Товарларды өндүрүүчүлөрдүн, товарларды импорттоочулардын товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнүн нормативдерин аткаруу жөнүндө отчеттуулукту берүү ТАРТИБИ
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 563 токтомуна)
Товарларды өндүрүүчүлөрдүн, товарларды импорттоочулардын товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнүн нормативдерин аткаруу жөнүндө отчеттуулукту берүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Товарларды өндүрүүчүлөрдүн, товарларды импорттоочулардын товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнүн нормативдерин аткаруу жөнүндө отчеттуулукту берүү тартиби (мындан ары - Тартип) товарларды өндүрүүчүлөрдүн, товарларды импорттоочулардын товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнүн нормативдерин аткаруу жөнүндө отчеттуулукту (мындан ары - отчеттуулук) берүү тартибин, формасын жана мөөнөттөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн же Кыргыз Республикасына ташып келинген товарларды пайдалануунун калдыктарына карата кайра иштетүүнүн белгиленген нормативдеринин аткарылышын эсепке алууну жана контролдоону жүзөгө ашырууну белгилейт.
2-глава. Отчеттуулукту берүүнүн тартиби
2. Отчеттуулук төмөнкүлөр тарабынан берилет:
а) товарларды өндүрүүчүлөр тарабынан төмөнкүлөргө карата:
- Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга;
- Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарлардын таңгагына;
б) товарларды импорттоочулар тарабынан төмөнкүлөргө карата:
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден импорттолгон товарларга;
- Кыргыз Республикасына үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон жана тиешелүү бажы операцияларынан өткөн товарларга;
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып келинген товарлардын таңгагына;
- Кыргыз Республикасына үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон жана тиешелүү бажы операцияларынан өткөн товарлардын таңгагына.
3. Даяр товар катары көп жүгүртүлүүчү таңгакка карата отчеттуулук Кыргыз Республикасынын аймагында мындай таңгакты жүгүртүүгө чыгарган товарларды өндүрүүчү, товарларды импорттоочу тарабынан берилет.
4. Отчеттуулукту түзүүдө төмөнкүлөр эсепке алынбайт:
а) Кыргыз Республикасынан транзит аркылуу чыгарылуучу товарлар;
б) Кыргыз Республикасынан транзит аркылуу чыгарылуучу товарлардын таңгагы.
5. Отчеттуулуктун формасы товарларды өндүрүүчүлөр, товарларды импорттоочулар тарабынан ушул Тартиптин 1, 2-тиркемелерине ылайык толтурулат жана жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган электрондук документтер формасында калдыктарды эсепке алуу системасынын (мындан ары - калдыктарды эсепке алуу системасы) электрондук сервиси аркылуу берилет.
6. Электрондук формада отчеттуулукту берүүдө кагаз алып жүрүүчүдө отчеттуулукту кошумча берүү талап кылынбайт.
7. Отчеттуулукту электрондук формада берүүгө техникалык мүмкүнчүлүк болбогон учурда, отчеттуулук товарларды өндүрүүчүлөр жана товарларды импорттоочулар тарабынан кагаз алып жүрүүчүдө бир нускада жеке же почта менен жөнөтүү аркылуу (тиркелген документтердин тизими жана тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо менен) милдеттүү түрдө электрондук алып жүрүүчүдө көчүрмөсүн берүү менен берилет.
8. Электрондук формадагы отчеттуулукту кабыл алуу датасы болуп калдыктарды эсепке алуу системасынын электрондук сервистери аркылуу жөнөтүлгөн дата эсептелет.
Кагаз алып жүрүүчүдө отчеттуулукту кабыл алуу датасы болуп өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги операторунун (мындан ары - ӨКЖ оператору) кагаз алып жүрүүчүдө коюлуучу отчеттуулукту алгандыгы жөнүндө белгиде көрсөтүлгөн дата же почта менен жөнөтүлгөн дата эсептелет. ӨКЖ оператору - Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык утилдештирүү жыйымынын төлөмдөрүн чогултууну жана башкарууну жүзөгө ашыруучу, товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнү камсыз кылуучу юридикалык жак.
9. Отчеттуулук берүү үчүн отчеттук мезгил болуп календардык жыл таанылат.
10. Отчеттук календардык жылдын ичинде товарларды өндүрүүчү же импорттоочу чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырып баштаган учурда отчеттук мезгил товарларды өндүрүүчүлөр же импорттоочулар болуп саналган жеке ишкер же юридикалык жак мамлекеттик каттоодон өткөн датадан тартып эсептелет.
11. Отчеттуулук жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин берилет.
3-глава. Отчеттуулукту берүүдө товарларды өндүрүүчүлөргө, товарларды импорттоочуларга коюлган талаптар
12. Товарларды өндүрүүчүлөр, товарларды импорттоочулар отчелуулукта көрсөтүлгөн маалыматтардын толуктугун жана аныктыгын камсыз кылат.
13. Товарларды өндүрүүчүлөр, товарларды импорттоочулар кайра иштетүүнүн белгиленген нормативдеринин аткарылышын контролдоо максатында ӨКЖ операторунун суроо-талабы боюнча төмөнкүлөрдү берет:
а) "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 3-пунктунда каралган келишимдердин көчүрмөлөрүн;
б) ушул Тартиптин 3-тиркемесинин формасы боюнча калдыктарды кайра иштетүү актыларынын көчүрмөлөрүн.
14. Документтердин көчүрмөлөрү товарларды өндүрүүчү жана товарларды импорттоочу тарабынан ӨКЖ операторуна тиешелүү суроо-талапты алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жиберилет.
15. Ушул Тартиптин 13-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү товарларды өндүрүүчү, товарларды импорттоочу тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш, төмөнкүлөрдө көрсөтүлгөн учурда:
а) ушул Тартиптин 5-пунктунда - жөнөкөй электрондук кол тамга менен;
б) ушул Тартиптин 7-пунктунда - юридикалык жактын жетекчисинин же юридикалык жактын атынан иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу жактын кол тамгасы же болбосо жеке жактын же жеке ишкердин кол тамгасы жана мөөрү менен (бар болсо).
4-глава. ӨКЖ операторунун укуктары жана милдеттери
16. Кайра иштетүүнүн белгиленген нормативдеринин аткарылышын контролдоо ӨКЖ оператору тарабынан отчеттуулук кабыл алынган күндөн тартып 3 айдын ичинде жүзөгө ашырылат.
17. ӨКЖ оператору отчеттуулуктун формасын толтуруунун толуктугун жана тууралыгын, анда көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын текшерүү аркылуу кайра иштетүүнүн белгиленген нормативдеринин аткарылышын жана аны берүү мөөнөттөрүнүн сакталышын контролдоону (мындан ары - отчеттуулукту текшерүү) ӨКЖ операторунун карамагында болгон маалыматты жана (же) алар тарабынан белгиленген тартипте учурдагы календардык жылда Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган, Кыргыз Республикасынын аймагында ички керектөө үчүн сатылган товарлардын, товарлардын таңгагынын санын декларациялоодо (мындан ары - товарларды жана товарлардын таңгагын декларациялоо), утилдештирүү жыйымын эсептөөнүн тууралыгын, толуктугун жана өз убагында төгүлүшүн контролдоону жүзөгө ашырууда алынган маалыматты эске алуу менен жүргүзөт.
18. Отчеттуулукту текшерүүдө отчеттуулуктун курамындагы товарларды өндүрүүчү, товарларды импорттоочу тарабынан көрсөтүлгөн маалыматтардын ушул Тартиптин жоболоруна шайкештиги аныкталат.
Товарларды өндүрүүчү, товарларды импорттоочу тарабынан берилген отчеттуулуктун курамындагы маалыматтарды ырастоо үчүн ӨКЖ оператору контролдоо үчүн зарыл болгон маалыматты бул маалыматтар карамагында турган аткаруу бийлигинин органдарынан, ошондой эле товарларды өндүрүүчү же товарларды импорттоочу менен товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүгө келишим түзүлгөн юридикалык жактардан, жеке ишкерлерден жана жеке жактардан, анын ичинде товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүү үчүн жабдуулардын тиешелүү кубаттуулуктарынын бар экендиги жөнүндө маалыматты суроого укуктуу.
19. Товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүчү уюмдар тарабынан көрсөтүлгөн маалыматты ӨКЖ операторуна берүү 30 күндүк мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
20. Эгерде отчеттуулукка жана ушул Тартиптин 15-пунктуна ылайык берилүүчү документтерге текшерүү жүргүзүү учурунда каталар, карама-каршылыктар, товарларды өндүрүүчү, товарларды импорттоочу тарабынан берилген маалыматтардын ушул Тартиптин 17-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкеш келбестиги аныкталган болсо, ӨКЖ оператору мындай талапты алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде отчеттуулукка тиешелүү негиздүү түшүндүрмөлөрдү берүү жөнүндө жана (же) төмөнкү бузууларды жоюу үчүн ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө талапты түзөт:
а) отчеттуулук формаларын толтурууда кетирилген каталарды жана отчеттуулукта камтылган маалыматтардын ушул Тартиптин 17-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарга карама-каршылыктарын (шайкеш келбестиктерди);
б) кайра иштетүүнүн белгиленген нормативдерин аткарбоону же толук эмес көлөмдө аткарууну.
21. Талап ӨКЖ оператору тарабынан ага кол коюлгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде товарларды өндүрүүчүлөргө, товарларды импорттоочуларга жиберилет.
22. Эгерде отчеттуулук отчеттуулукка текшерүү жүргүзүлүп жаткан товарларды өндүрүүчү, товарларды импорттоочу тарабынан электрондук кол тамга коюлган электрондук документ формасында телекоммуникациялык тармактар аркылуу берилген болсо, талап ӨКЖ оператору тарабынан жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндө телекоммуникациялык тармактар аркылуу товарларды өндүрүүчүгө, товарларды импорттоочуга жөнөтүлөт.
23. Эгерде отчеттуулук отчеттуулукка текшерүү жүргүзүлүп жаткан товарларды өндүрүүчү, товарларды импорттоочу тарабынан кагаз алып жүрүүчүдө берилсе, талап ӨКЖ оператору тарабынан товарларды өндүрүүчүгө, товарларды импорттоочуга тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо менен почта аркылуу жөнөтүлөт.
24. Ушул Тартиптин 20-пунктунда көрсөтүлгөн талап менен макул болбогон учурда товарларды өндүрүүчү же товарларды импорттоочу ӨКЖ операторуна отчеттуулукта берилген маалыматтардын негиздүүлүгүн ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн, ошондой эле отчеттуулукта берилген маалыматтардын ушул Тартиптин 17-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык келбестигинин себептери тууралуу түшүндүрмөлөрдү жөнөтөт.
25. ӨКЖ оператору тарабынан отчеттуулукту текшерүү учурунда ушул Тартиптин 13-пунктуна ылайык товарларды өндүрүүчү жана товарларды импорттоочу тарабынан берилген документтер жана түшүндүрмөлөр милдеттүү түрдө каралат.
26. Кайра иштетүүнүн белгиленген нормативдеринин аткарылышын контролдоо ӨКЖ оператору жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
27. Ушул Тартиптин 19-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдө отчеттуулук берилбеген учурда ӨКЖ оператору товар өндүрүүчүгө жана (же) товарларды импорттоочуга отчеттуулукту берүүнүн зарылдыгы жөнүндө талап жиберет.
28. Товарларды өндүрүүчү же товарларды импорттоочу тарабынан ушул Тартиптин 20 жана 27-пункттарында көрсөтүлгөн бузуулар четтетилбеген учурда ӨКЖ оператору бул факт жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине маалымдайт.
5-глава. Отчеттуулукту берүү тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
29. Отчеттуулукту бербегендиги жана өз убагында бербегендиги үчүн, ошондой эле утилдештирүү жыйымын төлөө тартибин бузууга алып келген отчеттуулукта анык эмес маалыматтарды бергендиги үчүн, ошондой эле салыктык эмес кирешени төлөбөгөндүгү жана өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн товарларды өндүрүүчүлөр жана товарларды импорттоочулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Товарларды өндүрүүчүлөрдүн, товарларды импорттоочулардын товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнүн нормативдерин аткаруу жөнүндө отчеттуулукту берүү тартибине 1-тиркеме
________________ -жыл үчүн товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнүн нормативдерин аткаруу жөнүндө ОТЧЕТТУУЛУК
Отчеттуулук берилди:
Юридикалык же жеке жактын, жеке ишкердин аталышы
Отчеттук жыл
1-бөлүм. Жалпы маалыматтар
1. Юридикалык жак жөнүндө маалымат
Импорттоочу/өндүрүүчү
Юридикалык жактын уюштуруу-укуктук формасы жана анын аталышы (толук/кыскартылган)
СИН (салык төлөөчүнүн идентификациялык номери)
ИУЖРК (ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификатору) коду
Жайгашкан жеринин дареги
2. Жеке ишкер/жеке жак жөнүндө маалымат
Импорттоочу/өндүрүүчү (керектүүсүнүн алдын сызуу керек)
СИН (салык төлөөчүнүн идентификациялык номери)
ИУЖРК (ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификатору) коду
Жайгашкан жеринин дареги
3. Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификатору боюнча МК 014-1999 коду
4. Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык жана аймактык бирдиктеринин объекттерин белгилөө системасынын мамлекеттик классификатору боюнча МК 002-2009 коду
5. Байланыш маалыматы (телефон номери, эл. почтасы)
2-бөлүм. Керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүчү товарлар жана товарлардын таңгагы жөнүндө маалымат <1>
1. Товарлар жөнүндө маалымат (товарлардын таңгагы жок) <2>
№
Товардын аталышы
Продукциянын мамлекеттик статистикалык классификатору боюнча товардын (товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн) коду МК017-2015 <3>
Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасынын (ЕАЭБ ТЭИ ТН) позициясынын аталышы <4>
Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасынын (ЕАЭБ ТЭИ ТН) коду <4>
Кайра иштетүүнүн нормативдерин аткарууну камсыз кылуу милдети келип чыккан отчеттук жылда Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган товарлардын саны <5>, <6>, <7>
Кайра иштетүүнүн нормативи (салыштырмалуу бирдиктерде)
Отчеттук мезгилде кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлардын саны (6-т. X 7-т.)
Отчеттук мезгилде кайра иштетилген товарларды пайдалануунун калдыктарынын саны <5>, <8>
Өткөн отчеттук мезгилде кайра иштетүү нормативинен ашык кайра иштетилген товарларды пайдалануунун калдыктарынын саны <5>, <9>
Отчеттук мезгилге эсептелүүчү товарларды пайдалануунун кайра иштетилген калдыктарынын жыйынтык саны <5>,<10> (9-т. + 10-т.)
Утилдештирүү жыйымы төлөнүшү керек болгон товарларды пайдалануунун калдыктарынын саны <5>, <11> (8-т. - 11-т.)
Кайра иштетүүнү ырастоочу документтер жөнүндө маалыматтар <12>
Эскертүү <13>
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
№ ____ топ
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
2. Товарлардын таңгагы жөнүндө маалымат <14>
№
Товарлардын таңгагынын аталышы
Товарлардын таңгагынын материалы
Бажы бирлигинин "Таңгактын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти (ББ ТР 005/20 Н) боюнча товарлардын таңгагынын тамгалык белгиси <15>
Бажы бирлигинин "Таңгактын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти (ББ ТР 005/20 П) боюнча товарлардын таңгагынын санариптик коду <15>
Продукциянын (товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн) мамлекеттик статистикалык классификатору боюнча коду МК017-2015) <3>
Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасынын (ЕАЭБ ТЭИ ТН) коду <15>
Кайра иштетүү нормативдерин аткарууну камсыз кылуу милдети келип чыккан учурдагы отчеттук жылда Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган товарлардын таңгагынын саны <5>, <6>
Кайра иштетүү нормативи (салыштырмалуу бирдиктерде)
Отчеттук мезгилде кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлардын таңгагынын саны (8-т. х 9-т.)
Отчеттук мезгилде кайра иштетилген товарларды пайдалануунун калдыктарынын саны (товарлардын таңгагы бөлүгүндө), <5>, <8>
Өткөн отчеттук мезгилде кайра иштетүүнүн нормативинен ашык кайра иштетилген товарларды пайдалануунун калдыктарынын саны (товарлардын таңгагы бөлүгүндө) <5>, <9>
Отчеттук мезгилге эсептелүүчү кайра иштетилген товарларды пайдалануунун калдыктарынын жыйынтык саны (товарлардын таңгагы бөлүгүндө) <5>,<16> (11-т. + 12-т.)
Утилдештирүү жыйымы төлөнүшү керек болгон товарларды пайдалануунун калдыктарынын саны (товарлардын таңгагы бөлүгүндө) <5>,<17> (8-т. - 13-т.)
Кайра иштетүүнү ырастоочу документтер жөнүндө маалыматтар <12>
Эскертүү <13>
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
№ ____ топ
Товарларды өндүрүүчүлөрдүн, товарларды импорттоочулардын товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнүн нормативдерин аткаруу жөнүндө отчеттуулукту берүү тартибине 2-тиркеме
Отчеттулуктун формасын толтуруу боюнча НУСКАМА
<1> Толтурууну талап кылбаган отчеттуулук позициялары сызыкча менен белгиленет. Кагаз жүзүндөгү отчетторго юридикалык жактын жетекчиси же юридикалык жактын атынан иш-аракеттерди жүзөгө ашьфууга ыйгарым укуктуу адам же жеке ишкер же жеке адам тарабынан кол коюлат, тигилет, барактары номерленет жана мөөр (бар болсо) менен күбөлөндүрүлөт. <2> Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган товарлар, анын ичинде даяр товар катары таңгактар үчүн толтурулат. Товарларды таңгактоо тууралуу маалымат бул таблицага киргизилбейт. Таблица төмөнкүдөй толтурулат: алгач тизмектин 1-бөлүмүнө ылайык товарлардын тобунун номери жана аталышы көрсөтүлөт, андан кийин тизмектин 1-бөлүмүндөгү товарлар боюнча товардык позициялар көрсөтүлөт. Таблицага товарларды өндүрүүчүдө жана импорттоочуда товарларды пайдалануудан калган калдыктарды кайра иштетүүнү камсыз кылуу боюнча милдеттер пайда болгон товарлар жана товарлардын топтору гана киргизилет. Товарлардын, анын ичинде кайра иштетилүүгө тийиш болгон даяр товар катары таңгактардын аталышы тизмектин 2-бөлүмүнүн биринчи графасына ылайык Продукциялардын (товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн) мамлекеттик статистикалык классификаторуна МК 017-2015 шайкеш келтирилет. <3> Кыргыз Республикасынын аймагында аларды өндүрүүчүлөр жүгүртүүгө чыгарган товарлар, анын ичинде даяр товар катары таңгактар үчүн толтурулат. <4> Ар бир товар боюнча аталышы жана коду Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2021-жылдын 14-сентябрындагы № 80 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишмердигинин бирдиктүү товардык номенклатурасы (ЕАЭБ ТЭИ ТН) боюнча көрсөтүлөт. Аларды импорттоочулар Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүүгө чыгарылган товарлар, анын ичинде даяр товар катары таңгактар үчүн толтурулат. Бир эле мезгилде товарларды өндүрүүчүлөр жана товарларды импорттоочулар болуп саналган юридикалык жак, жеке ишкер же жеке адам 3-5-графаларды толтурат. <5> Товарлардын, товарлардын таңгактарынын саны, товарларды пайдалануудан калдыктардын саны ар бир товар, товарлардын таңгагы үчүн тегеректөөнүн математикалык эрежелери боюнча толук санга чейин тегеректелип, килограмм менен көрсөтүлөт. <6> Товарларды өндүрүүчүлөр жана товарларды импорттоочулар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган товарлардын, товарлардын таңгактарынын санын декларациялоодо белгиленген тартипте алынган маалыматтын негизинде толтурулат. Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган товарлардын, товарлардын таңгактарынын санын көрсөтүү үчүн, учурдагы отчеттук жыл үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган товарлардын, товарлардын таңгактарынын саны жөнүндө декларацияда камтылган маалымат пайдаланылат. <7> Учурдагы отчеттук жылда Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган товарлардын, анын ичинде даяр товар катары таңгактардын саны көрсөтүлөт, Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган товарлардын, товарлардын таңгактарынын саны жөнүндө декларацияда камтылган маалыматтардын негизинде аларга карата кайра иштетүү нормативдерин аткарууну камсыз кылуу милдети келип чыгат. <8> Товарларды пайдалануудан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында чогултулган жана отчеттук мезгилде кайра иштетилген даяр товар катары таңгактан чыккан калдыктардын саны калдыктарды кайра иштетүү актыларында камтылган маалыматтардын негизинде көрсөтүлөт. <9> Товарларды, анын ичинде даяр товар катары таңгактарды пайдалануудан чыккан калдыктардын саны жана товарларды таңгактоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын аймагында чогултулган жана мурдагы отчеттук мезгилде кайра иштетүү нормативинен ашык кайра иштетилген товарларды пайдалануудан калдыктардын саны мурдагы отчеттук мезгил үчүн отчетто камтылган маалыматтардын негизинде көрсөтүлөт. <10> Товарларды, анын ичинде отчеттук мезгилде эсепке алынган, кайра иштетилген, даяр товар катары таңгактарды пайдалануудан калдыктардын жыйынтык саны товарларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында чогултулган жана отчеттук мезгилде кайра иштетилген даяр товар катары таңгактарды пайдалануудан калдыктардын санын жана мурунку отчеттук мезгилде кайра иштетүү нормативинен ашык кайра иштетилген товарларды, анын ичинде даяр товар катары таңгактарды пайдалануудан келип чыккан калдыктардын санын кошуу жолу менен аныкталат. <11> Утилдештирүү жыйымы төлөнүүгө тийиш болгон товарларды, анын ичинде даяр товар катары таңгактарды пайдалануудан калдыктардын саны отчеттук мезгилде кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлардын, анын ичинде даяр товар катары таңгактардын жыйынтык санынан отчеттук мезгилде кайра иштетилген, эсепке алынган товарларды, анын ичинде даяр товар катары таңгактарды пайдалануудан калдыктардын жыйынтык санын кемитүү аркылуу аныкталат. Кайра иштетүү ченемдери аткарылбаган учурда толтурулат. <12> Төмөнкү маалыматтар берилет:
- товарларды пайдалануудан чыккан калдыктарды, анын ичинде товарлардын таңгактарын пайдалануудан чыккан калдыктарды кайра иштетүү боюнча өздүк объекттерди уюштурууда түздөн-түз товарларды өндүрүүчүлөр, товарларды импорттоочулар тарабынан - Кыргыз Республикасынын аймагында чогултулган калдыктарды кайра иштетүү актыларынын реквизиттери (номери, датасы);
- товарларды пайдалануудан чыккан калдыктарды кайра иштетүүчү юридикалык жактар, жеке ишкерлер, жеке жактар (мындан ары - калдыктарды кайра иштетүүчү жактар) менен келишим түзгөндө - калдыктарды кайра иштетүүчү жактын аталышы, калдыктарды кайра иштетүү келишимдеринин жана актыларынын реквизиттери (номери, датасы);
- эгерде товардын, товардын таңгагынын бир эле аталышына карата товарларды өндүрүүчүлөр жана (же) товарларды импорттоочулар тарабынан кайра иштетүү нормативдеринин аткарылышын камсыз кылуу калдыктарды кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу ар кандай жактар менен келишим түзүү аркылуу ишке ашырылса, графада калдыктарды кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу ар бир жак көрсөтүлөт (бир эле товар, бир эле товардын таңгагы үчүн бир нече сап түрүндө).
<13> Эгерде кайра иштетүү нормативи товарлардын бир же бир нече тобуна, тизмеге ылайык товарлардын таңгактоо тобуна кирген товарларды пайдалануудан келип чыккан ар кандай калдыктарды (товарлардын таңгагын пайдалануудан келип чыккан калдыктарды кошкондо) кайра иштетүүнүн эсебинен аткарылса, мындай товарларды, мындай товарлардын таңгагын ушундай багытта жана (же) аларды пайдалануудан келип чыккан калдыктарды кайра иштетүүнүн ушундай ыкмасынын (мындан ары - бири-бирин алмаштыруучу товарлар жана таңгак) шартында милдеттүү түрдө толтурулат. Графада эркин формада кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарды жана товардын таңгагын кайра иштетилген өз ара алмаштырылуучу товарлар жана товарлардын таңгагы менен салыштырууга мүмкүндүк берүүчү түшүндүрмөлөр берилет. Башка учурларда графа зарыл болгондо толтурулат (товарды өндүрүүчүнүн, товарды импорттоочунун каалоосу боюнча түшүндүрмөлөрдү, толуктоолорду ж.б. берүү зарыл болгон учурда). <14> Таблицага товарлардын таңгагы жөнүндө маалымат киргизилет (даяр товар катары таңгактан тышкары). Товарлардын таңгагына карата төмөнкүдөй толтурулат: алгач тизмектин 2-бөлүмүнө ылайык товарлардын таңгагынын тобунун номери көрсөтүлөт, андан кийин тизмектин 2-бөлүмүнө ылайык товарлардын таңгагы, товарлардын таңгагы жасалган материал боюнча позициялар саптарда көрсөтүлөт. Таблицага товарды өндүрүүчү же товарды импорттоочу товарларды пайдалануудан чыккан калдыктарды кайра иштетүүнү камсыз кылуу милдети жүктөлгөн товарлардын таңгактарынын топтору гана камтылган. <15> Товарларды өндүрүүчүдө жана товарларды импорттоочуда көрсөтүлгөн классификациялардын бири боюнча товарлардын таңгагын идентификациялоого мүмкүнчүлүк болгондо толтурулат. <16> Отчеттук мезгилге эсептелүүчү, кайра иштетилген товарларды пайдалануудан (товарлардын таңгактары бөлүгүндө) калдыктардын жыйынтык саны отчеттук мезгилде Кыргыз Республикасынын аймагында чогултулган жана кайра иштетилген товарларды пайдалануудан (товарлардын таңгактары бөлүгүндө) калдыктардын санын жана мурунку отчеттук мезгилде кайра иштетүү нормативинен ашык кайра иштетилген товарларды пайдалануудан (товарлардын таңгактары жагынан) калдыктардын санын кошуу жолу менен аныкталат. <17> Утилдештирүү жыйымын төлөө зарыл болгон товарларды пайдалануудан (товарларды таңгактоо бөлүгүндө) калдыктардын саны отчеттук мезгилде кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлардын таңгагынын жыйынтык санынан кайра иштетилген, отчеттук мезгилге эсептелүүчү товарларды пайдалануудан (товарларды таңгактоо бөлүгүндө) калдыктардын жыйынтык санын кемитүү жолу менен аныкталат. Кайра иштетүү ченемдери аткарылбаган учурда толтурулат (товарларды таңгактоо бөлүгүндө).
Товарларды өндүрүүчүлөрдүн, товарларды импорттоочулардын товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнүн нормативдерин аткаруу жөнүндө отчеттуулукту берүү тартибине 3-тиркеме
Товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүү актысынын ФОРМАСЫ
_________________________ Түзүлгөн жер
_________________________ түзүлгөн датасы
Аткаруучу:
_____________________________________________________________________ (товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнү жүзөгө ашырган юридикалык/жеке жак, ЖИ)
НМКН:
ИЖН:
ЭИТЖМК:
ИУЖРК:
Юридикалык жактардын жана жеке ишкердин реестринде көрсөтүлгөн дарек
_____________________________________________________________________
_____________________________________________________________________
(жеке жак/ЖИ - жашаган дареги)
Калдыктарды кайра иштетүүчү объект жайгашкан жердин дареги:
_____________________________________________________________________
_____________________________________________________________________
байланыш маалыматы:
_____________________________________________________________________
(телефон номери, эл. почтасы)
атынан
_____________________________________________________________________
(өкүлдүн аты-жөнү, кызмат орду)
негизинде иш алып барган
_____________________________________________________________________
(ыйгарым укуктарын ырастоочу өкүлдүн документи)
калдыктарды кайра иштетүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу лицензиясына ылайык
_____________________________________________________________________
(лицензиянын номери жана берилген датасы)
_____________________________________________________________________
(кайра иштетүүчү объекттердин реестриндеги номери, катталган датасы)
бир жагынан, жана Заказчы:
_____________________________________________________________________
1) товарды өндүрүүчү, товарды импорттоочу (керектүүсү көрсөтүлсүн)
_____________________________________________________________________
(товарды өндүрүүчүнүн/импорттоочунун аталышы)
НМКН:
ИЖН:
ЭИТЖМК:
ИУЖРК:
Юридикалык жактардын жана жеке ишкердин реестринде көрсөтүлгөн дарек
_____________________________________________________________________
(жеке жак, ЖИ - жашаган жери)
байланыш маалыматы:
_____________________________________________________________________
(телефон номери, эл. почтасы)
атынан
_____________________________________________________________________
(өкүлдүн аты-жөнү, кызмат орду)
негизинде иш алып барган
_____________________________________________________________________
(ыйгарым укуктарын ырастоочу өкүлдүн документи)
экинчи жагынан,
төмөнкүлөр тууралуу товарларды пайдалануудан чыккан калдыктарды кайра иштетүүнүн ушул актысын түзүштү: Аткаруучу ____________ (дата) ________________ (дата) чейинки мезгилде 20___-жылдын "___" ___________ № _________________ келишимди аткаруунун алкагында:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында мындай калдыктардын тизмегине ылайык чогултулган товарларды пайдалануудан чыккан калдыктарды кайра иштетүүнү жүзөгө ашырды:
№
Калдыктын аталышы
Калдыктын статистикалык коду(1)
Саны, кг
Тизмекке ылайык керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүчү товарлардын тобу(2)
1
2
3
2. Аткаруучу тарабынан жогоруда аталган калдыктарды кайра иштетүү процессинде төмөнкүдөй продукция өндүрүлдү:
№
Өндүрүлгөн продукциянын аталышы
Продукциянын (товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн) мамлекеттик статистикалык классификатору боюнча продукциянын коду МК 017-2015
ага ылайык продукция өндүрүлгөн ченемдик-техникалык документтер
Саны, кг
1
2
3
Товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнүн бул актысы эки нускада түзүлдү. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин 2020-жылдын 24-июлундагы № 6 токтому менен бекитилген отчеттук мезгил үчүн юридикалык жактын жетекчисинин, жеке ишкердин же жеке адамдын колу, мөөрү (бар болсо) менен күбөлөндүрүлгөн "Өндүрүш жана керектөө калдыктарын түзүү жана колдонуу жөнүндө отчеттун" 1-бөлүмүнүн көчүрмөсү (№ 1 форма - калдыктар) товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнүн ушул актысынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Аткаруучу:
Заказчы:
__________________________________________________
__________________________________________________
(товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштеткен юридикалык/жеке жак, ЖИ)
(товарларды өндүрүүчүнүн/товарларды импорттоочунун аталышы)
__________________________________________________
__________________________________________________
(ыйгарым укуктуу өкүлдүн колу, аты-жөнү)
(ыйгарым укуктуу өкүлдүн колу, аты-жөнү)
МО
МО
Кыскартуулардын тизмеси:
НМКН
-
негизги мамлекеттик каттоо номери;
ЭИТЖМК
-
экономикалык иштин түрлөрүнүн жалпы мамлекеттик классификатору;
ИЖН
-
салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
ИУЖРК
-
ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификатору.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндөЗакон · 15.08.2023 · № 181
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябры № 563 "Товарларды өндүрүүчүлөрдүн, товарларды импорттоочулардын товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра…Постановление · 13.09.2024 · № 563