5-берене. Фонддун капиталын түзүүнүн жана укуктук абалынын өзгөчөлүктөрү
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы · 1-глава
1. Фонддун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Фонддун капиталы Фонддун акцияларын чыгаруунун жана жайгаштыруунун натыйжасында Министрлер Кабинети тарабынан түзүлөт. Фонддун акциялары аларды жайгаштыруунун жүрүшүндө Фонддун жогорку башкаруу органынын чечими менен бекитилген тартипте жана шарттарда төлөнөт.
3. Фонддун жайгаштырылуучу акцияларына акы төлөө башка чарбалык жана/же акционердик коомдордогу акциялар (катышуу үлүштөрү), мүлктүк комплекстер жана мамлекетке таандык башка мүлктөр менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
Фонддун жайгаштырылуучу акцияларына акы төлөө эсебине өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик менчик объекттерин, анын ичинде стратегиялык объекттерди пайдалануу жөнүндө чечим Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
4. Коммерциялык банктардын мамлекеттин менчигинде турган акцияларын Фондго өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын макулдугун алуу талап кылынбайт.
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-августундагы № 600-т ("Касиет" камволдук жип ийрүү фабрикасынын мүлктүк комплексин "Кыргыз Республикасынын Улуттук…Распоряжение · 06.08.2026 · № 600-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-апрелиндеги № 225-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Достук» пансионатынын мүлк комплексин уставдык…Распоряжение · 06.04.2026 · № 225-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 8-июнундагы № 412-т (Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомуна өткөрүп…Распоряжение · 08.06.2026 · № 412-т
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230014855/st-5" title="5-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>