Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене
Күчүндө · 06.12.2024 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 31-беренеде:
а) 3-бөлүктүн экинчи абзацында "149, 372-1 жана 373-беренелеринде" деген сөздөр "76, 77, 77-1, 149, 284-1, 284-2, 372-1 жана 373-беренелеринде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктүн экинчи абзацында "144, 149 жана 346-беренелеринде каралган" деген сөздөр "76, 77, 77-1, 144, 149, 284-1, 284-2 жана 346-беренелеринде каралган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 76 жана 77-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"76-берене. Фармацевтикалык иштин субъекттери тарабынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатууда бааларды жөнгө салуунун белгиленген эрежелерин бузуу
1. Чекене сатууда дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларды жана үстөк бааларды жогорулатуу -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, -
жеке жактарга 500 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 800 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Дүңүнөн сатууда дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларды жана үстөк бааларды жогорулатуу -
жеке жактарга 500 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 800 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, -
жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
5. Өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал, аскердик абал шартында жана (же) айланасындагыларга коркунуч жараткан оорунун жайылуу коркунучу жаралган учурда, ошондой эле чектөөчү экономикалык чаралар киргизилген шарттарда киргизилген дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларды жана үстөк бааларды жогорулатуу -
жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Берененин тексти 06.12.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230019398/st-2" title="2-берене - Саламаттык сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>