Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 554 токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
| 1-тиркеме | ||
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554токтомуна) |
Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 140, 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - Типтүү жобо) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык иштелип чыккан жана региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын пайдалануу тартибин аныктайт.
2. Региондорду өнүктүрүү фонду (мындан ары - Фонд) юридикалык жакты түзбөстөн түзүлөт жана иштейт, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында ачылуучу жана тейленүүчү эсептерди билдирет.
3. Фонддун каражаттары республикалык бюджеттин каражаттарынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келип түшкөн башка чегерүүлөрдөн түзүлөт жана бюджеттик жана атайын эсептерде топтолот.
4. Облустун фондунун каражаттарын натыйжалуу башкаруу, бөлүштүрүү жана өздөштүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ал эми Райондун фондунун каражаттары үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы жеке жоопкерчилик тартат.
5. Фонддун каражаттарын башкаруу жана пайдалануу мыйзамдуулук, ачыктык, айкындуулук, сарамжалдуулук жана натыйжалуулук принциптерине ылайык жүзөгө ашырылат.
2-глава. Ушул Типтүү жободо колдонулуучу түшүнүктөр
6. Ушул Типтүү жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
1) жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо - шаарда/айыл аймагында жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртуу жана аймактарды көрктөндүрүү боюнча жергиликтүү коомчулуктун долбоорлорун ишке ашыруу үчүн берилүүчү акча каражаттары;
2) өтүнмө ээси - Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча конкурска катышууга долбоордук өтүнмө берген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы/мамлекеттик орган;
3) жашыл экономика - адамдын бакубаттуулугун жогорулатууга жана бир эле учурда айлана-чөйрө үчүн тобокелдиктерди олуттуу азайтууда социалдык адилеттүүлүктү бекемдөөгө алып келүүчү, табигый капиталды сактоочу жана көбөйтүүчү, ресурстарды натыйжалуу пайдалануучу жана өлкөнүн табигый экосистемаларын сактоого дем берүүчү экономика;
4) жергиликтүү коомчулуктун демилгеси - шаардын/айыл аймагынын аймагында жашаган тургундардын, ишкерлердин жана жарандык коомдун уюмдарынын демилгелүү топторду түзүү, шаарда/айыл аймагында жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган долбоорлорду сунуштоо, алгачкы талкуулоо, тандоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына киргизүү боюнча, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун жана ишкерлердин финансылык, материалдык жана башка ресурстарын мобилизациялоо жана Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин алкагында сунушталган долбоорлорду тандоо боюнча конкурска сунуштоо үчүн долбоорлорду даярдоо (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте) боюнча иши;
5) долбоорду аткаруучу – долбоордук өтүнмөсү Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан жактырылган долбоорду каржылоого Фонддун аткаруу органы менен келишим түзгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы/мамлекеттик орган;
6) инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөр - социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде инфраструктуралык объектти пайдалануу менен көрсөтүлүүчү жана/же инфраструктуралык объектти тейлөө боюнча жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр;
7) инфраструктуралык объект - мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы мүлк же мүлктүк комплекс;
8) инфраструктуралык долбоор - жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгеленген социалдык-экономикалык максатка ылайыктуулугун, капиталдык чыгашалардын көлөмүн жана жүзөгө ашыруу мөөнөттөрүн негиздөө менен инфраструктура объектин түзүүгө же жакшыртууга багытталган милдеттердин, иш-аракеттердин жана иш-чаралардын тизмеги;
9) жергиликтүү коомчулукту мобилизациялоо - жарандардын тобу тарабынан уюштурулган жергиликтүү коомчулуктун түздөн-түз катышуусу жана колдоосу менен жергиликтүү деңгээлде көйгөйлөрдү чечүү процесси;
10) долбоорду каржылоо планы - долбоорду транштар боюнча каржылоонун этаптарын жана тартибин сыпаттоочу жана долбоорду ишке ашыруу планына шайкеш келүүчү долбоордук өтүнмөнүн бөлүгү;
11) мониторинг жүргүзүү жана баалоо планы - долбоорду ишке ашырууда, ошондой эле Фонддун каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун баалоодо ушул Типтүү жобонун талаптарынан четтөөлөрдү аныктоо максатында байкоо жүргүзүүнүн этаптары жана тартиби;
12) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
13) долбоордук өтүнмө - Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлорду тандоо боюнча конкурска катышуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын/мамлекеттик органдын атынан берилген, типтүү форматтын негизиндеги долбоордун сыпаттамасы;
14) социалдык долбоор - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же мамлекеттик органдардын калктуу конуштардын социалдык, экономикалык жана маданий инфраструктурасын жакшыртууга багытталган жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн, өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкагында билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, спорт, социалдык коргоо, эс алуу, жаштар менен иштөө, элдик чыгармачылык чөйрөдө калкка инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле мамлекеттик муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча максаттуу багытталган, убакыт менен чектелген иши;
15) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
17) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
18) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
19) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Фонддун каражаттарын пайдалануу
7. Фонддун каражаттары облустарды, райондорду, шаарларды жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга, жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, мамлекеттик органдарды субсидиялоого, жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга, региондук экономикалык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө, аймактардын инфраструктурасын жакшыртууга жана калктын саламаттыгын сактоо шарттарын камсыз кылууга жумшалат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Фонддун бюджеттик жана атайын эсептердеги каражаттары социалдык, инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду каржылоого жумшалат, анын ичинен төмөнкүлөргө:
1) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) ишкердикти өнүктүрүү жана инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого;
5) социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун долбоордук-сметалык документтерин жана башка техникалык документтерин иштеп чыгууга;
6) саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, маданият жана спорт чөйрөсүндөгү объекттерди куруу, оңдоо жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча долбоорлорду каржылоого;
7) калкты ичүүчү суу жана саркынды сууларды чыгаруу системалары менен камсыздоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
8) мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган ирригациялык тармактарды, гидротехникалык объекттерди оңдоого жана калыбына келтирүүгө;
9) жол, турак жай-коммуналдык чарба долбоорлорун каржылоого;
10) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн атайын автотранспорттук жана башка техникаларды сатып алууга;
11) "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "МИК" ААК) тиешелүү финансылык макулдашууну түзүү аркылуу мөөнөттүүлүк жана кайтарымдуулук шарттарында финансылык каражаттарды берүү жолу менен Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды каржылоого;
12) калктуу конуштарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө, жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду ишке ашырууга;
13) иштин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга багытталган инновациялык долбоорлорду илгерилетүүгө;
14) ишкердик субъекттер үчүн кошумча киреше алуу үчүн жашыл долбоорлорду илгерилетүүгө;
15) энергиянын кайра жаралуучу жана таза булактарын, энергиялык натыйжалуу технологияларды колдонууну, калдыктарды башкарууну жана жашыл экономиканын принциптерин илгерилетүүнү камтыган инновациялык жашыл продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгууга;
16) парник газдарынын чыгуусун азайтуу, абанын сапатын жакшыртуу үчүн алдынкы жашыл технологияларды/материалдарды жана жаңы инновациялык ыкмаларды жана/же экономикалык натыйжалуу технологияларды интеграциялоого;
17) климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча чараларды илгерилетүүгө;
18) калктуу конуштарды өнүктүрүүнүн башкы пландарын, деталдуу пландоо долбоорлорун, калктуу конуштардын шаар куруу документтерин иштеп чыгууга;
19) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгеленген экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды камсыз кылууга, анын ичинде энергиялык натыйжалуу, энергияны жана сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө;
20) Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, суу объекттериндеги адамдардын коопсуздугу, гидрометеорология, мамлекеттик материалдык резерв системасын башкаруу, токой чарбасы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн ӨК болгон учурда жазуу жүзүндөгү кайрылуусуна ылайык Фонддун болжолдонгон жылдык бюджетинин 3 пайызынан 8 пайызына чейин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, жарандык инфраструктураны калыбына келтирүү жана жабыр тарткан калкка материалдык колдоо көрсөтүү (тамак-аш жана турак жай менен камсыз кылуу, күйүүчү-майлоочу материалдарды, биринчи кезекте керектелүүчү товарларды сатып алуу) боюнча иш-чараларды өткөрүүгө;
21) жагымсыз эпидемиологиялык кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
22) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими боюнча облустук же райондук Фонддордун эсебине финансылык каражаттарды которууга;
23) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча башка багыттарга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Фонддун атайын эсебинин каражаттарынан төмөнкүлөргө багытталган иш-чаралар каржыланышы мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана коргоо, жарандык коргонуу, жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү ишин колдоого;
2) жөндөмдүү балдардын жана таланттардын иш-чараларга (билим берүү, маданий, музыкалык, спорттук) катышуусун, алар үчүн билим берүү мекемелеринде окууга шарттарды түзүүнү, калктын социалдык аялуу катмарын, турмуштук оор кырдаалга туш болгон жарандарды колдоого;
3) Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын окуу жайларында окуусун ваучердик каржылоо механизмин жүзөгө ашырууга;
4) социалдык контракттын алкагында социалдык жардам алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ишкердик ишин өтүнмөнүн негизинде алынган сумманын 50 пайызына чейинки өлчөмүндө каржылоого.
Фонддун каражаттарын ушул Типтүү жободо каралбаган иш-чараларды өткөрүүгө пайдаланууга жол берилбейт.
10. "МИК" ААК менен кызматташтыкта ишке ашыруу пландалып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоорлор инфраструктуралык долбоорлор болуп саналбайт жана тиешелүү өтүнмөнү толтурууну талап кылбайт.
Мында "МИК" ААК андан ары Фонддун Байкоочу кеңешинин кароосу үчүн тиешелүү документтерди тиркөө менен Фонддун аткаруу органына жазуу жүзүндөгү кайрылууну жөнөтөт. Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоордун бардык уюштуруу-техникалык шарттары, анын ичинде долбоорду каржылоо тартиби, Фонддун каражаттарын кайтаруу мөөнөттөрү, долбоорду ишке ашырууга катышкан кошумча тараптардын милдеттери тиешелүү финансылык макулдашуу менен аныкталат.
11. Фонддордун бюджеттик жана атайын эсептердеги болжолдонгон жылдык бюджети төмөнкү чыгашалар категориялары боюнча милдеттүү түрдө бөлүштүрүлүүгө тийиш:
| Фонддун чыгашаларынын категорияларынын аталышы | Фонддун болжолдонгон жылдык бюджети, % | |
| 1 | Фонддун аткаруу органынын административдик чыгашалары | n1 |
| 2 | Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлор | n2 |
| 3 | Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоорлор (Фонддун финансылык каражаттарын "МИК" ААК берүү) | n3 |
| 4 | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чаралар | n4 (3-8%дын чегинде) |
| Жалпы | n1 + n2 + n3 + n4 = 100% |
Фонддун каражаттарынын чыгашаларынын ар бир категориясы боюнча Фонддун болжолдонгон жылдык бюджетинин жалпы суммасынын пайызы учурдагы жылдын 30-январынан кечиктирилбестен Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен аныкталат жана бекитилет. Каражаттарды чыгашалардын категориялары боюнча бөлүштүрүү Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына жараша жүргүзүлөт. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Фонддун финансылык каражаттарын башкаруу органдары
12. Фонддун каражаттарын башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жогорку башкаруу органы - Фонддун Байкоочу кеңеши;
2) аткаруу органы - бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - Фонддун аткаруу органы).
§ 1. Фонддун Байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктары
13. Фонддун Байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Фонддун каражаттарын пайдалануунун негизги багыттарын жана артыкчылыктарын кароо жана бекитүү;
2) долбоорлорду тандоо жана бекитүү;
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) Фонддун аткаруу органы менен "МИК" ААК ортосунда Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Фонддун акча каражаттарын алуу жөнүндө финансылык макулдашууну түзүү же бузуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
5) Фонддун каражаттарынын пайдаланылышына аудит жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
6) конкурстук тандоонун катышуучуларынын дооматтарын берүүнүн, кароонун жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуунун тартибин бекитүү;
7) конкурстук тандоонун катышуучуларынын даттанууларын жана арыздарын кароо;
8) каражаттардын күтүлүүчү түшүүлөрүн эске алуу менен ар бир финансылык жылга бюджеттик каражаттар жана атайын эсептин каражаттары боюнча Фонддун чыгашаларынын сметасын бекитүү;
9) Фонддун каражаттарынын пайдаланылышынын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо методикасын бекитүү;
10) Фонддун каражаттарынын пайдаланылышынын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн топтун курамын кароо, бекитүү жана мониторинг жүргүзүү тобунун отчетун угуу;
11) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө чечимди кабыл алуу;
12) Фонддун акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо;
13) Фонддун бюджеттик жана атайын эсептердеги каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө Фонддун аткаруу органынын отчетун угуу жана бекитүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Фонддун Байкоочу кеңеши өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Фонддун аткаруу органынан жана Фонддун мониторинг жүргүзүү тобунан өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты суроого;
2) Фонддун аткаруу органы жана мониторинг жүргүзүү тобу берген документтерди толуктап иштеп чыгууга жөнөтүүгө;
3) Фонддун Байкоочу кеңешинин компетенциясына кирген маселелер боюнча эксперттер жана адистер, техникалык кызматтар менен консультацияларды уюштурууга жана өткөрүүгө.
§ 2. Фонддун Байкоочу кеңешинин ишин уюштуруу
15. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышат.
16. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү анын жыйналыштарына алмаштыруу укугусуз катышат. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөсү жок болгон учурда ал каралуучу маселелер боюнча өзүнүн пикирин жазуу жүзүндө берүүгө укуктуу.
17. Органдын/уюмдун Фонддун Байкоочу кеңешинин курамына киргизилген өкүлүнүн мүчөлүгү өкүлдүн аты-жөнүн, кызмат ордун, ошондой эле өкүлү алмашкан учурда себебин көрсөтүү менен тиешелүү органдын/уюмдун расмий каты менен ырасталат.
18. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн саны 9 адамдан кем болбоого тийиш.
19. Облусту өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү же Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечиминин негизинде анын биринчи орун басары;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
3) экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
4) калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
5) айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
6) шаар куруу, архитектура-курулуш иши жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
7) Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын 30 пайызына чейинки санда Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушу боюнча Фонддун Байкоочу кеңешинин курамына киргизилген коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү;
8) Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы курамынын 30 пайызы болгон санда айыл аймактарынын жана облустук, райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин төрагалары.
20. Районду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамына төмөнкүлөр кирет:
1) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
3) райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын экономика чөйрөсүндөгү түзүмдүк бөлүмүнүн өкүлү;
4) калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
5) агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
6) шаар куруу, архитектура-курулуш иши жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
7) Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын 30 пайызына чейинки санда жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сунушу боюнча Фонддун Байкоочу кеңешинин курамына киргизилген коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү;
8) Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы курамынын 30 пайызы санда айыл аймактарынын жана облустук, райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин төрагалары.
21. Облусту өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү же Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечиминин негизинде анын биринчи орун басары саналат.
22. Районду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы саналат.
23. Облусту өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечими менен 3 жылдан кем эмес мөөнөткө бекитилет.
Районду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын чечими менен 3 жылдан кем эмес мөөнөткө бекитилет.
24. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык долбоорлорду тандоо, баалоо, бекитүү жана кепилчилик берүү боюнча Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан кабыл алынуучу чечимдер үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
25. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналыштары зарылчылыкка жараша чакырылат.
26. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышы, эгерде ага анын курамынын жарымынан кем эмеси катышса, укуктуу болуп эсептелет.
27. Фонддун Байкоочу кеңешинин анын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечими Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болгон учурда Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышына төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
28. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналыштары Фонддун аткаруу органынын кызматкери болуп саналган Фонддун Байкоочу кеңешинин катчысы тарабынан протоколдоштурулат. Протоколдорго Фонддун Байкоочу кеңешинин төрагасы же жыйналышка төрагалык кылган адам, ошондой эле Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышка катышкан мүчөлөрү жана катчысы кол коёт. Протоколдордун түп нускалары Фонддун аткаруу органында сакталат.
29. Жыйналышта төрага жок болгон учурда Фонддун Байкоочу кеңеши Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн ичинен бул жыйналышка төрагалык кылуучуну тандайт.
30. Фонддун Байкоочу кеңеши зарыл болгон учурда өзүнүн жыйналыштарына тийиштүү техникалык кызматтардын өкүлдөрүн, эксперттерди жана консультанттарды чакырууга укуктуу, алар жыйналышка добуш берүү укугусуз катышат.
31. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышын чакыруу жөнүндө маалымат Фонддун аткаруу органы тарабынан күн тартибин, өткөрүү убактысын жана ордун көрсөтүү менен Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнө жыйналыш өтүүчү датага чейин он календардык күндөн кечиктирилбестен жеткирилет.
32. Долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү мезгилинде Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн транспорттук чыгашаларын жана жашап турууга чыгашаларын Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын талаптарына жана бюджеттик мекемелер үчүн белгиленген ченемдерге ылайык Фонддун административдик чыгашалары үчүн белгиленген лимиттин алкагында компенсациялоого жол берилет.
33. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналыштарын видеоконференцбайланыш системасын колдонуу жолу менен өткөрүүгө жол берилет.
§ 3. Фонддун аткаруу органы
34. Фонддун аткаруу органы долбоорлорду каржылоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча Фонддун Байкоочу кеңешинин чечимдеринин талаптагыдай аткарылышын камсыз кылат.
35. Фонддун аткаруу органы:
1) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин негизинде долбоорлорду ишке ашыруу боюнча финансылык операцияларды жүргүзөт;
2) долбоорлорду каржылоого жана ишке ашырууга байланыштуу милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн тартиптик жоопкерчилик тартат;
3) Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн суроо-талабы боюнча Фонддун каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө маалымат берет;
4) казыналык системасында Фонддун бюджеттик жана атайын эсептерин ачат;
5) өтүнмө ээлеринен келип түшкөн долбоорлорду берилген документтердин толуктугу боюнча алдын ала тандоону жүргүзөт;
6) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими боюнча Фонддун "МИК" ААК жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоордун башка катышуучулары менен финансылык макулдашуусуна кол коюуну камсыз кылат;
7) долбоорду аткаруучу тарабынан келишимдин шарттары же долбоорду ишке ашыруу жол-жоболору бузулган учурда каржылоону токтотуп турат;
8) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте Фонддун акча каражаттарынын кыймылы боюнча эсепти жана отчеттуулукту жүргүзөт;
9) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими боюнча Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан тандалып алынган долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү үчүн консультанттарды жалдайт;
10) Фонддун болжолдонгон жылдык бюджетинин долбоорун, социалдык, инфраструктуралык долбоорлордун тизмегин иштеп чыгат жана Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышына киргизет;
11) Фонддун аткаруу органынын функцияларын ишке ашыруу менен байланышкан келерки жылга чыгашаларынын сметасынын долбоорун иштеп чыгат жана Фонддун Байкоочу кеңешинин кароосуна жана бекитүүсүнө берет;
12) Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналыштарын уюштуруу боюнча ишти жүргүзөт;
13) аудит үчүн маалыматтарды даярдайт;
14) Фонддун Байкоочу кеңеши жактырган долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылат;
15) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечимдеринин негизинде ушул Типтүү жобону ишке ашырууга багытталган башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Фонддун аткаруу органынын башчысы катары чыгат жана Фонддун Байкоочу кеңешинин чечимдерине ылайык:
1) долбоорлорду тандоо боюнча конкурстун жеңүүчүлөрү менен эки тараптуу келишимдерге Фонддун атынан кол коёт;
2) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин негизинде "МИК" ААК менен финансылык макулдашууга кол коёт;
3) долбоорлорду каржылоодо төлөм документтерине кол коёт;
4) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечимдеринин негизинде ушул Типтүү жобону ишке ашырууга багытталган башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Фонддун аткаруу органы квартал сайын Фонддун каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө маалыматты расмий басылмаларга жарыялап турат, ошондой эле бул маалыматты жергиликтүү мамлекеттик администрациянын веб-сайтына (болсо) жана/же Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын сайтына жайгаштырат.
38. Квартал сайын жана ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча Фонддун аткаруу органы отчеттук жылда Фонддун каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө отчетту жана долбоорлордун ишке ашырылышы жөнүндө отчетту даярдайт жана Фонддун Байкоочу кеңешинин кароосуна, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
39. Ар бир жылдын башында, учурдагы жылдын 30-январынан кечиктирбестен Фонддун аткаруу органы тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар берген контролдук көрсөткүчтөрдүн негизинде Фондго акча каражаттарынын түшүү болжолун даярдайт жана Фонддун Байкоочу кеңешинин кароосуна берет.
5-глава. Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду берүүнүн тартиби
§ 1. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду каржылоого долбоордук отүнмо берүүнүн тартиби
40. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду каржылоого долбоордук өтүнмөлөрдү кабыл алуу жөнүндө, ошондой эле келерки жылга долбоорлорду тандоо шарттары жөнүндө маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-ресурстарда жарыяланат, учурдагы жылдын 1-июлунан кечиктирбестен маалымат такталарына жайгаштырылат.
41. Өтүнмө ээси социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлор үчүн каржылоо алууга долбоордук өтүнмөнү (электрондук же кагаз форматында) тариздейт.
Фонддун кароосуна берилген жана муниципалдык менчик объектине тиешелүү долбоордук өтүнмө жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет. Мамлекеттик менчик объектине карата долбоордук өтүнмө тиешелүү мамлекеттик органдын чечими менен бекитилет.
42. Фонддун аткаруу органы өтүнмө ээлерине каттоо жөнүндө ырастама берүү менен келип түшкөн долбоордук өтүнмөлөрдү каттайт жана келип түшкөн долбоордук өтүнмөлөрдүн толук толтурулушуна, техникалык документтердин болушуна, курулуш жана башка ченемдерге жана эрежелерге (уруксат документтери, техникалык спецификациялар, долбоордук-сметалык документтер) шайкеш келишине карата талдоо жүргүзөт.
Фонддун аткаруу органы өтүнмө ээсинен маалыматты тактоого же кошумча документтерди суроого укуктуу.
43. Фонддун аткаруу органы келип түшкөн ар бир долбоордук өтүнмөгө өзүнүн корутундусун тиркейт, анда өтүнмөнүн жана анын тиркемелеринин ушул Типтүү жобонун талаптарына, ошондой эле курулуш жана башка ченемдерге жана эрежелерге шайкеш келиши көрсөтүлөт.
44. Келерки жылга долбоордук өтүнмөлөрдү кабыл алуунун чектүү мөөнөтү учурдагы жылдын 15-ноябрынан кечиктирбестен белгиленет.
45. Фонддун Байкоочу кеңеши учурдагы жылдын 15-декабрынан кечиктирбестен долбоорлорду тандоо жана бекитүү боюнча жыйналыш өткөрөт.
46. Фонддун аткаруу органы Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышы башталганга чейин беш күндөн кечиктирбестен алдын ала таанышуу үчүн Фонддун Байкоочу кеңешинин бардык мүчөлөрүнө корутундуларды тиркөө менен долбоордук өтүнмөлөрдүн көчүрмөлөрүн жиберет.
47. Долбоорлорду тандоо Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү тарабынан социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду тандоо критерийлерине ылайык коюлган баллдарды эсептөөнүн негизинде жүргүзүлөт.
48. Жеке менчик жер тилкесинин чектеринин алкагында мамлекеттик жана муниципалдык менчик объекттерин курууну, реконструкциялоону каржылоого жол берилбейт.
49. Коюлган баллдар боюнча Фонддун Байкоочу кеңешинин катчысы долбоорлордун рейтингин аныктайт жана ушул Типтүү жобонун 12-пунктуна ылайык пайыздык катышта социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду каржылоо үчүн каралган, келерки жылга Фонддун болжолдонгон жылдык бюджетинен ашпаган суммалык бюджет менен долбоорлордун тизмегин түзөт.
50. Долбоорлордун тизмеги Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышынын протоколу менен бекитилет жана ушул Типтүү жобонун 79-пунктунда аныкталган мөөнөттө бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
51. Учурдагы жылдын ичинде долбоорлордун бекитилген тизмегине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу чечим Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн 2/3 добушу менен кабыл алынат.
52. Долбоорлордун рейтингин же өтүнмө берилген долбоорлордун тизмегин өзгөртүү үчүн өзгөчө негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) долбоорлорду тандоо жол-жоболорун бузуунун ырасталган фактыларынын болушу;
2) бекитилген долбоорду башка булактардын эсебинен каржылоо жөнүндө ырасталган фактылардын болушу;
3) тандоонун башка катышуучуларынын Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан канааттандырылган дооматынын болушу;
4) Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча сынакка катышуудан өтүнмө ээсинин баш тартуусу.
53. Долбоорлорду тандоонун жыйынтыгы боюнча Фонддун аткаруу органынын башчысы катары бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси тиешелүү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын атынан чыккан долбоорду аткаруучу менен Фонддун каражаттарынын эсебинен долбоорду каржылоо жөнүндө келишимге кол коёт.
§ 2. Экономикалык долбоорлорду каржылоого долбоордук өтүнмөлөрдү берүү тартиби (Параграф КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
§ 3. Экономикалык долбоорлорду каржылоонун тартиби (Параграф КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
§ 4. Долбоорду аткаруучунун милдеттенмелери
75. Долбоорду аткаруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) долбоорду аткаруучу менен Фонддун аткаруу органынын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык долбоорду ишке ашырууну камсыз кылууга;
2) долбоорду ишке ашырууга катышуу үчүн жергиликтүү коомчулукту зарылдыгына жараша мобилизациялоону камсыз кылууга;
3) долбоор боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүүгө;
4) зарылдыгына жараша жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан долбоордун аткарылышына техникалык көзөмөлдү камсыз кылууга;
5) мониторингдин натыйжаларынын негизинде долбоорду ишке ашыруунун бардык этаптарында долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу калкка маалымдоого.
76. Квартал сайын жана долбоор боюнча иштерди аяктоонун жыйынтыгы боюнча долбоорду аткаруучу Фонддун аткаруу органына же - ыйгарым укуктуу агентине белгиленген форма боюнча финансылык отчетту жана долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу отчетту берет.
6-глава. Фонддун финансы каражаттарын түзүүнүн жана чыгымдоонун тартиби
§ 1. Фонддун финансы каражаттарын түзүүнүн тартиби
77. Фонддун финансылык каражаттары төмөнкүдөй түзүлөт:
1) бюджеттик эсептер боюнча төмөнкү каражаттардын эсебинен:
- Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине ылайык фонддор боюнча бөлүштүрүлүүчү аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык жергиликтүү маанидеги инфраструктураны күтүүгө жана максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга арналган пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүнү (казып алууну) жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жактар тарабынан республикалык бюджетке чегерилген каражаттардын;
- ушул Типтүү жобонун 100-103-пункттарына ылайык республикалык бюджеттен бөлүнүүчү;
2) атайын эсептер боюнча төмөнкү каражаттардын эсебинен:
- "МИК" ААКтын түзүлгөн финансылык макулдашууга ылайык негизги карызды кайтаруусунун натыйжасында алынган каражаттардын;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- демөөрчүлүк жардам жана ыктыярдуу төгүмдөр түрүндө түшкөн каражаттардын;
- кайрымдуулук же гранттык жардам түрүндө түшкөн каражаттардын;
- биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөр түрүндө түшкөн каражаттардын;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган башка каражаттардын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомунун редакциясына ылайык)
78. Фонддордун салыктык эмес кирешелери боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрүн бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берет.
§ 2. Долбоорлорду ишке ашырууга Фонддун акча каражаттарын чыгымдоо тартиби
79. Фонддун аткаруу органы учурдагы жылдын 10-февралынан кечиктирбестен Фонддун Байкоочу кеңешинин ушул Типтүү жобонун 12-пунктуна ылайык категориялар боюнча учурдагы жылга Фонддун чыгашаларынын сметасын бекитүү жөнүндө чечимин бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизет.
80. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Фонддордун жылдык бюджеттерин бекитет.
81. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомунун редакциясына ылайык)
82. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомунун редакциясына ылайык)
83. Фонддун аткаруу органы өзүнүн эсептеринде финансы каражаттары болгондо, учурдагы айдын 5ине чейинки мөөнөттө бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга каржылоону ачууга өтүнмөнү жөнөтөт. Эгерде өтүнмө учурдагы айдын 5инен кийин берилсе, анда каржылоого өтүнмө кийинки айда каралат.
84. Фонддун кассалык чыгашалары, чыгашалар сметасы 3111 «Имараттар жана курулмалар» беренеси боюнча түзүлөт жана каржыланат жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясында белгиленген тартипте жөнөкөйлөтүлгөн казыналык жол-жоболор боюнча жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомунун редакциясына ылайык)
85. Фонддун аткаруу органы бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсү болуп саналат, тандалган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча акча-төлөм операцияларын аткаруу менен бөлүнгөн каражаттардын чегинде чыгашаларды жүзөгө ашырат.
86. Түшүүлөр Кыргыз Республикасынын республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдарында тиешелүү жылга бекитилген каражаттардын көлөмүнөн ашып кеткен учурда, сметалык дайындоолорду тактоо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
87. Фонддун акча каражаттарынын жүгүртүлүшү жөнүндө отчеттор жана аларды эсепке алуу Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
88. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду каржылоо Фонддун аткаруу органы менен долбоорду аткаруучунун ортосунда кол коюлган эки тараптуу келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
(Абзац, КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомуна ылайык күчүн жоготту) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомунун редакциясына ылайык)
89. Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду каржылоо Фонддун аткаруу органы, "МИК" ААК жана долбоордун башка катышуучуларынын (бар болсо) ортосунда кол коюлган финансылык макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылат.
90. Долбоорлор боюнча төлөмдөргө мониторинг жүргүзүү жана контролдоо Фонддун аткаруу органы тарабынан жүзөгө ашырылат. Фонддун аткаруу органы белгиленген тартипте төмөнкүдөй отчетторду берет:
1) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сметанын аткарылышы жөнүндө;
2) экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө.
91. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду каржылоо долбоорду аткаруучунун Фонддун аткаруу органына берген долбоорду ишке ашыруу графигине ылайык аткарылган иштердин актысынын негизинде транштар менен жүзөгө ашырылат.
92. Учурдагы жылдын аягына карата өздөштүрүлбөгөн Фонддун каражаттарынын калдыктары белгиленген тартипте республикалык бюджетке кайтарылат.
93. "МИК" ААК тарабынан кайтарылган Фонддун акча каражаттары Фонддун учурдагы жылдын калдыгы болуп саналат жана пландалган жылга тиешелүү Фонддун каражаттары катары бекитилет.
7-глава. Фонддун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо
94. Фонддун каражаттарынын натыйжалуу пайдаланылышына мониторинг төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:
1) каражаттардын максаттуу пайдаланылышын сактоо жана анын бекитилген пландарга шайкеш келүүсү;
2) долбоорлордун аткарылышынын натыйжалуулугун баалоо;
3) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомунун редакциясына ылайык)
95. Фонддун аткаруу органы мониторинг жүргүзүү жана баалоо методикасын иштеп чыгат, ал Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен бекитилет.
96. Фонддун аткаруу органынын сунушу боюнча Фонддун Байкоочу кеңеши Фонддун мониторинг жүргүзүү тобунун курамын бекитет. Мониторинг жүргүзүү тобунун курамына Фонддун Байкоочу кеңешинин, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү кирет.
97. Мониторинг жүргүзүү тобунун мүчөлөрү Фонддун каражаттарынын пайдаланылышына тиешелүү болгон документтерди сурап алууга укуктуу.
98. Мониторингдин натыйжалары отчет түрүндө таризделет, анда мониторингдин натыйжалары жана четтөөлөрдү жоюу боюнча сунуштамалар чагылдырылат.
99. Мониторинг жүргүзүү тобунун отчету Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналыштарында жылына экиден кем эмес жолу угулат. Фонддун аткаруу органынын мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары боюнча отчету жыл сайын негизде бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана экономикалык болжолдоо жана региондорду өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
8-глава. Фонддорго республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүштүрүү тартиби
100. Республикалык бюджеттен каражаттар эки топ боюнча бөлүштүрүлөт:
1) облустарды өнүктүрүү фонддору - бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген ушул топ боюнча республикалык бюджеттеги каражаттардын көлөмүнөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык кошумча бөлүштүрүлөт, буга ири кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфраструктураны күтүүгө чегерүүлөр келип түшкөн облустар кирбейт;
2) райондорду өнүктүрүү фонддору - бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген ушул топ боюнча республикалык бюджеттеги каражаттардын көлөмүнөн кирешелердин көлөмүнө жараша (активдерди, милдеттенмелерди жана атайын каражаттарды эсептен чыгаруу менен), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык кошумча бөлүштүрүлөт, буга таблицага ылайык ири кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфраструктураны күтүүгө 20000000 (жыйырма миллион) сомдон ашык чегерүүлөр келип түшкөн райондор кирбейт.
Таблица. Райондук аймактык бөлүмдөргө республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардын өлчөмдөрү
| Райондордун кирешелеринин көлөмү (ири кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфраструктураны күтүүгө чегерүүлөр 20000000 (жыйырма миллион) сомдон аз болгон жерлерде) | Региондорду өнүктүрүү фонддоруна берилүүчү республикалык бюджеттин каражаттарынын суммасы | Райондук маанидеги шаарлар бар региондорду өнүктүрүү фонддоруна берилүүчү республикалык бюджеттин кошумча каражаттары |
| Райондор боюнча кирешелердин орточо деңгээлинен төмөн | 30000000 (отуз миллион) сом | 5400000 (беш миллион төрт жүз миң) сом |
| Райондор боюнча кирешелердин орточо деңгээлинен жогорку деңгээлине чейин | 20000000 (жыйырма миллион) сом | 5400000 (беш миллион төрт жүз миң) сом |
| Райондор боюнча кирешелердин жогорку деңгээлинен жогору | 15000000 (он беш миллион) сом | 5400000 (беш миллион төрт жүз миң) сом |
Фонддорго республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттардын көлөмү республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилет.
101. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Фонддордун аткаруу органдарынын өтүнмөлөрүнө ылайык кассалык планды ай сайын бекитет. Фонддордун аткаруу органдары берилген өтүнмөлөргө ылайык кассалык планды ачып, долбоорлорду каржылоону жүзөгө ашырат.
102. Фонддун аткаруу органы бекитилген чыгашалардын сметасына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен чыгашаларды өз убагында жана толук каржылайт.
103. Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан учурдагы жылы бекитилген, бирок каржыланбаган долбоорлор пландалган жылда Фонддун жылдык бюджетинде эске алынууга жана биринчи кезектеги тартипте каржыланууга тийиш.
9-глава. Кызыкчылыктардын кагылышы
104. Эгерде Фонддун Байкоочу кеңешинин, Фонддун аткаруу органынын мүчөлөрү Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоонун алкагында каралып жаткан кайсы бир долбоорго жеке кызыкчылыгы бар болсо, алар тиешелүү маселени талкуулоодон жана аны кароо жана ал боюнча чечим кабыл алуу учурунда добуш берүүгө катышуудан карманууга тийиш.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (5)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 "Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.09.2024 · № 554
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августу № 524 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы №554 “Региондорду өнүктүрүү…Постановление · 04.08.2026 · № 524
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндөКодекс · 10.08.2018 · № 90
- Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобо (1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 140 токтомуна)Приложение · 27.02.2026 · № 140