Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Товарларды өндүрүүчүлөрдүн, товарларды импорттоочулардын товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнүн нормативдерин аткаруу жөнүндө отчеттуулукту берүү тартибин бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-сентябры № 563
Товарларды өндүрүүчүлөрдүн, товарларды импорттоочулардын товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнүн нормативдерин аткаруу жөнүндө отчеттуулукту берүү тартибин бекитүү тууралуу
"Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 8, 13-бөлүктөрүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Товарларды өндүрүүчүлөрдүн, товарларды импорттоочулардын товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнүн нормативдерин аткаруу жөнүндө отчеттуулукту берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндөЗакон · 15.08.2023 · № 181