6-берене. Фонддун башкаруу жана контролдоо органдары
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы · 2-глава
1. Фонддун башкаруу жана контролдоо органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) акционерлердин жалпы жыйналышы - Фонддун жогорку башкаруу органы болуп саналат. Эгерде Фонддун акцияларынын 100 пайызы мамлекеттин менчигинде болсо, Фондду башкаруунун жогорку органы болуп жалгыз акционер - Министрлер Кабинети саналат;
2) директорлор кеңеши - Фонддун ишине жалпы жетекчилик кылуучу жана Фонддун аткаруу органынын ишине контролдукту жүзөгө ашыруучу фонддун коллегиялуу органы;
3) башкарма - Фонддун аткаруучу органы болуп саналат, ал Фонддун учурдагы ишин түздөн-түз жетектейт. Ал жалгыз же коллегиалдуу болушу мүмкүн;
4) директорлор кеңешине караштуу бюджет жана аудит боюнча комитет - Фонддун контролдоо органы болуп саналат.
2. Фонддун башкаруу жана контролдоо органдары өз ишин ушул Мыйзамга, Фонддун уставына жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте бекитилүүчү башкаруу жана контролдоо органдары жөнүндө жоболорго ылайык жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230014855/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>