Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2026-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө» токтому
ПОСТАНОВЛЕНИЕ КАБИНЕТА МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
2026-жылдын 19 январындагы № 13
2026-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө
2026-жылы расмий статистиканы жүргүзүү жана жайылтуу максатында, «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2026-жылга статистикалык программа тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, Кыргыз Республикасынын атайын статустагы мамлекеттик бийлик органдары, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарбалык субъекттер (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин тиешелүү органдарына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн 2026-жылга статистикалык программада каралган мөөнөттөрдө административдик жана жеке маалыматтарды берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабрындагы № 761 «2025-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 20-январындагы № 3 (3763) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- 2026-жылга статистикалык программа (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-январындагы № 13 токтомуна)Программа · 19.01.2026 · № 13
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабры № 761 "2025-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.12.2024 · № 761 · Күчүн жоготкон
- 2025-жылга статистикалык программа (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабрындагы № 761 токтомуна)Программа · 16.12.2024 · № 761 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Расмий статистика жөнүндөЗакон · 08.07.2019 · № 82
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабры № 761 "2025-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.12.2024 · № 761 · Күчүн жоготкон