77-берене. Фармацевтикалык иштин субъекттери тарабынан дары каражаттарын, медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө белгиленген тартипти, талаптарды, эрежелерди бузуу
Күчүндө · 06.12.2024 редакциясы
1. Сапатсыз, бурмаланган, жарактуулук мөөнөтү бүткөн, жарабай калган дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып келүү, өндүрүү, даярдоо, дүңүнөн же чекене сатуу жана/же берүү, -
жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Дары каражаттарын санариптик маркалоо эрежелерин бузуу менен дүңүнөн же чекене сатуу, -
жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Рецепттерди жазуу эрежелерин бузуу же рецепттик дары каражаттарын рецепти жок чекене сатуу жана берүү, -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Предметтик-сандык эсепке алынууга тийиш болгон дары каражаттарын чекене сатуу жана берүү эрежелерин бузуу, -
жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
5. Дары каражаттарын сактоо эрежелерин бузуу, -
жеке жактарга 300 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
6. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатысыз клиникалык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүү -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
7. Клиникалык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүү тартибин бузуу, -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
8. Ушул берененин 1-7-пункттарында көрсөтүлбөгөн дары каражаттарын, медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө белгиленген тартипти, талаптарды, эрежелерди бузуу, -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
3) төмөнкүдөй мазмундагы 77-1-берене менен толукталсын:
Берененин тексти 06.12.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
77-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230019398/st-77" title="77-берене - Саламаттык сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>