1-берене
Күчүндө · 06.12.2024 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 147-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзацта "дары каражаттарын клиникалык сыноону" деген сөздөр "дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды клиникалык изилдөөнү (сыноону)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацта "200" жана "500" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "500" жана "2000" деген цифраларга алмаштырылсын, "кырктан жүз саатка чейинки коомдук иштерге тартуу" деген сөздөр "эки жылга чейин эркиндигинен ажыратуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
в) 3-бөлүктө:
- биринчи абзацта "Балага карата" деген сөздөр "Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген же балага карата" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацта "үч жылга чейинки мөөнөткө" деген сөздөр "беш жылга чейинки мөөнөткө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 152-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"152-берене. Мыйзамсыз медициналык же фармацевттик иш
1. Этиятсыздыктан олуттуу залал келтирген, милдеттүү түрдө алынуусу мыйзамда каралган лицензиясыз (уруксатсыз) жүзөгө ашырылуучу медициналык же фармацевттик иш, ага тете медициналык билими жок адам тарабынан жүзөгө ашырылуучу мыйзамсыз медициналык иш, -
500дөн 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же болбосо эки жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосундар, -
эки жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосундар, -
беш жылдан сегиз жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
3) төмөнкүдөй мазмундагы 152-1-берене менен толукталсын:
"152-1-берене. Салттуу (элдик) медицина менен мыйзамсыз алектенүү
1. Этиятсыздыктан олуттуу залал келтирген, жогорку медициналык билими жок жана салттуу (элдик) медицина жаатында атайын даярдыктан өтпөгөн адамдын салттуу (элдик) медицина менен алектенүүсү, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 500дөн 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.
2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосундар, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосундар, -
беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
4) 294-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"294-берене. Дары каражаттарын, медициналык буюмдарды, тамак-аш кошулмаларын мыйзамсыз өндүрүү, даярдоо жана/же сатуу
1. Этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген дары каражаттарын, медициналык буюмдарды, дарылоо-косметикалык буюмдарды, дарылоо-алдын алуу тамак-аш азыктарын же тамак-аш кошулмаларын мыйзамсыз өндүрүү, даярдоо жана/же сатуу, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же конфискациялоо менен же анысы жок үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосундар, -
конфискациялоо менен же анысы жок беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосундар, -
конфискациялоо менен же анысы жок беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Кылмыштын түздөн-түз предмети болуп саналган дары каражаттары жана медициналык буюмдар, дарылоо-косметикалык буюмдар, дарылоо-алдын алуу тамак-аш азыктары же тамак-аш кошулмалары мыйзамсыз иш-аракеттерди жүзөгө ашыргандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган субъекттердин эсебинен конфискацияланууга жана жок кылынууга тийиш.".
Берененин тексти 06.12.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230019398/st-1" title="1-берене - Саламаттык сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>