Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 12-апрели № 161-т "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен көл коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү (мындан ары биригип "Тараптар" жана өз-өзүнчө "Тарап" деп аталуучулар), эки тараптуу кыйла тыгыз экономикалык кызматташуу жана атап айтканда, бир мамлекеттин инвесторлорунун экинчи мамлекеттин аймагындагы инвестициялары үчүн тең укуктуулук жана өз ара пайда көрүү принциптерине негизделген жагымдуу шарттарды түзүүнү каалап, инвестициялык демилгелер үчүн өбөлгө түзүү жана эки мамлекеттин тең гүлдөп-өсүшүнө жетишүү үчүн инвестицияларды колдоонун жана коргоонун өсүп жаткан маанилүүлүгүн эске алып; бул максаттарга ден соолукка, коопсуздукка, айлана-чөйрөнү коргоого, эмгекке жана улуттук корпорациялар үчүн корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин принциптерине тиешелүү улуттук ченемдерди жана эрежелерди бузбастан, туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарын ишке ашырууга түрткү бере тургандай түрдө жетүүгө мүмкүн болорун таанып; мындай инвестицияларды жүзөгө ашыруунун натыйжасында технологияларды өткөрүп берүүнүн, жумуш орундарын түзүүнүн жана адам ресурстарын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн таанып; ар бир Тарап өзүнүн мамлекетинин аймагында чет өлкөлүк инвестицияларды жөнгө салуу жана инвестициялык иш анын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына, саясатына жана өнүгүү стратегияларына шайкеш келүүсүн камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүү укугун сактап каларын эске алып; төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Аныктамалар Эгерде башкача белгиленбесе, ушул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөнкү сөздөр жана терминдер тиешелүү маанилерге ээ:
1. Инвестициялар бир Тараптын мамлекетинин инвесторунун менчигиндеги же ал тарабынан тике же кыйыр түрдө контролдонуучу жана экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында экономикалык иштин объектилерине мындай Тараптын мамлекетинин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жумшалган жана капиталды салуу, киреше же пайда күтүү, өзүнө тобокелдикти же белгилүү бир узактыкты алуу, кабыл алуучу мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүнө салым сыяктуу инвестициялык мүнөздөмөлөргө ээ болгон активдердин бардык түрлөрүн билдирет жана атап айтканда алар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- акча каражаттары;
- кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк;
- мүлктүк укуктар (ипотека, мүлктү кармап калуу укугу, күрөө жана башкалар);
- акциялар жана юридикалык жакка катышуунун башка түрлөрү;
- облигациялар жана башка карыздык милдеттенмелер;
- интеллектуалдык менчик укуктары (анын ичинде товардык белгилер, автордук жана чектеш укуктар, патенттер, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү, интегралдык микросхемалардын топологиялары, селекциялык жетишкендиктер, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары, географиялык көрсөтмөлөр, фирмалык аталыштар жана ноу-хау);
- Тараптын мамлекетинин мамлекеттик органдары тарабынан берилген лицензияга же башка түргө негизделген ишти жүзөгө ашырууга ар кандай укук;
- Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына негизделген концессиялар, анын ичинде Тараптын мамлекетинин жаратылыш ресурстарын издөө, иштетүү, өндүрүү же эксплуатациялоо боюнча концессиялар;
- Тараптын мамлекетинин аймагындагы инвестициялардан алынган жана кайра инвестицияланган пайда же киреше;
- Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдары менен тыюу салынбаган инвестициянын башка формалары.
Мүлктүн инвестицияланган формасы же бул форманын өзгөрүшү анын инвестиция катары мүнөзүнө таасирин тийгизбейт.
2. Инвестор түз инвестициялар түрүндө өздөрүнүн, карызга алынган же тартылган каражаттарды жумшоону жүзөгө ашырган, инвестициялык иш жүргүзгөн ар кандай жеке жана юридикалык жактарды билдирет.
Жеке жак бир Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык анын жараны болгон адамды билдирет. Ушул Макулдашуунун алкагында башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жараны Тараптардын мамлекеттери тарабынан экономикалык иши Тараптардын мамлекеттеринин аймагында жүзөгө ашырылган Кыргыз Республикасынын жараны катары гана каралат. Башка жарандык Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык чет мамлекеттин же бир нече чет мамлекеттердин жарандыгына ээ болушун билдирет. Юридикалык жак Тараптардын биринин мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык тиешелүү тартипте түзүлгөн же уюштурулган жана анын жайгашкан жери ошондой Тараптын мамлекетинин аймагында иш жүзүндөгү экономикалык иши менен бирге болгон ар кандай юридикалык жакты билдирет. Ушул Макулдашуунун 11-беренесине карата инвесторго ушул берененин 2-пунктунда каралган шарттар аткарылгандыгын далилдөө жүктөлгөн.
3. Аймак төмөнкүлөрдү билдирет:
3.1) Казакстан Республикасына карата - Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек арасынын чегиндеги аймагы, анын ичинде анын мамлекеттик эгемендиги жайылтылуучу кургактык, суу, жер казынасы жана аба мейкиндиги, ошондой эле Казакстан Республикасы өзүнүн эл аралык келишимдерине жана улуттук мыйзамдарына ылайык эгемен укуктарын жана юрисдикцияны жүзөгө ашырган же кийин жүзөгө ашырышы мүмкүн болгон, мамлекеттик чек аранын чегинен тышкары ар кандай зона;
3.2) Кыргыз Республикасына карата - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын чегиндеги аймагы, анын ичинде анын мамлекеттик эгемендиги жайылтылуучу кургактык, суу, жер казынасы жана аба мейкиндиги, ошондой эле Кыргыз Республикасы эл аралык укукка жана анын улуттук мыйзамдарына ылайык эгемен укуктарын жана юрисдикцияны жүзөгө ашырган же кийин жүзөгө ашырышы мүмкүн болгон, мамлекеттик чек аранын чегинен тышкары ар кандай зона.
4. Чара Тараптын мыйзам, токтом, эрежелер, жол-жоболор, чечимдер, административдик чара түрүндөгү же Тараптардын мамлекеттеринин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алардын улуттук мыйзамдарына ылайык кабыл алынган ар кандай башка түрдөгү чарасын билдирет.
5. Киреше инвестициялардан алынган же келип чыккан сумманы, анын ичинде пайданы, дивиденддерди, пайыздарды, капиталдын өсүшүнөн кирешелерди, роялти төлөмдөрүн, интеллектуалдык менчик укуктарына байланыштуу төлөмдөрдү жана башка бардык мыйзамдуу кирешелерди билдирет. "Инвестициялар" аныктамасынын максаттары үчүн инвестицияланган кирешелер инвестициялар катары каралат жана активдер инвестицияланган же кайра инвестицияланган формаларды ар кандай өзгөрүү алардын инвестиция катары мүнөзүнө таасирин тийгизбейт.
6. Эркин колдонулуучу валюта 1994-жылдын 22-июлундагы Эл аралык валюта фондунун (мындан ары "Фонд" деп аталуучу) макулдашуусунун беренелерине жана ага карата түзөтүүлөргө ылайык аныкталуучу "эркин колдонулуучу валютаны" билдирет.
7. Реквизициялоо табигый кырсыктар, авариялар, эпидемиялар, эпизоотиялар жана өзгөчө кырдаал мүнөзүндөгү башка жагдайларда Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда мамлекеттик органдардын чечими боюнча коомдун кызыкчылыгы үчүн менчик ээсинен мүлктү, ага мүлктүн рыноктук наркын төлөп берүү алып коюуну билдирет.
8. ИТЖЭБ ИТЖЭБдин конвенциясына ылайык уюштурулган Инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борборду билдирет.
9. ИТЖЭБдин конвенциясы 1965-жылдын 18-мартындагы Мамлекеттердин жана башка мамлекеттердин жарандарынын ортосундагы инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча конвенцияны билдирет.
10. ИТЖЭБдин кошумча эрежелери 2006-жылдын 10-апрелинде өзгөртүлгөн жана күчүнө кирген, Инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борбордун катчылыгынын административдик өндүрүшү үчүн Кошумча аянтча эрежелерин билдирет.
11. ИТЖЭБдин арбитраждык регламенти 2006-жылдын 10-апрелинде өзгөртүлгөн жана күчүнө кирген, Арбитраждык териштирүү үчүн эрежелерди (Арбитраждык эрежелер) билдирет.
12. Нью-Иорк конвенциясы 1958-жылдын 10-июнундагы чет өлкөлүк арбитраждык чечимдерди таануу жана аткаруу жөнүндө конвенцияны билдирет.
13. ЮНСИТРАЛдын арбитраждык регламенти 1976-жылдын 15-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан сунушталган, Эл аралык соода укугу боюнча БУУ комиссиясынын арбитраждык регламентин билдирет.
2-берене. Келишимдин колдонулушу
1. Ар бир Тарап өз мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык экинчи Тараптын мамлекетинин инвесторлору тарабынан жүзөгө ашырылган инвестицияларга уруксат берет.
2. Ушул Макулдашуунун жоболору ушул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин болгон окуялардан келип чыккан талаптарга же пайда болгон талаптарга карата колдонулбайт. Тагыраак болуш үчүн бул Макулдашуу ушул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин келип чыккан же чечилген же келип чыгышы мүмкүн болгон талаш-тартыштарга карата колдонулбайт.
3. Ушул Макулдашуунун жоболору төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:
3.1) мамлекеттик сатып алууларга, жер мамилелерине, Тарап берген субсидияларга же гранттарга, анын ичинде Тараптардын колдоосу менен алынган зайымдарга, кепилдиктерге же камсыздандырууга, же мындай субсидиялар же гранттар Тараптын мамлекетинин инвесторлоруна же алардын инвестицияларына гана берилгенине карабастан мындай субсидияларды же гранттарды алуу же үзгүлтүксүз алуу менен байланышкан ар кандай шарттарга.
3.2) ушул Макулдашуунун 21-беренесинде ("Салык салуу") көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, кайсы болбосун Тараптын аймагындагы салык салуу маселелерине. Ушул Макулдашууда эч нерсе 1997-жылдын 8-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы киреше жана капитал салыктарына карата кош салык салууну болтурбоо жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга ылайык кайсы болбосун Тараптын укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт ("КССБ"). Ушул Макулдашуу менен КССБ ортосунда кандай болбосун шайкеш эместик болгон учурда, экинчиси шайкеш эместик бөлүгүндө артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
2-глава. Коргоо
3-берене. Инвестицияларды колдоо жана коргоо
1. Ар бир Тарап өз мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык инвестицияларга көмөк көрсөтүү максатында экинчи Тараптын мамлекетинин инвесторлорун колдойт жана ала үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
2. Тараптардын кимисинин болбосун инвесторлору ишке ашырган инвестициялар экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында адилеттүү жана тең укуктуу режимди, ошондой эле толук коргоону жана коопсуздукту пайдаланат.
3. Тагыраак болуш үчүн "адилеттүү жана тең укуктуу режимге" шилтеме кадимки эл аралык укуктун минималдуу стандартына ылайык соттук же административдик териштирүүнүн жүрүшүндө сот адилеттигинен баш тартпоо же процессуалдык ченемдерди бузбоо милдеттенмесин билдирет. "Толук коргоого жана коопсуздукка" шилтеме кадимки эл аралык укуктун минималдуу стандартына ылайык талап кылынган кайрылуунун минималдуу стандартынын чегинен чыкпаган мамилени талап кылбайт.
4. Ушул Макулдашуунун же алардын мамлекеттери бир эле убакта катышуучу болуп саналган өзүнчө эл аралык келишимдин жоболорунун бирин бузуу ушул беренени бузууну билдирбейт.
5. Тагыраак болуш үчүн эгерде Тарап инвестордун мыйзамдуу күтүүлөрүнө жооп бербеген чараларды көрсө же көрбөсө, керек болсо анын натыйжасы сунушталган инвестицияны жоготуу же өлчөмүн азайтуу болсо да, ушул беренени бузуу болуп саналбайт.
4-берене. Улуттук режим жана өтө ыңгайлуулук режими
1. Ар бир Тарап өзүнүн аймагында ушундай жагдайларда экинчи Тараптын инвесторлоруна жана алардын инвестицияларына башкаруу, тейлөө, пайдалануу, колдонуу же алардын инвестицияларын тескөө боюнча өз инвесторлоруна жана алардын инвестицияларына бергенден кем эмес ыңгайлуу режимди берет.
2. Ар бир Тарап өзүнүн аймагында ушундай жагдайларда экинчи Тараптын инвесторлоруна жана алардын инвестицияларына башкаруу, тейлөө, пайдалануу, колдонуу же алардын инвестицияларын тескөө боюнча кайсы болбосун үчүнчү мамлекеттин инвесторлоруна жана алардын инвестицияларына бергенден кем эмес ыңгайлуу режимди берет.
3. Тагыраак болуш үчүн ушул берененин "ушундай жагдайларына" шилтеме инвестициянын бардык жагдайларынын ар бир конкреттүү учурун, анын ичинде төмөнкүлөрдү ар тараптуу изилдөөнү талап кылат:
3.1) үчүнчү жактарга жана жергиликтүү коомчулукка таасирин;
3.2) жергиликтүү, региондук же улуттук чөйрөгө тийгизген таасирин, анын ичинде юрисдикциянын чегиндеги бардык инвестициялардын айлана-чөйрөгө жалпы тийгизген таасирин;
3.3) инвестор жайгашкан секторду;
3.4) тиешелүү чаранын максаты;
3.5) мыйзамдуу коомдук жыргалчылыктын же коомдук тартиптин максаттарынын негизинде инвесторлордун же инвестициялардын ортосунда тиешелүү режимде айырмалоо жүргүзүлөбү;
3.6) адатта тиешелүү чарага карата колдонулуучу жөнгө салуу процессин; жана
3.7) каралып жаткан чарага карата инвестицияга же инвесторго түздөн-түз тиешелүү болгон башка факторлорду.
4. Ар бир Тарап өз мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык экономиканын сезгич секторлорун жана/же ушул милдеттенменин колдонуу чөйрөсү менен чектелиши же алынып салынышы мүмкүн болгон иштин башка ушуга байланышкан түрлөрүн аныктоо укугун өзүнө калтырат.
5. Бул берене кайсы болбосун Тараптын үчүнчү тарап менен түзгөн инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө эки тараптуу эл аралык келишимдеринде каралган инвестор менен мамлекеттин ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу тууралуу жоболорго жайылтылбайт.
6. Бул берене Макулдашууга кол коюлган күнгө чейин күчүнө кирген колдонуудагы эки тараптуу же көп тараптуу эл аралык инвестициялык келишимдерге ылайык Тарап берген режимге карата колдонулбайт.
5-берене. Экспроприациялоо
1. Эгерде төмөнкү шарттар сакталбаса, Тараптардын бири да экинчи Тараптын мамлекетинин инвесторлорун алардын инвестицияларынан түз же кыйыр түрдө ажыратуучу улутташтырууга же кандайдыр бир башка чараларды көрүүгө тийиш эмес:
1.1) бул чара коомдук кызыкчылыкта кабыл алынат;
1.2) бул чара Тараптардын мыйзамдарында белгиленген шарттарга жана тартипке ылайык кабыл алынат;
1.3) чара басмырлоосуз түрдө кабыл алынат;
1.4) бул чара Тараптардын мыйзамдарында белгиленген тартипте компенсацияны кечиктирбестен төлөө менен кабыл алынат.
2. Эгерде Тараптын аракети же бир катар аракеттери материалдык же материалдык эмес менчик укугун же инвестицияга мүлктүк кызыкчылыкты козгобосо (кабыл алуучу мамлекеттин улуттук мыйзамдарынын негизинде аныкталуучу), алар экспроприациялоону билдире албайт.
3. Түздөн-түз экспроприациялоо инвестициялар улутташтырылганда же менчик укугун формалдуу өткөрүп берүү же түздөн-түз камакка алуу жолу менен түздөн-түз башка жол менен кабыл алынганда жүргүзүлөт.
4. Эгерде Тараптын мамлекетинин чарасы же бир катар чаралары менчик укугун формалдуу өткөрүп берүүсүз же түз камакка алуусуз инвесторду өзүнүн инвестицияларындагы менчиктин негизги атрибуттарынан, анын ичинде өзүнүн инвестицияларын пайдалануу, ээлик кылуу жана тескөө укугунан олуттуу түрдө ажыраткан мааниде мыйзамдуу статусун расмий түрдө өткөрүп бербестен же түздөн-түз камакка албастан түз экспроприациялоого барабар натыйжага ээ болсо, кыйыр экспроприациялоо орун алат.
5. Конкреттүү иш жүзүндөгү кырдаалда Тараптын мамлекетинин аракети же аракеттеринин сериясы кыйыр экспроприациялоо экендигин аныктоо ар бир конкреттүү учурда төмөнкү факторлорду эске алуу менен фактыларга негизделген изилдөөнү жүргүзүүнү талап кылат:
5.1) Тараптын мамлекетинин аракеттеринин экономикалык кесепеттери, Тараптын мамлекетинин аракети же аракеттеринин сериясы инвестициялардын экономикалык наркына жагымсыз таасир тийгизгендиги фактысы өзү кыйыр экспроприация болгондугун күбөлөндүрбөйт;
5.2) Тараптын мамлекетинин аракеттери инвестициялар менен бекемделген так, негиздүү күтүүлөргө тоскоолдук кылуу даражасы; жана
5.3) Тараптын мамлекетинин аракеттеринин мүнөзү, анын ичинде анын ниети.
Көбүрөөк аныктык үчүн, инвестордун инвестицияларга негизделген күтүүлөрү негиздүүбү деген маселе, ал Тарап инвесторго милдеттүү жазуу жүзүндөгү кепилдиктерди бергенби, ошондой эле тиешелүү сектордогу мамлекеттик жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү сыяктуу факторлордон көз каранды.
6. Ушул берене интеллектуалдык менчик укуктарына карата берилген мажбурлоочу лицензияларды берүүгө же мындай берүү, жокко чыгаруу, чектөө же түзүү интеллектуалдык менчик жөнүндө колдонулуучу эл аралык келишимдер менен макулдашылгандай өлчөмдө интеллектуалдык менчик укуктарын жокко чыгарууга, чектөөгө же түзүүгө карата колдонулбайт.
6-берене. Зыян үчүн компенсациялоо
1. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында согуштун, куралдуу чыр-чатактын, өзгөчө абалдын, мамлекеттик төңкөрүштүн, баш аламандыктын же башка ушул сыяктуу ал жеткис күчтүн окуяларынын натыйжасында инвестициялары зыян тарткан бир Тараптын мамлекетинин инвесторлоруна мындай Тараптын мамлекети тарабынан реституцияга, ордун толтурууга, компенсациялоого же эгерде ушундай болгон болсо, башка жөнгө салууга карата, акыркы Тараптын мамлекети кайсынысы кыйла жагымдуу болгонуна жараша өзүнүн инвесторлоруна же кандай болбосун үчүнчү мамлекеттин инвесторлоруна бергенинен кем эмес жагымдуу режим берилет. Кандай болбосун жыйынтыктоочу компенсациялоо эркин конвертациялануучу валютада жүзөгө ашырылат жана ушул Макулдашуунун 7-беренесине ("Которуулар") ылайык эркин которулууга тийиш.
2. Эгерде бир Тараптын мамлекетинин инвестору ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында төмөнкүлөрдүн натыйжасында зыян тартса:
2.1) акыркы Тараптын мамлекетинин куралдуу күчтөрү же бийлиги тарабынан анын инвестицияларын же алардын бир бөлүгүн реквизициялоонун; же
2.2) Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында каралган кырдаалдын зарылдыгы талап кылынбаган акыркы Тараптын мамлекетинин куралдуу күчтөрү же бийлиги тарабынан анын инвестицияларын же алардын бир бөлүгүн жок кылуунун натыйжасында зыян тартса, акыркы Тарап инвесторго мындай зыян үчүн ылайыктуу түрдө реституцияны, компенсацияны же экөөнү тең берет.
7-берене. Которуулар
1. Бардык салык милдеттенмелери аткарылгандан кийин ар бир Тарап алардын өз аймагында эркин жана кечиктирбестен аткаруусу үчүн экинчи Тараптын мамлекетинин инвесторлорунун өз аймагындагы инвестициялары менен байланышкан бардык которууларына уруксат берет. Мындай которуулар төмөнкүлөрдү камтыйт:
1.1) капиталга салым, анын ичинде баштапкы төгүм;
1.2) пайда, дивиденддер, капиталдын өсүүсүнөн түшкөн кирешелер, инвестициялардын бардыгын же кандай болбосун бөлүгүн сатуудан же инвестицияларды жарым-жартылай же толугу менен жоюудан түшкөн киреше;
1.3) пайыздар, роялти, башкаруу кызматтары үчүн төлөмдөр, техникалык колдоо үчүн төлөмдөр жана башка төлөмдөр;
1.4) инвестор менен же инвестициялар жөнүндө келишим түзүүгө байланыштуу төлөмдөр, анын ичинде ссуда жөнүндө келишимге ылайык жүргүзүлгөн төлөмдөр;
1.5) ушул Макулдашуунун 5-беренесине ("Экспроприациялоо") жана 6-беренесине ("Зыян үчүн компенсациялоо") ылайык төлөмдөр; жана
1.6) ушул Макулдашуунун 3-главасына ("Талаш-тартыштарды жөнгө салуу") ылайык келип чыккан төлөмдөр.
2. Ар бир Тарап которуу учурунда белгиленген валюта алмашуунун рыноктук курсу боюнча эркин колдонулган валютада жүргүзүлгөн мындай которууларга уруксат берет.
3. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарына зыян келтирбестен, Тарап өзүнүн төмөнкүлөргө тиешелүү болгон улуттук мыйзамдарын тең укуктуу, басмырлоосуз жана ак ниеттүү колдонуу менен которууну болтурбай коё алат:
3.1) банкроттук, төлөөгө жөндөмсүздүк же кредиторлордун укуктарын коргоо;
3.2) эмиссиялар, баалуу кагаздар, фьючерстер, опциондор же деривативдер менен жасалган соода же бүтүмдөр;
3.3) укук коргоо органдарына же финансылык жөнгө салуу органдарына көмөктөшүү зарыл болгон учурда финансылык отчеттуулук жана которууларды эсепке алуу;
3.4) кылмыш-жаза иштери;
3.5) соттук же административдик өндүрүштө буйруктардын же соттук чечимдердин сакталышын камсыз кылуу; же
3.6) социалдык камсыздоо, пенсиялар же үнөмдөлгөн каражатты топтоонун милдеттүү программасы.
4. Тараптар ушул берененин 3-пунктунун 3.4-пунктчасы акчаларды адалдоону, терроризмди каржылоону жана массалык жок кылуучу куралдарды жайылтууну болтурбоо үчүн финансылык чараларды иштеп чыгуу тобунун эл аралык стандарттарына ылайык кабыл алынган чараларга карата колдонулушу мүмкүн экендигин түшүнөт.
5. Ушул Макулдашууда эч нерсе Фонддун Макулдашуусунун беренелерине ылайык Фонддун мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттенмелерин, анын ичинде алмашуу операцияларын пайдаланууну козгобойт, алар ушул Макулдашуунун 8-беренесинде ("Төлөм балансын коргоо үчүн чектөөлөр") же Фонддун талабы боюнча каралган учурларды кошпогондо, Тарап мындай которууларга карата ушул Макулдашууга ылайык анын милдеттенмелери менен байланышпаган капитал менен кандай болбосун операциялар үчүн чектөөлөрдү киргизбеген шартта Макулдашуунун беренелерине ылайык жүргүзүлөт.
8-берене. Төлөм балансын коргоо үчүн чектөөлөр
1. Төлөм балансында олуттуу кыйынчылыктар жана тышкы финансылык кыйынчылыктар же алардын коркунучтары болгон учурларда, Тарап инвестицияларга байланыштуу төлөмдөргө же которууларга чектөөлөрдү белгилей алат же сактай алат. Экономикалык өнүгүү процессинде турган Тараптын төлөм балансына өзгөчө басым, башкалардын ичинде анын экономикалык өнүгүү программаларын ишке ашыруу үчүн жетиштүү финансылык резервдердин деңгээлинин сакталышын камсыз кылуу үчүн чектөөлөрдү пайдалануу зарылдыгын чакырышы мүмкүн экендиги таанылат.
2. Ушул берененин 1-пунктунда айтылган чектөөлөр:
2.1) Фонддун Макулдашуусунун беренелерине ылайык келүүгө тийиш;
2.2) экинчи Тараптын мамлекетинин коммерциялык, экономикалык жана финансылык кызыкчылыктарына ашыкча зыян келтирүүнү болтурбайт;
2.3) ушул берененин 1-пунктунда баяндалган жагдайларда зарылдыктын чегинен чыкпайт;
2.4) убактылуу болуп саналат жана ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн абалдын жакшырышына жараша акырындык менен четтетилет;
2.5) басмырлоосуз негизде жана башка Тараптын мамлекетине карата кандай болбосун үчүнчү мамлекетке карата колдонулгандан кем эмес жагымдуу түрдө колдонулат.
3. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык белгиленген же сакталган кандай болбосун чектөөлөр же алардагы кандай болбосун өзгөртүүлөр жөнүндө экинчи Тарапка 30 (отуз) календардык күндүн ичинде билдирилүүгө тийиш.
4. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык кандай болбосун чектөөлөрдү белгилеген Тарап экинчи Тарап менен чектөөлөр кабыл алынганга чейин, ошондой эле андан кийин ал кабыл алган чектөөлөрдү кароо үчүн консультацияларды жүргүзөт.
9-берене. Суброгация
1. Эгерде Тараптардын бири (же ал аныктаган агенттик, институт, орган же корпорация) инвестицияга же анын кайсы бир бөлүгүнө карата берилген ордун толтуруунун натыйжасында өз инвесторлоруна ушул Макулдашуу боюнча алардын кандай болбосун талаптары боюнча төлөмдөрдү жүргүзсө, экинчи Тарап биринчи Тарап (же ал аныктаган кандай болбосун агенттик, институт, орган же корпорация) суброгациянын натыйжасында өз мамлекетинин инвесторлорунун укуктарын жүзөгө ашырууга жана талаптарын коюуга укуктуу экендигин тааныйт. Суброгацияланган укуктар же талаптар аталган инвестордун баштапкы укуктарынан же талаптарынан ашпайт.
2. Биринчи Тарап (же ал аныктаган кандай болбосун агенттик, институт, орган же корпорация) өз мамлекетинин инвесторлоруна төлөгөн кандай болбосун төлөм, ушул Макулдашуунун 3-главасынын ("Талаш-тартыштарды жөнгө салуу") 1-бөлүмүнө ("Тарап менен экинчи Тараптын мамлекетинин инвесторунун ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу") ылайык мындай инвесторлордун экинчи Тарапка каршы талап коюу укугуна таасирин тийгизбейт.
3-глава. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу
1-бөлүм. Тарап менен экинчи Тараптын мамлекетинин инвесторунун ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу
10-берене. Максаты Ушул бөлүм Тараптардын бири менен экинчи Тараптын мамлекетинин инвесторунун ортосундагы инвестордун же анын инвестицияларынын жоготууларынын же чыгымдарынын себеби болгон, биринчи Тараптын ушул Макулдашууга ылайык милдеттенмесинин болжолдуу бузулушуна тиешелүү талаш-тартыштарга карата колдонулат. 11-берене. Жол-жобо
1. Тараптар талаш-тартышты алгач консультация жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө аракет кылат.
2. Эгерде талаш-тартышты ушул берененин 1-пунктунда каралгандай чечүү мүмкүн болбосо, консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү сураган күндөн тартып 6 (алты) айдын ичинде, эгерде Тараптар башка жөнүндө макулдашпаса, талашкан инвестор (мындан ары - доогер) талаш-тартышты төмөнкүлөргө бере алат:
2.1) улуттук соттор мындай талаш-тартышка карата юрисдикцияга ээ болгон шартта талаш-тартыштын Тарабынын мамлекетинин улуттук сотторуна;
2.2) ИТЖЭБ конвенциясына жана ИТЖЭБдин арбитраждык регламентине ылайык;
2.3) ИТЖЭБдин кошумча эрежелерине ылайык;
2.4) ЮНСИТРАЛ арбитраждык регламентине ылайык; же
2.5) кандай болбосун башка арбитраждык институттарга же эгерде талашып жаткан Тараптар ага макул болсо, кандай болбосун башка арбитраждык эрежелерге ылайык;
3. Ар бир Тарап төмөнкүдөй шартта талаш-тартышты ушул бөлүмдүн жоболоруна ылайык ушул берененин 2-пунктуна ылайык арбитражга берүүгө жазуу жүзүндө макулдук берет:
3.1) талаш-тартышты мындай арбитражга берүү доогердин же анын инвестицияларынын жоготуусунун же чыгымынын себеби болуп саналган, ушул Макулдашууга ылайык милдеттенмелердин бузулушу жөнүндө доогерге белгилүү болгон же белгилүү болууга тийиш болгон учурдан тартып 3 (үч) жылдын ичинде жүзөгө ашырылат;
3.2) доогер ушул бөлүмдө баяндалган жол-жоболорго ылайык арбитражга жазуу жүзүндөгү макулдугун берет;
3.3) доогер жоопкерге талаш-тартышты арбитражга берүү ниети жөнүндө талаптарды бергенге чейин кеминде 30 (отуз) календардык күн мурда жазуу жүзүндө кабарлоо берет, ал:
(i) доогердин аты-жөнүн жана дарегин камтыйт; (ii) ушул берененин 2-пунктунда айтылган юрисдикциялардын бирин талаш-тартыштарды жөнгө салуучу юрисдикция катары билдирет; (iii) талаш-тартыш боюнча ишке карата ушул берененин 2-пунктунда аныкталган талаш-тартышты жөнгө салуунун кандай болбосун башка юрисдикциясында ар кандай иштерди (ушул берененин 7-пунктунда аныкталган убактылуу коргоо чаралары үчүн иштерди кошпогондо) баштоо жана улантуу укугунан анын баш тартуусун билдирет; жана (iv) ушул Макулдашууга ылайык жоопкердин болжолдонгон бузууларынын кыскача баяндамасын (болжолдонгон бузуулар жөнүндө жоболорду кошо алганда), талаш-тартыш үчүн мыйзамдуу жана иш жүзүндөгү негиздерди, арыз ээсинин же анын инвестицияларынын болжолдуу түрдө ушул бузуулардан улам келип чыккан жоготууларын же чыгымдарын камтыйт.
4. Ушул берененин 3-пунктуна ылайык макулдук берүү жана ушул бөлүмгө ылайык арбитражга талаптарды коюу төмөнкүлөрдүн талаптарын аткарууга тийиш:
4.1) ИТЖЭБ конвенциясынын 2-главасынын (Борбордун юрисдикциясы) жана талаш-тартыштын тараптарынын жазуу жүзүндөгү макулдугу жөнүндө ИТЖЭБдин кошумча эрежелеринин; жана
4.2) "Жазуу жүзүндөгү макулдашуу" жөнүндө Нью-Йорк конвенциясынын 2-беренесинин.
5. Эгерде талашып жаткан тараптар башкача макулдашпаса, арбитраждык сот үч арбитрден турат, алар кандай болбосун Тараптын мамлекетинин жарандары же туруктуу резиденттери болбошу керек. Ар бир талашып жаткан тарап бир арбитрди дайындайт жана талашып жаткан тараптар үчүнчү арбитр жөнүндө макулдашат, ал арбитраждык соттун төрагасы болууга тийиш. Эгерде арбитраждык сот арбитражга доо берилген күндөн тартып 90 (токсон) календардык күндүн ичинде дайындалбаса, же талашып жаткан тарап арбитрди дайындай албаса, же болбосо тараптар төраганы дайындоо жөнүндө макулдукка келе албаса, Арбитраждык соттун башкы катчысы талашып жаткан тараптардын биринин суроо-талабы боюнча дайындалбаган арбитрди же арбитрлерди өзүнүн кароосу боюнча дайындайт. Ошондой эле Арбитраждык соттун башкы катчысы төраганы дайындоодо ал Тараптардын биринин мамлекетинин жараны же туруктуу резиденти эмес экенине ынанууга тийиш.
6. Эгерде талашып жаткан тараптар тарабынан башкача сүйлөшүлбөсө, сот арбитраждын жерин колдонуудагы арбитраждык эрежелерге ылайык жер Нью-Йорк конвенциясынын катышуучусу болгон мамлекеттин аймагында болушу керек экендигин кароо менен аныктайт.
7. Тараптардын бири да өз укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоо үчүн ушул берененин 2-пунктунда айтылган талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча юрисдикциялардын кайсынысында болбосун териштирүү козголгонго чейин жоопкердин сотторунда же администрациялык сотторунда зыяндын ордун толтурууга же талаш-тартышты маңызы боюнча чечүүгө байланышпаган убактылуу коргоо чараларын издөөдө доогерге тоскоолдук кылбоого тийиш.
8. Эгерде Тарап мындай талаш-тартыш боюнча чыгарылган чечимди сактай албаса же аткара албаса, Тараптардын бири да өз мамлекетинин инвестору жана башка Тарап ушул бөлүмгө ылайык берүүгө макул болгон талаш-тартышка карата дипломатиялык коргоону сунуштабайт же эл аралык талаптарды койбойт. Ушул пункттун максаттары үчүн дипломатиялык коргоо талаш-татышты жөнгө салууга көмөктөшүү жалгыз ниети менен формалдуу эмес дипломатиялык алмашууларды камтыбайт.
9. Ушул бөлүмгө ылайык арбитражга берилген талап Нью-Йорк конвенциясынын 1-беренесинин максаттары үчүн коммерциялык мамилелерден же котормодон келип чыккан деп каралышы керек.
10. Кандай болбосун арбитраждык чечим талашып жаткан тараптар үчүн акыркы жана милдеттүү болуп эсептелет. Ар бир Тарап өз мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык чечимдин таанылышын жана сакталышын көзөмөлдөөнү камсыз кылат.
2-бөлүм. Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу
12-берене. Максаты Ушул бөлүм ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдөн жана колдонуудан келип чыккан Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салууга карата колдонулат. 13-берене. Консультациялар жана сүйлөшүүлөр
1. Ар бир Тарап ушул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга карата жазуу жүзүндө консультация сурай алат. Эгерде Тараптардын ортосундагы талаш-тартыш ушул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу келип чыкса, алар мүмкүн болушунча консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу өз ара макулдашуунун негизинде чечилет.
2. Эгерде талаш-тартыш мындай сүйлөшүүлөр же консультациялар жазуу жүзүндө суралган күндөн тартып 6 (алты) айдын ичинде мындай жол менен чечилбесе, кандай болбосун Тарап мындай талаш-тартышты ушул бөлүмгө ылайык бекитилген арбитраждык соттун кароосуна же Тараптардын макулдашуусу боюнча башка эл аралык сотко бере алат.
14-берене. Арбитраждык сотту түзүү
1. Арбитраждык жол-жобо дипломатиялык каналдар аркылуу бир Тарап (арыз берүүчү Тарап) экинчи Тарапка (жоопкер Тарап) жазуу жүзүндөгү кабарлоону берген учурда башталат. Мындай кабарлоо 2-главанын ("Коргоо") жоболорун баяндоодон, арыздын болжолдуу бузулган, мыйзамдуу жана иш жүзүндөгү негиздерин баяндоодон, ушул Макулдашуунун 13-беренесине ("Консультациялар жана сүйлөшүүлөр") ылайык консультациялардын жана сүйлөшүүлөрдүн өнүгүшүн жана натыйжаларын кыскача баяндоодон, арыз берүүчү Тараптын ушул бөлүмгө ылайык жол-жобону баштоо ниетинен жана мындай арыз берүүчү Тарап дайындаган арбитрдин толук маалыматтарынан турууга тийиш.
2. Мындай кабарлоо берилгенден кийин 30 (отуз) календардык күндүн ичинде жоопкер Тарап арыз берүүчү Тарапка өзү дайындаган арбитрдин аты жөнүндө маалымдайт.
3. Экинчи арбитр дайындалган күндөн кийинки 30 (отуз) календардык күндүн ичинде Тараптар өз ара макулдашуу боюнча үчүнчү арбитрди дайындайт, ал Арбитраждык соттун төрагасы болот. Эгерде Тараптар үчүнчү арбитрди дайындоо боюнча өз ара макулдашпаса, Тараптар дайындаган арбитрлер 30 (отуз) календардык күндүн ичинде үчүнчү арбитрди дайындайт, ал Арбитраждык соттун төрагасы болот.
4. Ушул берененин 1, 2 жана 3-пункттарында арбитрлерди тандоого карата эки Тарап тең жана тиешелүү кырдаалдарда алар дайындаган арбитрлер Тараптардын биринин жарандары же туруктуу жашоочулары болгон арбитрлерди тандабайт.
5. Эгерде ушул берененин 2 жана 3-пункттарында белгиленген мөөнөттөрдө талап кылынган дайындоолор жүргүзүлбөсө, кайсы болбосун Тарап дайындалбаган арбитрди же арбитрлерди дайындоо үчүн БУУнун Эл аралык сотунун төрагасын чакыра алат. Эгерде төрага Тараптардын биринин мамлекетинин жараны же туруктуу резиденти болуп саналса, же болбосо аракет кылууга жөндөмсүз болсо, вице-төрага зарыл болгон дайындоолорду аткаруу үчүн чакырылат. Эгерде вице-төрага Тараптардын биринин мамлекетинин жараны же туруктуу резиденти болуп саналса, же болбосо аракет кылууга жөндөмсүз болсо, Тараптардын биринин мамлекетинин жараны да, туруктуу резиденти да болуп саналбаган БУУнун Эл аралык сотунун жашынын улуулугу боюнча кийинки мүчөсү зарыл болгон дайындоолорду аткаруу үчүн чакырылат.
6. Эгерде ушул беренеге ылайык дайындалган арбитр аракеттерди аткаруудан баш тартса же жөндөмсүз болсо, укук улантуучу баштапкы арбитрди дайындоо үчүн аныкталган тартипте дайындалат. Укук мураскери баштапкы арбитр сыяктуу эле ыйгарым укуктарга жана милдеттерге ээ.
15-берене. Жол-жобо
1. Эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, арбитраждык териштирүү жүргүзүүнүн орду сот тарабынан белгиленет. Арбитраждык сот анын компетенциясына тиешелүү бардык маселелерди чечет жана Тараптардын ортосундагы кандай болбосун макулдашууга карата өз жол-жоболорун аныктайт. Жол-жобонун кандай болбосун этабында Арбитраждык сот Тараптарга талаш-тартышты сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечүүнү сунуш кыла алат. Бардык стадияларда Арбитраждык сот Тараптарга ачык угууну камсыз кылат.
2. Арбитраждык сот өз чечимин көпчүлүктүн добушу менен чыгарат. Чечим жазуу жүзүндө чыгарылат жана колдонулган иш жүзүндөгү жана мыйзамдуу негиздерден турат. Кол коюлган чечим ар бир Тарапка берилет. Арбитраждык соттун чечими акыркы жана Тараптар үчүн милдеттүү болуп саналат.
3. Ушул бөлүмгө ылайык түзүлгөн Арбитраждык сот ушул Макулдашууга, ошондой эле эл аралык укуктун колдонулуучу ченемдерине жана принциптерине ылайык талаш-тартыш маселелерди чечет.
4. Ар бир Тарап арбитраждык процессте өзү дайындаган соттун мүчөсүнүн жана анын өкүлчүлүгүнүн чыгымдарын тартат. Арбитраждык соттун төрагасынын чыгымдарын жана арбитражды өткөрүүгө байланыштуу башка чыгымдарды Тараптар бирдей бөлүктөр менен жабат.
16-берене. Талаш-тартыштарды үчүнчү Тараптын каржылоосу
1. "Талаш-тартыштарды үчүнчү Тараптын каржылоосу" талаш-тартыштарды кандай болбосун жеке жана юридикалык жактын каржылоосун билдирет, ал талашуучу Тарап болуп эсептелбейт, бирок соттук териштирүүгө кеткен чыгымдардын бир бөлүгүн же бардык чыгымдарын каржылоо максатында, анын ичинде кайрымдуулук, грант, ар кандай сый акы макулдашуулары жолу менен жана/же талаш-тартыштын жыйынтыгына жараша сыйлыктын ордуна талашуучу Тарап менен макулдашуу түзөт.
2. Талаш-тартышты үчүнчү Тараптар каржылаган учурда мындай каржылоодон пайда алган талаш-тартыштын Тарабы талаш-тартыштын экинчи Тарабына жана сотко же арбитражга каржылоо жөнүндө макулдашуунун бар экендиги фактын жана мүнөзүн, ошондой эле каржылоону жүзөгө ашырган үчүнчү Тараптын аталышын жана дарегин ачыкка чыгарат.
3. Мындай кабарлоо доо берилген учурда же эгерде финансылык макулдашуу түзүлсө, же болбосо субсидия же дотация доо берилгенден кийин берилсе, Макулдашуу Түзүлгөндөн, же болбосо субсидия же дотация берилгенден кийин кечиктирилбестен жөнөтүлөт.
4-глава. Жыйынтыктоочу жоболор
17-берене. Артыкчылыктардан баш тартуу Алдын ала кабарлоонун жана консультациялардын шарттарында, эгерде баш тарткан Тарап юридикалык жак баш тарткан Тараптын мамлекетинин же үчүнчү мамлекеттин жактарына таандык же контролдонот жана экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында олуттуу ишкердик операциялары жок деп белгиленсе, Тарап экинчи Тараптын мамлекетинин юридикалык жагы болуп саналган экинчи Тараптын мамлекетинин инвесторуна ушул Макулдашуунун пайдасынан жана мындай инвестордун инвестицияларынан баш тарта алат. 18-берене. Борбордук банктардын артыкчылыктарынан баш тартуу Ушул Макулдашуунун эч бир жобосу Тараптардын борбордук банктарына жана (же) эл аралык макулдашууларга, конвенцияларга жана (же) кандай болбосун колдонулуучу укукка ылайык менчик укугунда жана (же) башкача түрдө Тараптардын борбордук банктарына таандык болгон мүлккө берилген кандай болбосун иммунитеттерди, артыкчылыктарды же алып салууларды баш тартуу, четтетүү же башкача өзгөртүү катары чечмеленүүгө тийиш эмес. 19-берене. Жалпы өзгөчөлүктөр
1. Мындай чаралар шарттардын басымдуулугуна жараша экинчи Тарапка же экинчи Тараптын мамлекетинин инвесторлоруна каршы өзүм билемдик же негизсиз басмырлоого алып келбегендей түрдө кабыл алынбаган же экинчи Тараптын мамлекетинин инвесторлорунун инвестицияларына коюлган чектөөлөрдү бурмалабаган шартта Тараптардын мамлекетинин аймагында ушул Макулдашуунун эч нерсеси Тараптын төмөнкүдөй чараларды кабыл алуусун же күчүнө киргизүүсүн болтурбоочу катары чечмеленүүгө тийиш эмес:
1.1) коомдук моралды коргоо же коомдук укук тартибин колдоо үчүн зарыл;
1.2) ден соолукту, айлана-чөйрөнү, адамдарды, жаныбарларды же өсүмдүктөрдү коргоо үчүн зарыл;
1.3) улуттук көркөм, тарыхый же археологиялык баалуулуктарды коргоо;
1.4) жаратылыш ресурстарын сактоо;
1.5) ушул Макулдашуунун жоболоруна каршы келбеген мыйзамдарды жана эрежелерди сактоо үчүн зарыл болгон, анын ичинде төмөнкүлөргө байланыштуу:
(i) алдамчылык жана алдоо учурларын алдын алуу же инвестициялык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарбоонун кесепеттерин жоюу; (ii) жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жана жайылтуу менен байланышкан адамдардын жеке жашоосунун кол тийбестигин коргоо жана жеке жазуулардын жана эсептердин купуялуулугун сактоо; (iii) коопсуздук.
2. Ушул берененин 1-пунктунун 1.1-пунктчасында аныкталган чаралар коомдун негизги кызыкчылыктарына анык жана жетишерлик олуттуу коркунуч болгон учурларда гана колдонулушу мүмкүн.
20-берене. Коопсуздук боюнча өзгөчөлүктөр Ушул Макулдашууда эч нерсе төмөнкүдөй чечмеленбеши керек:
1) маалыматты ачыкка чыгаруу анын коопсуздугунун олуттуу кызыкчылыктарына каршы келет деп эсептеген Тараптан ар кандай маалыматты берүүнү талап кылуу; же
2) Тарапка эл аралык тынчтыкты, же коопсуздукту сактоо же калыбына келтирүү, же өзүнүн негизги коопсуздук кызыкчылыктарын коргоо боюнча өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн зарыл деп эсептеген чараларды көрүүгө тоскоолдук кылуу.
21-берене. Салык салуу
1. Ушул Макулдашуунун 5-беренеси ("Экспроприация") жана 3-главасынын ("Талаштарды жөнгө салуу") 1-бөлүмү ("Тарап менен экинчи Тараптын мамлекетинин инвесторунун ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу") салык салуу чараларына карата мындай салык салуу чаралары экспароприацияны билдирген даражада колдонулат.
Салык салуу чарасына карата ушул Макулдашуунун 5-беренесине ("Экспроприация") шилтеме берүүгө умтулган инвестор адегенде ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн эки Тараптын компетенттүү органдарына ушул Макулдашуунун 3-главасынын ("Талаш-тартыштарды жөнгө салуу") 1-бөлүмүнө ("Тарап менен экинчи Тараптын мамлекетинин инвесторунун ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу") ылайык ушул Макулдашуунун 5-беренесинде ("Экспроприация") каралгандай салык салуу чарасы экспроприацияны камтыйбы же жокпу деген суроо менен кабарлоо жиберген учурда кайрылууга тийиш. Эгерде эки Тараптын тең компетенттүү органдары маселени кароого макул болбосо же аны карап чыгууга макул болуп, бул чара ушул Макулдашуунун 5-беренесинде ("Экспроприация") каралгандай экспроприация болуп саналбайт дегенге макул болбосо, мындай кайрылуу жасалган учурдан тартып 6 (алты) айдын ичинде инвестор өзүнүн талабын арбитражга ушул Макулдашуунун 3-главасынын ("Талаш-тартыштарды жөнгө салуу") 1-бөлүмүнө ("Тарап менен экинчи Тараптын мамлекетинин инвесторунун ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу") ылайык арбитражга бере алат.
2. Ушул берененин максаттары үчүн "компетенттүү орган" салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органды билдирет.
3. Ушул Макулдашуунун 5-беренесине ("Экспроприация") карата салык салуу чарасы экспроприация болуп саналабы дегенди баалоодо төмөнкү ойлор актуалдуу:
3.1) салыктарды киргизүү жалпысынан экспроприацияны түзбөйт. Жөн гана жаңы салык чараларын киргизүү же инвестицияга байланыштуу бир нече юрисдикцияга салыктарды киргизүү экспроприацияны түзбөйт.
3.2) эл аралык салык саясатына, принциптерине жана практикасына ылайык келген салык салуу чаралары экспроприацияны түзбөйт. Тактап айтканда, салыктан качууну же салык төлөөдөн качууну болтурбоого багытталган салык чаралары жалпысынан экспроприация катары каралбашы керек;
3.3) белгилүү бир улуттагы инвесторлорго же айрым жеке салык төлөөчүлөргө багытталбастан, дискриминацияланбаган негизде колдонулуучу салык салуу чаралары экспроприацияны азыраак түзүшү мүмкүн. Эгерде инвестицияларды ишке ашырууда ал күчүнө кирген болсо жана мындай чара жөнүндө маалымат ачыкка чыкса же башкача жол менен жалпыга жеткиликтүү болсо, салык салуу чарасы экспроприация болбошу керек.
22-берене. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор Ушул Макулдашууга Тараптардын жазуу жүзүндөгү өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ушул Макулдашуунун 24-беренесинде ("Күчүнө кириши, колдонуу мөөнөтү жана колдонулушун токтотуу") каралган тартипте күчүнө кирүүчү өзүнчө протоколдор менен таризделет. 23-берене. Транспаренттүүлүк Ар бир Тарап токтоосуз жарыялоого же өзүнүн мамлекетинин улуттук мыйзамдарында каралган башка жол менен жалпы колдонуудагы өзүнүн мыйзамдарын, эрежелерин, жол-жоболорун, административдик жазма буйруктарын жана соттук чечимдерин, ошондой эле экинчи Тараптын инвесторунун өзүнүн мамлекетинин аймагындагы инвестицияларына тиешелүү болушу мүмкүн болгон эл аралык келишимдерди жалпыга маалымдоого тийиш. 24-берене. Күчүнө кириши, колдонуу мөөнөтү жана колдонулушун токтотуу
1. Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Макулдашуу 10 (он) жылдын ичинде колдонулат жана эгерде Тараптардын бири дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Макулдашууну узартпоого өзүнүн ниети жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка билдирбесе, ушул сыяктуу он жылдык мезгилдерге автоматтык түрдө узартылат.
Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу, эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, анын колдонуу мөөнөтүнүн ичинде ишке ашырылган инвестициялардын ишке ашырылышына ал токтотулган күндөн тартып 10 (он) жылдын ичинде таасирин тийгизбейт. Ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып 1997-жылдын 8-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуунун колдонулушу токтотулат.
3. Муну ырастоо үчүн кол коюуга өздөрүнүн тиешелүү өкмөттөрү тарабынан тийиштүү түрдө ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгондор ушул Макулдашууга кол коюшту.
20___-жылдын "___" ____________ шаарында кыргыз, казак жана орус тилдеринде эки нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун тексттеринин ортосунда айырмачылыктар келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылат.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ҮЧҮН
КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ҮЧҮН
_________________________________
_________________________________
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө Макулдашуу (КР 2004-жылдын 17-майындагы №…Соглашение · 08.04.1997