Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «»Студенттик стартап» пилоттук программасы жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМУ 2023-жылдын 3-марты № 128 "Студенттик стартап" пилоттук программасы жөнүндө Жаштардын ишкердигин өнүктүрүүгө дем берүү, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында бизнес-идеяларды ишке киргизүүнү жана андан ары илгерилетүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын 2.1-пунктун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Студенттик стартап" пилоттук программасы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы "Студенттик стартап" пилоттук программасын ишке ашырууну координациялоо боюнча кеңеш 2-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы "Студенттик стартап" пилоттук программасын ишке ашырууну координациялоо боюнча кеңеш жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жогоруда аталган пилоттук программанын иштөө мөөнөтү 3 жылга белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ар жылдык негизде конкурстун жыйынтыгы боюнча тандалып алынган стартап-долбоорлорду колдоо үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлүп берүүнү карасын.
6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында стартап-долбоорлордун конкурсун уюштуруу жана өткөрүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети кун өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 14-мартындагы № 19 (3468) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы "Студенттик стартап" пилоттук программасын ишке ашырууну координациялоо боюнча кеңештин курамы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кеңештин торагасы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын билим беруү жана илим министринин орун басары, Кеңештин катчысы.
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өкүлү; Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү; Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлү; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин өкүлү; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү; Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин өкүлү; Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлү; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин өкүлү; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү; Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун өкүлү (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Републикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы "Студенттик стартап" пилоттук программасын ишке ашырууну координациялоо боюнча кеңеш жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын…Положение · 03.03.2023 · № 128
- "Студенттик стартап" пилоттук программасы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 128 токтомуна ылайык)Положение · 03.03.2023 · № 128
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 770 "2025-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында жаштар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча…Постановление · 19.12.2024 · № 770
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы ПЖ № 221 "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.10.2018 · № 221