Кыргыз Республикасында пластик калдыктары менен иштөө ТАРТИБИ
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 193 токтомуна)
Кыргыз Республикасында пластик калдыктары менен иштөө ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында пластик калдыктары менен иштөө тартиби (мындан ары - Тартип) менчигинин уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактардын пластик калдыктарын чогултуу, сактоо, кайра иштетүү тартибин белгилейт.
2. Мамлекеттик органдар, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар пластик калдыктары менен иштөөгө байланышкан ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын калдыктар менен иштөө, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын жана ушул Тартипти жетекчиликке алат.
3. Бул Тартип радиоактивдүү жана медициналык пластик калдыктарына, туруктуу органикалык булгоочу заттарды камтыган пластик калдыктарына жайылтылбайт.
2-глава. Ушул Тартипте колдонулуучу түшүнүктөр
4. Ушул Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) пластик калдыктары - бул өзүнүн керектөө касиеттерин жоготкон жана кайра иштетүүгө, жок кылууга тийиш болгон пластиктен жасалган буюмдардын калдыктары, анын ичинде полимер пленкасынан жасалган пакеттер;
2) пластик калдыктарын чогултуу - андан ары иштетүү, өндүрүү үчүн кайра иштетүү максатында пластик калдыктарын кабыл алуу жана топтоо;
3) экинчи материалдык ресурстар - түздөн-түз же кошумча иштетүүдөн кийин кайрадан пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар болгон, иш процессинде пайда болгон өндүрүш жана керектөө калдыктары;
4) пластик калдыктарынын менчик ээси - калдыктарды ээликтен ажыратуу жөнүндө бүтүмдүн же башка аракеттерди жасоонун негизинде калдыктардын башка ыкма менен менчикке айландырылгандыгы жөнүндө күбөлөндүргөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык же жеке жак;
5) пластик калдыктарын чогултуу пункттары - пластик калдыктарын чогултуу жана убактылуу сактоо үчүн арналган катуу негизи, тосмосу жана бастырмасы бар стационардык жай (сарай) же атайын жабдылган аянтча;
6) пластик калдыктарын өз-өзүнчө чогултуу - пластик калдыктарын кайра иштетүүгө, экинчи жолу пайдаланууга жана жок кылууга жарактуулугун эске алуу менен алардын түрлөрү жана маркалоолору боюнча чогултуу жана сорттоо ыкмасы;
7) айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - калдыктар менен иштөө жаатындагы саясатты ишке ашыруучу, координациялоочу жана жөнгө салуучу мамлекеттик орган;
8) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы - тиешелүү административдик-аймактык бирдиктерде калдыктар менен иштөө (чогултуу, сорттоо, иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, көмүү) боюнча ишти уюштуруучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы;
9) пластик калдыктары менен иштөө боюнча оператор - пластик калдыктарын чогултуу, ташуу, сактоо, иштетүү, кайра иштетүү боюнча ишкердик ишти жүзөгө ашырган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке же юридикалык жак (мындан ары - Оператор);
10) пластик калдыктарын кайра иштетүү (рециклинг) - пластик калдыктарын экинчи чийки затка, энергияга, же белгилүү бир керектөө касиеттери бар продукцияга айландыруу процесси;
11) "Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги" оператору - утилдештирүү жыйымынын төлөмдөрүн чогултууну жана башкарууну жүзөгө ашырган, товарларды жана таңгактарды пайдалануудан калган калдыктарды кайра иштетүүнү камсыз кылган юридикалык жак.
3-глава. Пластик калдыктарын чогултууга, ташууга жана сактоого карата жалпы талаптар
5. Пластик калдыктары ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык түрлөрү жана маркалоосу боюнча бөлүнөт.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдары Оператор менен бирдикте калк үчүн пластикти, анын ичинде полимер пленкасынан жасалган пакеттерди тапшыруу, кабыл алуу, өз-өзүнчө чогултуу жана сорттоо боюнча бардык шарттарды түзүүгө тийиш.
7. Менчик ээсинин аймагында пластик калдыктарын чогултуу жана топтоо пункттары, алардын аянты, дизайны жана маркаланган идиштердин (урналардын, контейнерлердин) түстөрү жалпы кабыл алынган түстөрдүн жана маркалоонун классификациясынын негизинде түзүлөт.
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органы жаратылыш жана туристтик объекттердин, тоолуу жерлердин, токой-парк зоналарынын, көлдөрдүн, дарыялардын ордунун схемасын аныктайт жана аныкталган аймакты тазалоону камсыз кылууга жооптуу кылып Операторлорду, пластик буюмдарды жана полимер пленкасынан жасалган пакеттерди өндүрүүчүлөрдү, ошондой эле коомчулукту тартуу менен жана туристтик объекттердин ээлерин квартал сайын бекитет.
9. Пластик калдыктарын чогултууну, сорттоону жана кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу Операторлор жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен калктуу конуштардын аймагында экинчи материалдык ресурстарды кабыл алуу, сорттоо жана кайра иштетүү пункттарын жайгаштыруу орундарынын схемасын макулдашат.
10. Калкта пайда болгон пластик калдыктары экинчи материалдык ресурстарды кабыл алуунун стационардык же мобилдүү пункттарында чогултулат.
11. Пластик калдыктарын чогултууга арналган жерлердин (урналардын), ошондой эле жаратылыш туристтик зоналардын: тоолордун жана мөңгүлөрдүн, көлдөрдүн жана дарыялардын, токой парктарынын, курорттук зоналардын, калктуу жана коомдук жерлердин пластик калдыктарына толуп кетишине жана таштандылардын ашыкча топтолушуна тыюу салынат.
12. Пластик калдыктарын өз-өзүнчө чогултуу мүмкүн болбогон учурда аларды адистештирилген ишканаларга сорттоого берүүнү караштыруу зарыл. Мындай калдыктарды убактылуу сактоонун милдеттүү шарты болуп алардын баалуу сапаттарын жана касиеттерин экинчи материалдык ресурстар катары сактоо эсептелет:
- суюктук жана тамак-аштын калдыктары менен өтө булганган пластик идиштерди жыйноого жол берилбейт.
13. Пластик калдыктарынын кооптуулук классы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 9 "Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтому менен аныкталат.
14. Пластик калдыктарын ташуу жабдылган транспорт каражаттарын, тартылуучу тенттери бар (тыгыз материалдан жасалган) чиркегичтерди пайдалануу менен жүргүзүлөт.
15. Пластик калдыктарды ташуу жөнүндө коштоочу документ (товардык-транспорттук коштомо кагаз, жол баракчасы, калдыктарды ташуу жөнүндө келишим, пластик калдыктарын чогултуу/кайра иштетүү жөнүндө келишим) болгондо гана пластик калдыктарын ташууга жол берилет.
16. Пайдалуу компоненттерди камтыган жана кайра иштетилүүчү пластик калдыктарды көмүүгө тыюу салынат.
17. Пластик калдыктарын ташуу жөнүндө коштоочу документ калдыктардын менчик ээси тарабынан таризделет жана төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш:
1) калдыктардын менчик ээси, эгерде ал калдыктарды пайда кылуучу болуп саналбаса;
2) ташылуучу калдыктарды алуучу;
3) калдыктарды ташуучу жак;
4) калдыктар ташылуучу транспорт каражаты;
5) пластик калдыктарын жеткирүү пункту;
6) ташылуучу пластик калдыктарынын түрлөрү жана маркалоосу, массасы (көлөмү);
7) пластик калдыктарын жүктөө жана жеткирүү пунктуна кабыл алуу датасы;
8) кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын болушу;
9) пластик калдыктарын ташуунун коштоочу документинин айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген формасынын болушу;
10) пластик калдыктарын ташууга (анын ичинде трансчегаралык) лицензиянын болушу.
18. Оператордун аймагында пластик калдыктарын топтоого жана сактоого убактылуу 6 айга чейин жол берилет, эгерде:
1) технологиянын убактылуу жоктугунан же бузулгандыгынан же өндүрүштүк кубаттуулуктар үчүн керектүү көлөмдүн жетишсиздигинен улам технологиялык циклде аларды өз убагында пайдалануунун мүмкүн эместиги;
2) белгилүү көлөм жөнүндө келишимге ылайык башка жеке же юридикалык жакка берүү максатында аларды ташып чыгуунун транспорттук партиясын түзүү үчүн калдыктарды топтоо зарыл болгон учурда.
19. Пластик калдыктарын төмөнкүлөрдө убактылуу сактоого жол берилет:
1) өндүрүш аймагында;
2) экинчи чийки затты топтоочу кабыл алуу пункттарынын аймактарында;
3) кайра иштетүү боюнча адистештирилген ишканалардын аймактарында.
20. Пластик калдыктарын сактоо шарты:
1) калдыктарды убактылуу сактоочу жабык аянтчалар (өндүрүштүк, көмөкчү стационардык);
2) калдыктарды убактылуу сактоочу ачык аянтчалар;
3) пластик калдыктарын убактылуу сактоо ыкмалары, анын ичинде адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин минималдаштыруу максатында алардын кооптуулук классына, физикалык абалына, химиялык курамына, уулуулугуна жана абага чыгышына жараша аныкталат;
4) кооптуу уулуу химикаттардын жана реагенттердин пластик идиштери (пакеттер) чогултуу жана сактоо пункттарына жайгаштыруунун алдында нейтралдаштырылууга тийиш;
5) пластик калдыктарын убактылуу сактоочу жайларда санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык абалды начарлатууга тыюу салынат;
6) ачык аянтчаларда идишсиз (үйүп, төгүп) сактоого турак жай курулушуна карай шамалдаган тарабынан жол берилет;
7) үйүлгөн же ачык кабыл алуучу-топтогучтардагы калдыктардын үстү атмосфералык жаан-чачындын жана шамалдын таасиринен корголууга тийиш (брезент менен жабуу, бастырма менен жабдуу);
8) калдыктарды сактоочу аянтчанын үстү бетон менен капталууга тийиш.
21. Майда дисперстүү пластик калдыктарын (өлчөмү 5 ммдан аз микропластиктерди) жабык жайдан тышкары (өндүрүш аянттарында үйүлгөн) жана жабык жайда абаны агымдуу-соруучу желдетүүнү колдонбостон сактоого тыюу салынат.
4-глава. Пластик калдыктарын кайра иштетүүгө карата талап
22. Пластик калдыктарын кайра иштетүү (рециклинг) экологиялык жактан коопсуз ыкма менен жүргүзүлүшү керек. Кайра иштетүү механикалык, химиялык жана термикалык ыкма менен жүргүзүлөт:
1) механикалык - алардын ичинен эң кеңири таралганы, аны колдонууда акыркы натыйжасы болуп жаңы пластик материалдын пайда болушу саналат;
2) химиялык - пластик калдыктарын курамдык компоненттерге бөлүү мүмкүндүгүн берет. Кийинчерээк аларды аралаштырып, жаңы материалдарды түзүү үчүн иштетилет;
3) термикалык - материал температуралык иштетүүдөн өтүп, натыйжада энергия өндүрүлөт.
23. Пластик калдыктарын кайра иштетүү процесси калдыксыз технологияны колдонуу менен жүргүзүлүшү керек.
24. Туруктуу органикалык булгоочу заттарды камтыган пластик калдыктарын кайра иштетүүгө тыюу салынат.
25. Кайра иштетилбеген (экинчи) пластик калдыктарды чыккан газдарды тазалабастан өрттөөгө тыюу салынат.
26. Пластик калдыктарын кайра иштетүү боюнча объекттерди жайгаштыруу, долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо, ошондой эле шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык Оператордун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
27. Оператордун иштин түрүнө жараша белгиленген тартипте долбоордук-уруксат берүүчү жана ченемдик-техникалык документтери болушу керек.
28. Пластик калдыктарын ташуу, кайра иштетүү (анын ичинде трансчегаралык) боюнча ишти лицензиялоо "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
29. Оператор өндүрүштүк контролду, эсепти жүзөгө ашырат жана чаң-газ тазалоочу орнотмолорду, тазалоочу курулмаларды колдонуу менен натыйжалуу калдыксыз технологияны камсыз кылат, тазаланбаган саркынды сууларды айлана-чөйрөгө чыгарууга жол бербейт.
30. Пластик калдыктарын кайра иштетүүдө санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык абалдын начарлашына жана экинчи (кайра иштетилбеген) калдыктардын пайда болушуна тыюу салынат.
31. Оператор, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 322 "Керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлардын жана товарлардын таңгагынын тизмегин жана товарларды пайдалануудан калган калдыктарды кайра иштетүүнүн ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому менен белгиленген пластик калдыктарын кайра иштетүү ченемдеринин аткарылышын камсыз кылууга тийиш.
32. Оператор айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан калдыктарды кайра иштетүү боюнча объекттердин реестринде милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
33. Оператор калдыктарды кайра иштетүү боюнча объекттердин реестринде милдеттүү түрдө катталган шартта "Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги" операторунан төмөнкүлөр үчүн финансылык колдоо алууга укуктуу:
1) пластик калдыктарын кайра иштетүү ченеминин аткарылышын камсыз кылуу;
2) калдыктарды өз-өзүнчө чогултуу системасын түзүү;
3) калдыктарды топтоо, иштетүү жана кайра иштетүү объекттерин куруу, реконструкциялоо;
4) пластик калдыктары менен иштөө системасынын инфраструктурасын өнүктүрүү жана жакшыртуу.
34. Оператор "Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги" операторуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 563 "Товарларды өндүрүүчүлөрдүн, товарларды импорттоочулардын, товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнүн нормативдерин аткаруу жөнүндө отчеттуулукту берүү тартибин бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген белгиленген форма боюнча калдыктарды кайра иштетүү ченемдеринин аткарылышы жөнүндө отчет берүүгө тийиш.
35. Пластик калдыктарын пайда кылуучулар - калк, пластик товарларды жана таңгактарды өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар аларды колдонууну, полимер пленкасынан жасалган пакеттерди акысыз берүүнү чектөө боюнча, көп жолу колдонулуучу альтернативдүү экологиялык таңгактарды өндүрүүгө жана пайдаланууга өтүү менен бардык мүмкүн болгон чараларды көрүшү керек.
36. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар маалыматтык-пропагандалык иш жүргүзүшөт, пластик калдыктары, анын ичинде полимер пленкасынан жасалган пакеттер менен иштөө тартиби бузулган учурда чара көрүшөт.
5-глава. Пластик калдыктары менен иштөө тартибин бузгандык үчүн жоопкерчилик
37. Ушул Тартиптин ченемдери жана талаптары бузулган учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган таасир этүү чаралары колдонулат.
Кыргыз Республикасында пластик калдыктары менен иштөө тартибине тиркеме
Пластиктин түрлөрү жана маркалоо
Белги
Аталышы
Эскертүү
ПЭТ, ПЭТФ Полиэтилентерефталат
Минералдык суу, алкоголсуз суусундуктар жана жемиш ширелери үчүн идиштерди, таңгактарды, блистерлерди, каптамдарды өндүрүү үчүн колдонулат. Кайра иштетүү потенциалы жогору
ПЭВП, ПЭНД Жогорку тыгыздыктагы полиэтилен, төмөн басымдагы полиэтилен
Бөтөлкөлөрдү, флягаларды, жарым-жартылай катуу таңгактарды өндүрүү үчүн колдонулат. Тамак-ашта колдонууда коопсуз деп эсептелет. Кайра иштетүү потенциалы жакшы
ПВХ Поливинилхлорид
Түтүктөрдү, түтүкчөлөрдү, бакча эмеректерин, пол каптамдарын, терезе профилдерин, жалюзи, изолента, жуучу каражат идиштерин жана клеенкаларды өндүрүү үчүн колдонулат. Медицинада жана курулушта кеңири таралган. Кайра иштетүү потенциалы жогору, бирок бул үчүн кубаттуулугунун жетишсиздиги байкалат
ПЭНП, ПЭВД Төмөн тыгыздыктагы полиэтилен, жогору басымдагы полиэтилен
Брезенттерди, таштанды баштыктарын, пакеттерди, пленкаларды жана ийкемдүү идиштерди өндүрүү үчүн колдонулат. Тамак-ашта колдонууда коопсуз деп эсептелет. Кайра иштетүү потенциалы жакшы
ПП Полипропилен
Автомобиль өнөр жайында (жабдуулар, бамперлер), оюнчуктарды даярдоодо, ошондой эле тамак-аш өнөр жайында, негизинен таңгактарды даярдоодо колдонулат. Суу өткөргүчтөрү үчүн полипропилен түтүктөрү кеңири таралган. Тамак-ашта колдонууда коопсуз деп эсептелет. Кайра иштетүү потенциалы жакшы
ПС Полистирол
Имараттардын жылуулук изоляциясынын плиталарын, тамак-аш таңгактарын, ашкана приборлорун жана чөйчөктөрдү, CD кутучаларын жана башка таңгактарды (тамак-аш пленкаларын жана көбүк материалдарын), оюнчуктарды, идиш-аяктарды, калемдерди жана башкаларды даярдоодо колдонулат. Материал курамында стирол болгондуктан, өзгөчө өрт учурунда кооптуу болуп саналат. Кайра иштетүү потенциалы чектелүү
Башкалар
Буга чейинки топторго киргизүүгө мүмкүн болбогон кайсы болбосун башка пластик ушул топко кирет. Мисалы, балдардын оюнчуктары сыяктуу катуу тунук буюмдарды даярдоо үчүн колдонулат. Кайра иштетүү потенциалы төмөн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы №9 "Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.01.2010 · № 9
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябры № 563 "Товарларды өндүрүүчүлөрдүн, товарларды импорттоочулардын товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра…Постановление · 13.09.2024 · № 563
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 193 "Кыргыз Республикасында пластик калдыктары менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.04.2025 · № 193
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 322 "Керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлардын жана товарлардын…Постановление · 19.06.2024 · № 322