Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Достук» пансионатынын мүлк комплексин уставдык капиталга салым катары киргизүү жолу менен «Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду» ачык акционердик коомуна өткөрүп берүү жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2026-жылдын 6-апрели № 225-т
Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү жана туристтик инфраструктураны чыңдоо, ошондой эле мамлекеттик мүлктү натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 126 «Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу тартибинин 2, 3, 4, 5, 6-пунктарына, «Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 14-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Түп району, Кутургу айылы, 5-участок дареги боюнча жайгашкан, идентификациялык коду 2-05-04-0006-0401, жалпы аянты 4,5 га жер тилкеси менен «Достук» пансионатынын мүлктүк комплексинин рыноктук наркын баалоо жол-жобосун жүргүзсүн;
2) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн мамлекеттик мүлк объектин уставдык капиталына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салымы катары киргизүү үчүн «Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду» ачык акционердик коомунун менчигине өткөрүп берүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте:
1) «Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду» ачык акционердик коомунун уставдык капиталын ушул тескеменин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк объектинин наркын баалоо суммасына көбөйтүүнү жүзөгө ашырсын;
2) ушул тескемеден келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.
3. «Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду» ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) акциялардын кошумча чыгарылышын жүзөгө ашыруу жана аларды Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин атынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн жабык жайгаштырууну камсыз кылуу;
2) ушул тескемеден келип чыгуучу бардык зарыл чараларды көрүү.
4. Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк объектине карата укуктун өтүшүн каттоону жүргүзсүн.
5. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгиленген тартипте ушул тескемеден келип чыгуучу бардык зарыл чараларды көрсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндөЗакон · 24.07.2024 · № 143
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 126 "Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө…Постановление · 20.03.2024 · № 126