен паритеттик негизде каралат. Ушундан улам ишкердик чөйрөсүндө жаштардын иш менен камсыз болушун статистикалык эсепке алуу жүргүзүлбөйт, бул тиешелүү түрдө жаштардын бизнес-активдүүлүгүнүн иш жүзүндөгү деңгээлин баалоону кыйындатат. Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик системасы стартаптарды каржылоого багытталбагандыктан, жаштар ишкердигин колдоонун комплекстүү чараларын ишке ашырууда мамлекеттин ролу өтө маанилүү болуп кала бермекчи. Жаштар ишкердигин колдоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жаш муун үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана анын өзүнүн жөндөмдөрүн ачууга шарттарды түзүү үчүн күч-аракеттерди координациялоого багытталган, иш багыттарынын бири "Жаштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык жаштар ишкердигине колдоо жана көмөк көрсөтүү болуп саналган Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин компетенциясына кирет.
3. 2023-жылдын башына карата 14-35 жаштагы Кыргыз Республикасынын туруктуу жашаган калкынын саны 2 млн. 439 миң адамды же калктын жалпы санынын 35 пайызын түздү. Башкача айтканда 14-35 жаштагы жаштардын үлүшү калктын үчтөн биринен көбүн түзөт. Гендердик белгиси боюнча жаштарды сегментациялоо эркектер менен аялдардын дээрлик бирдей үлүшү бар экендигин көрсөтүүдө - бул курактагы топто калктын негизги бөлүгүн эркектер - 1 млн. 221 миң же жаштардын жалпы санынын 50,1 пайызын, аялдар - 1 млн. 218 миң адам же 49,9 пайызын түздү. Үй чарбаларынын бюджеттерине жана жумушчу күчкө интеграцияланган тандама изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча жумушчу күчтүн (экономикалык активдүүлүктүн) курамында 15-28 жаштагы жаштардын катышуу деңгээли 2018-жылдагы 48,4 пайыздан 2022-жылы 46 пайызга чейин төмөндөгөндүгү белгиленген.
2020-жылдан тартып 2021-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасында миграциялык агым байкалган (анын негизги бөлүгүн жаштар түзгөн), 2020-жылы - 4,8 миң адам, 2021-жылы - 0,8 миң адам, 2022-жылы - 5,9 миң адам. Ушул мезгилдин динамикасындагы тенденция акыркы он жылдыктын жалпы динамикасына туура келет, бул Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизип, келечекте калктын азайышын жана өлкөнүн эмгек ресурстарынын кыскарышын шарттоо менен жаштардын санынын жыл сайын туруктуу кыскарып бара жаткандыгын көрсөтөт. Бирок 2022-жылдан тартып тескери тенденциясы байкалып, миграциялык өсүш 5,9 миң адамды түзгөн, бул болуп жаткан дүйнөлүк геосаясий окуяларга байланыштуу жана ушул тенденция бир нече жылдар бою улантылышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси боюнча ПРООН тарабынан жүргүзүлгөн жаштардын комплекстүү абалын системалык өлчөөгө ылайык (жаштардын өнүгүү индекси - жаш муундун (жаштардын) адамдык потенциалынын өнүгүү деңгээлин баалоочу жыйынды көрсөткүч) 15-28 жаштагы иш менен камсыз болгон жаштардын саны 661,7 миң адамды (экономикалык активдүү калктын 66,4 пайызы) түзөт. Кыргыз Республикасында бүткүл калкка караганда жаштар арасындагы жумушсуздуктун деңгээли теңдешсиз жогору. 16-29 жаштагы жаштар арасындагы жумушсуздуктун деңгээли 33,6 пайызды түздү. Жаштар арасындагы жумушсуздуктун жогорку деңгээли эмгек акынын аздыгынан, жашаган жерлеринде жумуш орундарынын жетишпестигинен, кесиптик билимдердин жана көндүмдөрдүн жетишсиздигинен, кесиптик тажрыйбанын жоктугунан келип чыгышы мүмкүн. Ошол эле учурда жаштардын көпчүлүк бөлүгү (53,5 пайыз) бизнес жүргүзүүгө кызыкдар. Жаштарды ишкердикке тартуу - бул чакан бизнестин үлүшүн көбөйтүү гана эмес, ошондой эле бул калкты иш менен камсыз кылуу жагынан өзгөчө мааниге ээ болгон жаштарды иш менен камсыз кылуу маселесин чечүү болуп саналат.
4. Азыркы дүйнөлүк практикада ишкердик экосистемасына тогуз курамдык элемент кирет: мамлекеттик саясат, укуктук талаа жана инфраструктура, демөөрчүлүк жана каржылоо, маданият, насаатчылык жана анын ишкерлер менен байланыш системасы, университеттер (катализатор катары), билим берүү жана тренингдер, адам капиталы, ички жана тышкы рынок. Жаштар ишкердиги ишкердик экосистемасы менен тыгыз байланышта болгондуктан, Кыргыз Республикасында жаштар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программа (мындан ары - Программа) мамлекеттик саясатты, институционалдык инфраструктураны жана мыйзамдарды өркүндөтүүгө жана мамлекеттик колдоо программалары, акселерация программалары, ошондой эле ишкердикти колдоонун башка комплекстүү куралдары менен бирге өзүнө венчурдук жана инвестициялык фонддордун маанилүү ресурстарын айкалыштырган билим берүү жана тренингдер, насаатчылар менен байланыш системасы, демөөрчүлүк жана каржылоо сыяктуу негизги курамдык бөлүктөрдү ишке ашырууга багытталышы керек.
2-глава. Кыргыз Республикасында жаштар ишкердигин өнүктүрүү жана колдоо чөйрөсүндөгү жетишкендиктер жана көйгөйлөр
1. Кыргыз Республикасында жаштар ишкердигин колдоонун институционалдык модели төмөнкүлөрдү камтыган жаштардын бизнес-активдүүлүгүн колдоо системасы түрүндө берилет:
1) улуттук өнүктүрүү институттары:
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүүнү жана жаштарды колдоо фонду;
- Кыргыз Республикасынын жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеши - консультациялык-кеңешүүчү орган, анын иши Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүсүн жана кызматташуусун өркүндөтүүгө багытталган;
- чакан ишкердикти колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган программаларды, долбоорлорду жана иш-чараларды каржылоо максатында түзүлгөн "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы" ачык акционердик коому;
- ЖОЖдордун жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш;
2) коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес уюмдар жана бизнес-ассоциациялар - "Эл аралык ишкердик кеңеш" ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмеси, "JIA бизнес-ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмеси, "Энактас Кыргызстан" коомдук бирикмеси, "Жаштарды өнүктүрүү институту" коомдук бирикмеси;
3) инновациялык инфраструктуранын элементтери:
- технопарктар - Жогорку технологиялар паркы (IT-Park), ар кандай ЖОЖдордун технопарктары;
- бизнес-инкубаторлор - өлкөнүн 32 ЖОЖунун бизнес-инкубаторлору ("Жаштар стартапы" долбоору);
- инвестициялык бизнес - акселераторлор Европа бирлиги жана Ага Хан фонду тарабынан каржылануучу "Accelerate Prosperity ASIA" акселерация программасы.
2022-жылы чакан жана орто бизнести колдоо боюнча долбоордун алкагында коммерциялык банктарга 1 млрд. 756 млн. сом бөлүнгөн. 2023-жылы долбоордун алкагында чакан жана орто бизнести колдоого 2 млрд. сом жумшалган. Төрт миңге жакын ишкер 1ден 3 млн. сомго чейин пайызсыз кредит алган. Бирок жаштардын бизнес-активдүүлүгүн колдоого карабастан мамлекеттик жана жеке түзүмдөр жаштар ишкердигин өнүктүрүүгө жооп берген мамлекеттик органдардын ишине системалуу, комплекстүү мамилени жана координациялоону иштеп чыккан жок. Социалдаштыруунун алгачкы этаптарынан баштап ЖОЖдордогу билим берүү программалары менен аяктаган ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн жалпы стратегиясы жок. Программа жаш ишкерлерди ишкердиктин өзгөчө сегменти катары бөлүп көрсөтүүнү талап кылат, анткени анын өзгөчө көйгөйлөрү, белгилери, күчтүү жана алсыз жактары бар.
2. Кызыкдар тараптардын негизги учурларды талдоосу жана талкуулоосу Кыргыз Республикасында жаштар ишкердигин колдоо механизмдерин өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй алсыз жактарын жана системалуу көйгөйлөрүн аныктоого мүмкүндүк берди:
1) мыйзамдар чөйрөсүндө:
- жаштар ишкердигин жана стартаптарды өнүктүрүү үчүн жагымдуу укуктук шарттардын жоктугу;
- жаштар ишкердигин колдоого багытталган ченемдик укуктук актылардын жоктугу;
2) жаштар ишкердигин мамлекеттик колдоо чөйрөсүндө:
- жаштар ишкердигин өнүктүрүүнү жана активдештирүүнү системалуу мамлекеттик колдоонун жоктугу;
- жаштар ишкердигин өнүктүрүүнү адистештирилген колдоонун институттук инструменттеринин анча чоң эмес диапазону (анын ичинде чакан ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү боюнча атайын фонддун (мамлекеттик программанын) жоктугу;
- эл аралык уюмдардын программаларын ишке ашырууда координациянын жоктугу;
- ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдардын ролунун начардыгы жана жоопкерчилигинин төмөндүгү;
- жаштар ишкердигин колдоо жана активдештирүү чөйрөсүндө макулдашылган ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн жоктугу жана мамлекеттик, коомдук жана мамлекеттик эмес институттук түзүмдөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн начардыгы;
- жаштар ишкердигин илгерилетүү жана жайылтуу боюнча изилдөөлөрдүн, механизмдердин жоктугу;
- коррупциялык тоскоолдуктардын жана көмүскө экономиканын болушу;
3) финансылык ресурстардын жеткиликтүүлүгү чөйрөсүндө:
- финансы-кредиттик уюмдар тарабынан стартаптарды каржылоонун жана жаштар ишкердигин жеңилдетилген каржылоонун жоктугу;
- старттык капиталдын жетишсиздиги жана финансылык ресурстардын адилеттүү нарктык көйгөйлөрү (жогору пайыздык ставкалар);
- жаштар ишкердигин комплекстүү колдоонун жана бул бизнес-сегментти адистештирилген максаттуу каржылоонун атайын финансылык инструменттеринин жоктугу;
- жаштар ишкердигин мамлекеттик колдоонун колдонуудагы чаралары жана инструменттери жөнүндө маалымдуулуктун жетишсиздиги;
- баштапкы этапта финансылык жана консультациялык колдоону талап кылган жаштар бизнесинин финансылык туруктуулугунун төмөн деңгээли;
4) жаштар ишкердигин институттук колдоо чөйрөсүндө:
- жаштар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү инфраструктурасынын натыйжасыз иши;
- бизнес-коомчулукта жана ишкердикти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү уюмдарда (ТӨИ, бизнес-ассоциациялар, бизнес-жамааттар ж.б.) ишкердикти өнүктүрүүнүн маркетингдик жана жалпы стратегиясынын жоктугу;
- чакан (жаштар) ишкердиги үчүн насаатчылык системасынын жоктугу;
- ишкердикти колдоо, ишкердикти өнүктүрүү жана окутуу борборлорунун жоктугу;
- ишкер менен инвестордун ортосунда нетворкингдин активдүү бизнес-аянтчаларынын жоктугу (сүйлөшүүлөрдү, презентацияларды өткөрүү жана кардарларды издөө, инвесторлорду издөө жана тартуу);
- өндүрүштүк (же жумушчу) процесске жаңы технологияларды киргизүүгө өбөлгө түзүүчү интеграторлордун (адистердин) жоктугу;
- бизнес-инкубаторлордун, стартап-акселераторлордун аз санда болушу жана бизнес-инкубаторлорго комплекстүү мониторинг жүргүзүү системасынын жоктугу;
- бизнестин ишинин үзгүлтүксүздүгүн жана туруктуу натыйжалуулугун камсыз кылуучу демөөрчүлөрдүн, кепилдердин жоктугу;
- жаштар ишкердигин маалыматтык колдоонун начардыгы;
5) билим берүү, окутуу жана ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүү чөйрөсүндө:
- өз ара байланыштын жоктугу жана билим берүү менен илимдин ишкердик чөйрөсүнөн ажыратылгандыгы;
- билим берүү чөйрөсүндө бизнес жүргүзүү (пландоо, финансылык сабаттуулук, менеджмент, маркетинг ж.б.) боюнча атайын көндүмдөрдү (сабаттуулук) окутуу боюнча предметтик сабактардын жоктугу;
6) кадрдык потенциал жана эмгек ресурстары чөйрөсүндө:
- жаш кызматкерлерди шыктандыруу жана эмгек тартибинин көйгөйлөрү;
- квалификациялуу жумушчу кадрлардын жетишсиздигинин (тийиштүү билими жана көндүмдөрү бар кадрларды даярдоо системасынын жоктугу, жогорку квалификациялуу адистердин чыгып кетиши) көйгөйлөрү жана эмгек миграциясы.
Жаштар ишкердигин өнүктүрүүнүн натыйжалуулугунун ички факторлорун, туруктуулуктун тышкы факторлорун аныктоо жана негизги көйгөйлөрүн изилдөө жаштар ишкердигин өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоону талдоодон алынган жыйынтыктарды экстраполяциялоого мүмкүндүк берди.
3-глава. Программанын негизги максаттары
Ушул Программанын максаты инновациялык технологияларды жана реалдуу экономиканын продукцияларын экспорттоонун туруктуу потенциалына ээ ишкердиктин өсүшүнүн туруктуу динамикасы менен инновациялык жана креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик органдардын жана колдоонун башка институттук түзүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн комплекстүү системасын киргизүү аркылуу жаштар ишкердигин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири финансылык ресурстарга жана продукттарга, билим берүү, маалыматтык жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнү жакшыртуу менен жаш ишкерлер үчүн административдик тоскоолдуктарды жана бизнестин чыгымдарын кыскартууга багытталган жаштар ишкердигин институттук өнүктүрүү үчүн жагымдуу мамлекеттик колдоо системасын түзүү.
4-глава. Программанын артыкчылыгы
Программанын максаттарына жетүү үчүн мамлекеттик колдоо системасын өркүндөтүүгө, атап айтканда бизнестин чыгымдарын азайтууга, маалыматтык, консультациялык жана билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүүнү кеңейтүүгө, ошондой эле финансылык ресурстарга жана продукттарга жетүүнү жакшыртууга, жаштар ишкердигин түзүүгө жана потенциалын жогорулатууга көмөк көрсөтүүгө багытталган мыйзамдарды оптималдаштырууга көңүл бурулат.
5-глава. Программанын негизги принциптери жана милдеттери
1. Жаштар ишкердигин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери болуп төмөндөгүлөр саналат:
1) ишкердик активдүүлүккө дем берүү жана жаштарды ишкердикке тартуу - жаңы ишкананы түзүү этабына чейинки бардык жолдо келечектүү ишкердик идеялардын жаш авторлорун коштогон иш-чаралар системасын түзүү;
2) бизнести ишке ашыруунун ар бир этабында аны өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү дем берүү чараларын иштеп чыгуу;
3) ишканалардын чарбалык ишинин алгачкы этаптарында консультациялык, инвестициялык, инфраструктуралык колдоо көрсөтүү аркылуу жаштар ишкердигинин субъекттери тарабынан демилгеленген бизнес долбоорлорду колдоо жана коштоо;
4) административдик жөнгө салуунун, мамлекеттик органдардын ишинин принциптерин трансформациялоо, маалымат берүүгө, окутууга жана консультация берүүгө санкцияларды колдонуу;
5) татаал бюрократиялык жол-жоболорду жоюу жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бизнес суроо-талаптарды кароосун тездетүү.
2. Өз кезегинде Программанын максаттарына жетүү төмөнкү милдеттерди чечүүгө көз каранды болот:
1) жаштар ишкердиги чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү;
2) финансылык инфраструктураны өнүктүрүү жана жаш ишкерлердин финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жана анын продуктуларына жетүүсүн кеңейтүү;
3) жаштар ишкердигин колдоонун жана өнүктүрүүнүн институттук түзүмдөрүн жакшыртуу;
4) жаштардын ишкердик потенциалын жогорулатууга басым жасоо менен билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү.
§ 1. Жаштар ишкердиги чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү
1. "Жаштар ишкердиги" түшүнүгү 2023-жылы гана Кыргыз Республикасынын "Жаштар жөнүндө" Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу пайда болгон, ага ылайык жаштар ишкердиги - жаштардын ишкердик ой жүгүртүүсүн, ишкердикке болгон жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө, жаштардын потенциалын ишке ашырууга, жаш ишкерлердин рыноктук мамилелерге киришинин баштапкы шарттарын жеңилдетүүгө багытталган чаралардын комплекси болуп саналат.
2. Мыйзам чыгаруучу жаштар ишкердигин жүргүзгөн (курагы 35 жаштан жогору эмес) жана жаштар саясаты чөйрөсүндө мамлекеттик колдоону пайдалана турган адамдарга төмөнкүлөрдү киргизген:
1) юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик иш менен алектенген жаштар;
2) жаштар тарабынан уюштурулган дыйкан (фермердик) чарбалары;
3) жаштар тарабынан демилгеленген стартаптар;
4) жаштар тарабынан уюштурулган ишкердик демилгелер.
3. Мыйзамда ошондой эле жаштар ишкердигин мамлекеттик колдоонун негизги багыттары аныкталган, алар төмөнкүлөргө негизделген:
1) жаштардын социалдык жактан корголбогон катмарларын ишкердик ишке тартуу;
2) жаштарга ишкердик иштин негиздерин окутуу, окуу жайлар менен жумуш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты келишимдик негизде өнүктүрүү;
3) жаштар ишкердигин колдоонун региондук программаларын иштеп чыгуу.
4. Жаштар ишкердиги чөйрөсүндөгү изилдөөлөрдүн баштапкы тажрыйбасы ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүнүн жана процесстерге таасир этүүнүн заманбап ыкмаларын колдонууну, атап айтканда жаштар ишкердигин колдоонун жана өнүктүрүүнүн бирдиктүү программасын андан ары иштеп чыгуу жана жайылтуу зарылдыгын күбөлөндүрөт.
5. Колдоонун ишенимдүү элементтерин - финансылык, методикалык, юридикалык жана маалыматтык базалардын жеткиликтүүлүгүн камтыган чыныгы жалпы республикалык ишкердик чөйрөнү түзүү зарыл.
6. Ресурстардын ачыктыгынын жана жеткиликтүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу, жаш адистерге билим берүү, ишкердиктин башка катышуучулары менен кызматташууну камсыз кылуу жана республикалык, ошондой эле региондук жана муниципалдык деңгээлдерде жаштар уюмдарынын ишинин натыйжалуулугун арттыруу өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Жаштар ишкердиги чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү Кыргыз Республикасында жаштар ишкердигин өнүктүрүүнүн келечегин аныктоочу негизги милдет экендиги талашсыз.
§ 2. Финансылык инфраструктураны өнүктүрүү жана жаш ишкерлердин финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жана продуктуларга жетүүсүн кеңейтүү
1. Бул милдетти ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жаштар ишкердигинин артыкчылыктуу багыттарын каржылоонун шарттарын, анын ичинде жаш ишкерлерге узак мөөнөткө жеңилдетилген кредиттерди берүүнүн шарттарын түзөт.
Ошондой эле жаш ишкерлерге жана жашыл экономиканы өнүктүрүүгө инвестициялаган венчурдук фонддор үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт.
2. Жаштар ишкердигин өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана банк сектору төмөнкү багыттар боюнча иштерди күчөтөт:
1) финансылык институттар тарабынан жаңыдан баштаган бизнес, стартаптар үчүн атайын программаларды киргизүү жолу менен ишкерлер үчүн финансылык эмес кызмат көрсөтүүлөрдүн өнүктүрүлүүсүнө түрткү берүү;
2) донордук каражаттарды тартуунун эсебинен жаштар ишкердигин каржылоо үчүн атайын кредиттик линияларды кеңейтүү программаларын ишке киргизүү.
Жаш ишкерлердин бизнес долбоорлорун жеке инвесторлорго жана чакан бизнести колдоо боюнча мамлекеттик программалардын өкүлдөрүнө презентациялоо үчүн инвестициялык бизнес форумдар өткөрүлөт. § 3. Жаштар ишкердигин колдоонун жана өнүктүрүүнүн институттук түзүмүн жакшыртуу
1. Жаштар арасында ишкердикти кеңири жайылтуу, бизнес жүргүзүүнүн негиздерин жана көндүмдөрүн окутуу потенциалын жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан төмөнкүлөр боюнча демилгелер колдоого алынат:
1) маалыматтык, консультациялык жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө жетүү мүмкүндүгүн кеңейтүү;
2) жаштар ишкердигин колдоонун финансылык эмес инфраструктуралык элементтеринин системасын (жаштардын бизнес-инкубаторлорунун, стартап-акселераторлорунун, технопарктарынын ж.б. системасын жана алардын ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү системасын) түзүү;
3) ийгиликтүү жаш ишкерлер үчүн коммуникациялык, консультациялык аянтчаларды түзүү;
4) жаштар ишкердигин өнүктүрүү чөйрөсүндө жергиликтүү деңгээлдеги потенциалды күчөтүү - жергиликтүү деңгээлде ишкердикти колдоонун жана өнүктүрүүнүн райондук борборлорун түзүү;
5) "Студенттик стартап" пилоттук программасын "Жаштар стартабы" программасына кайра түзүү;
6) туруктуу негизде маалыматтык-консультациялык кызматтарды көрсөтүү жана ишкердик иш жаатында жаштарды коштоо үчүн маалыматтардын маалыматтык базасын түзүү;
7) жаштар ишкердигин актуалдаштыруу жана пропагандалоо, жаштар ишкердигин өнүктүрүү маселелери боюнча бизнес-форумдарды жана конференцияларды өткөрүү;
8) орто жана жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында оюн жана тренинг иш-чараларын, билим берүү курстарын иштеп чыгуу жана өткөрүү, ЖМКда жаштар арасында ишкердик ишти кеңири жайылтуучу ар кандай программалардын жана жарыялоолордун санын көбөйтүү.
Аталган иш жаңы дүйнө таанымды калыптандырууга, активдүү жашоо позициясы бар жаштарды колдоого, алардын ишкердик демилгесин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө, компаниялар менен бизнес-түзүмдөр үчүн зарыл болгон кадрларды даярдоого, бизнес-долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга багытталат. § 4. Жаштардын ишкердик потенциалын жогорулатууга басым жасоо менен билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү Ишкердик негиздерин түшүнүүнү жакшыртуу үчүн зарыл көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган жаштар үчүн окутуучу программалардын комплекси даярдалат, ошондой эле билим берүү системасына тиешелүү окуу сабактары киргизилет. Мындай окутуу программаларын даярдоо чыгармачыл топтор тарабынан жүргүзүлөт, алардын курамына методологдор, методисттер, бизнес-тренерлер жана жеке ишкерлер кирет.
6-глава. Программанын күтүлүүчү натыйжалары
1. Программанын иш-чараларын ишке ашыруу жаштар ишкердигин өнүктүрүүнүн жана колдоонун институттук жана билим берүү негиздерин, өз ара аракеттенүү инфраструктурасын, жаштардын коммуникацияларын жана инновациялык ишкердикти өнүктүрүүгө негизги кызыкдар тараптарды түзүүгө, жаштардын ишкердик көз карашын калыптандырууга, ишкердик демилгелерин ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
2. Жаштардын ишкердик чөйрөсүндөгү потенциалын жана алардын туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган ишкердикти колдоонун өркүндөтүлгөн мыйзамдык жана мамлекеттик саясаты жаштар ишкердигин натыйжалуу өнүктүрүүнүн негизи болуп калат.
Программанын максаттарын, милдеттерин жана чараларын ишке ашыруу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
1) жаштар ишкердигине кызыктыруу жана дем берүү системасын түзүүгө;
2) жаштар ишкердигин өнүктүрүүнүн институттук жана инфраструктуралык чөйрөсүн өркүндөтүүгө;
3) демилгелүү жаштар үчүн финансылык ресурстарга жана продуктуларга, башка мүмкүнчүлүктөргө жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылууга;
4) инсандын талантын ачуу жана потенциалын жүзөгө ашыруу аркылуу жаштарды өлкөнүн инновациялык өнүгүү процессине тартууга;
5) ишкердик чөйрөсүндө жаштардын потенциалын жогорулатууга, бизнес жүргүзүүнүн ишкер жана атайын көндүмдөрүн (пландаштыруу, финансылык сабаттуулук, менеджмент, маркетинг ж.б.) өнүктүрүүгө;
6) ишкердик чөйрөсүндө студент жаштардын билим алуу сапатын жана потенциалын жогорулатууга;
7) билим берүү, илимий мекемелердин жана бизнестин өз ара аракеттенүүсүн жана оз ара кызыкчылыктарын арттырууга.
7-глава. Программаны аткаруунун жагымдуу өбөлгөлөрү жана тобокелдиктери
1. Программаны ийгиликтүү ишке ашыруунун негизги жагымдуу өбөлгөлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
1) акыркы жылдары жаштардын инновациялык ишкердикке болгон кызыгуусунун артышы жана активдүүлүгү, ишкердик ишти жүзөгө ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүнүн, технологияларынын жана инфраструктурасынын өнүгүшү, инновациялык жана онлайн интернет-бизнестин жүгүртүүлөрүнүн көбөйүшү;
2) мамлекет тарабынан колдоонун жана каржылоонун, анын ичинде стартаптарды ишке ашырууга, жаш ишкерлер үчүн шарттарды түзүүчү билим берүү программаларын ишке ашырууга гранттардын болушу;
3) программаны ийгиликтүү аткарууга көмөк көрсөтүүчү натыйжалуу бизнес-инкубаторлор, акселераторлор, билим берүү борборлору жана инновациялык парктар аркылуу бизнес-идеяларды ишке киргизүү жана колдоо, ишкердик иш үчүн натыйжалуу инфраструктуранын болушу;
4) стартаптарга жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана рынокторго жетүү мүмкүндүгүн жеңилдете турган заманбап технологияларды тез ишке киргизүү жана колдонуу;
5) жеке компаниялар жана бизнес-коомдоштук менен кызматташуу кызыкдар тараптардын (илим, билим берүү, бизнес жана жаштар) тажрыйба, ресурстар менен алмашуусуна жана жагымдуу ишкердик чөйрөнү түзүүгө өбөлгө түзүшү мүмкүн.
2. Жаштар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын аткаруунун негизги тобокелдиктери финансылык ресурстардын жетишсиздиги, жаштардын бизнеси үчүн укуктук тобокелдиктерди жаратышы жана Программаны ишке ашырууну жайлатышы, анын натыйжалуулугуна таасир этиши мүмкүн болгон административдик жана жол-жоболук тоскоолдуктар болушу мүмкүн.
3. Башка тобокелдиктер болуп ишкердикти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган мамлекеттик органдардын, донордук уюмдардын, жеке компаниялардын жана бизнес-коомдоштуктардын, башка кызыкдар тараптардын ортосундагы коммуникациянын жана координациянын жетишсиздиги саналат, бул жаштар ишкердигин колдоого, өнүктүрүүгө багытталган кызматташуунун натыйжалуу чараларын илгерилетүүнү жана ишке киргизүүнү кыйындатышы мүмкүн.
8-глава. Программаны финансылык камсыздоо
1. Программанын максаттарына жана милдеттерине жетүүдөгү маанилүү этап болуп жаштар арасында ишкердик активдүүлүгүн өбөлгөлөөгө багытталган демилгелерди ийгиликтүү жүзөгө ашыруунун негизги аспекти болуп саналган иш-чараларды ишке ашыруу үчүн финансылык камсыздоо системасы саналат. Бул үчүн Программада каралган милдеттерди чечүүгө өбөлгө түзүүчү өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ресурстарын тартуу керек.
2. Программаны ишке ашыруунун башталышы жооптуу министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин, Программанын негизги долбоорлорун колдоо үчүн эл аралык өнөктөштөрдөн жана уюмдардан инвестицияларды жана гранттарды тартуунун, илимий жана билим берүү уюмдарынын жеке ишканалар, жаш ишкерлердин венчурдук фонддор менен өнөктөштүк механизмдерин түзүү үчүн жеке инвестицияларды тартуунун алкагында жүзөгө ашырылат. Бул каражаттар Программанын негизги милдеттерин, анын ичинде билим берүү жана тренинг демилгелерин, стартаптарды финансылык колдоону, инфраструктураны түзүүнү жана башка стратегиялык багыттарды ишке ашырууга бөлүштүрүлөт.
9-глава. Программага мониторинг жана баалоо жүргүзүү
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган милдеттердин аткарылышын талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн жыйынды отчётту түзөт. Ошентип мониторинг жүргүзүү системасы Программанын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн туруктуу механизмин түзөт.
2. Мониторинг жүргүзүү системасынын негизги объекттери жана инструменттери болуп иш-чаралар планы, Программаны ишке ашыруунун индикаторлорунун матрицасы саналат.
Мониторинг жана баалоо жүргүзүү матрицасынын негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жетишилген прогрессти, иш-чаралар планын жана Программанын долбоорлорун аткаруунун жүрүпгүндө аныкталган кемчиликтерди толук талдап чыгат.
3. Программанын ар бир этабы аяктагандан кийин жаштар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча андан аркы иштерди жакшыртуу боюнча зарыл болгон түзөтүүчү чараларды жана сунуштарды иштеп чыгуу максатында жетишилген натыйжаларга баа берилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Жаштар жөнүндөЗакон · 04.08.2023 · № 157
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 94 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бизнести өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.02.2023 · № 94
- Постановление Кабинета Министров КР от 17 ноября 2021 года № 270 "Об утверждении Программы по поддержке и развитию женского предпринимательства в Кыргызской Республике на…Постановление · 17.11.2021 · № 270
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 770 "2025-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында жаштар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча…Постановление · 19.12.2024 · № 770