Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы №554 “Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 4-августу № 524
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 «Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 «Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жободо:
- 6-пунктта:
2-пунктчада «/ишкердик субъект» деген сөздөр алып салынсын; 5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «5) долбоорду аткаруучу – долбоордук өтүнмөсү Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан жактырылган долбоорду каржылоого Фонддун аткаруу органы менен келишим түзгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы/мамлекеттик орган;»; 12, 15, 16, 17, 18 жана 19-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын; 13-пунктчада «/ишкердик субъекттин» деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7. Фонддун каражаттары облустарды, райондорду, шаарларды жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга, жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, мамлекеттик органдарды субсидиялоого, жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга, региондук экономикалык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө, аймактардын инфраструктурасын жакшыртууга жана калктын саламаттыгын сактоо шарттарын камсыз кылууга жумшалат.»;
- 8-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «8. Фонддун бюджеттик жана атайын эсептердеги каражаттары социалдык, инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду каржылоого жумшалат, анын ичинен төмөнкүлөргө:»; 1, 2 жана 3-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын; 5-пунктчада «, экономикалык» деген сөздөр алып салынсын;
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«11. Фонддордун бюджеттик жана атайын эсептердеги болжолдонгон жылдык бюджети төмөнкү чыгашалар категориялары боюнча милдеттүү түрдө бөлүштүрүлүүгө тийиш:
| № | Фонддун чыгашаларынын категорияларынын аталышы | Фонддун болжолдонгон жылдык бюджети, % |
| 1 | Фонддун аткаруу органынын административдик чыгашалары | n1 |
| 2 | Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлор | n2 |
| 3 | Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоорлор (Фонддун финансылык каражаттарын «МИК» ААК берүү) | n3 |
| 4 | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чаралар | n4 (3–8 %дын чегинде) |
| Жалпы | n1 + n2 + n3 + n4 = 100 % |
Фонддун каражаттарынын чыгашаларынын ар бир категориясы боюнча Фонддун болжолдонгон жылдык бюджетинин жалпы суммасынын пайызы учурдагы жылдын 30-январынан кечиктирилбестен Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен аныкталат жана бекитилет. Каражаттарды чыгашалардын категориялары боюнча бөлүштүрүү Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына жараша жүргүзүлөт.»;
- 13-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 35-пунктта:
2-пунктчада «экономикалык долбоорлордон тышкары,» деген сөздөр алып салынсын; 10-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «10) Фонддун болжолдонгон жылдык бюджетинин долбоорун, социалдык, инфраструктуралык долбоорлордун тизмегин иштеп чыгат жана Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышына киргизет;»;
- 36-пункттун 1-пунктчасында «экономикалык долбоорлордон тышкары,» деген сөздөр алып салынсын;
- 5-главанын 2 жана 3-параграфтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 77-пункттун 2-пунктчасынын үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 81 жана 82-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 84-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«84. Фонддун кассалык чыгашалары, чыгашалар сметасы 3111 «Имараттар жана курулмалар» беренеси боюнча түзүлөт жана каржыланат жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясында белгиленген тартипте жөнөкөйлөтүлгөн казыналык жол-жоболор боюнча жүзөгө ашырылат.»;
- 88-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 94-пункттун 2-пунктчасында «жана кредиттөө программасынын» деген сөздөр алып салынсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Фонддордун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча типтүү методикада:
- 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«23. Финансы каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын сыпаттаган индикаторлордун тизмеги 3-таблицада берилген.
3-таблица. Финансы каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын сактоонун индикаторлорунун тизмеги
| Индикатордун аталышы | Пландык маани | Иш жүзүндөгү маани | Индикаторду баалоо (иш жүзүндөгү маани/ пландык маани) * 100 % |
| Инфраструктуралык жана социалдык долбоорлор боюнча каржылоо көлөмүнүн каржылоонун жалпы көлөмүнө карата катышын сактоо | Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен бөлүнгөн каржылоонун көлөмү | Долбоорлор боюнча каржылоо көлөмүнүн иш жүзүндөгү мааниси (%) | |
| Иш жүзүндөгү сметасы пландык сметага ылайык келген долбоорлордун саны (смета боюнча чыгымдардын иш жүзүндөгү беренелери смета боюнча пландык чыгымдарга ылайык келүүгө тийиш) | Макулдашылган смета менен бекитилген долбоорлордун саны (100 %) | Иш жүзүндө ишке ашырылган долбоорлордун сметадан четтөөлөрү болгон долбоорлордун жалпы санынан үлүшү (%) | |
| Индикатордун орточо баасы |
»;
- 2-тиркемеде:
5-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «1) отчеттук жылы ишке ашырылган долбоорлордун тизмегинен 30 % долбоор тандалып алынат;»;
- 3-тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2024-жылдын 11-сентябрындагы№ 554 токтомуна)Типовое положение · 11.09.2024 · № 554
- Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча типтүү методика (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554…Методика · 11.09.2024 · № 554
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 "Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.09.2024 · № 554
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59