Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 5-сентябры № 530-т Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине ылайык:
1. 2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-сентябрындагы № 530-т тескемеси менен жактырылган
2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) негизги максаты инвестициялык ишти жүзөгө ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү аркылуу тараптардын эки тараптуу экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү болуп саналат. Макулдашуунун максаты болуп инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана капиталдык салымдар менен байланышкан мүмкүн болуучу тобокелдиктерди азайтуу жолу менен алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга багытталган түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу чөйрөсүндө келишимдик укуктук базаны түзүү саналат. Макулдашуу эки тараптын аймагында инвестициялык ишти жүзөгө ашырууда инвесторлордун укуктарынын өз ара эл аралык-укуктук кепилдиктерин бекемдөөгө багытталган алкактык мүнөзгө ээ. Бул Макулдашуу 1997-жылдын 17-августунда Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну алмаштырат, ал ушул Макулдашуу күчүнө кирген учурда күчүн жоготту деп таанылат. Өз кезегинде Макулдашуунун долбоорунда каралган ченемдер капиталдын келишине, ошондой эле тараптардын экономикалык өнүгүүсүнө дем берет. Кол коюунун алдында Макулдашуунун тексти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери менен макулдашылган жана жактырылган (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 6-3418/24 чечими, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 6-3414/24 чечими). Мурда, кол коюлганга чейин Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 161-т тескемеси менен жактырылган. Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине жана башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет. Макулдашууну ратификациялоо социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 161-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы…Распоряжение · 12.04.2024 · № 161-р