Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин системасында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмектерин бекитүү жөнүндө» буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Приказ Министерства цифрового развития и инновационных технологий КР от 29 октября 2025 года № 3-д "Об утверждении Перечня случаев и ситуаций, по которым имеется риск возникновения коррупции в системе Министерства цифрового развития и инновационных технологий Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-10-29.
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин 2025-жылдын 29-октябрындагы № 3-д буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САНАРИПТИК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК
2024-жылдын 12-сентябры № 4-д
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин системасында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмектерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын берүү жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 18-майындагы № 281 буйругу менен бекитилген Коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу боюнча методикалык колдонмону жетекчиликке алуу менен буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин системасындагы коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү, ишканалары жана мекемелери коррупциялык схемаларды ишке ашырууну кыйындаткан тоскоолдуктарды киргизүү максатында эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин тиешелүү планын иштеп чыгуу үчүн коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу боюнча сунуштарды иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине киргизишсин.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы үч күндүн ичинде ушул буйрук менен бекитилген тизмекти Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук сайтына жайгаштырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин инспекциялык иштер жана коррупцияны алдын алуу бөлүмүнүн коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуусу:
- үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин системасындагы коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу боюнча план иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча комиссиясынын кароосуна киргизсин.
- ушул буйруктун көчүрмөсүн төмөнкүлөргө жиберсин:
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн.
5. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 4-августундагы № 2-д “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилерине ушул буйрукту жеткирсин.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
8. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасы санариптик өнүктүрүү министри
Н.А. Кутнаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин 2025-жылдын 29-октябрындагы № 3-д "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана…Приказ · 29.10.2025 · № 3-д
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин системасында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги (Кыргыз Республикасынын…Перечень · 12.09.2024 · № 4-д · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин 2025-жылдын 29-октябрындагы № 3-д "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана…Приказ · 29.10.2025 · № 3-д
- Кыргыз Республикасынын Cанариптик өнүктүрүү министрлигин 2023-жылдын 4-августундагы № 2-д "Кыргыз Республикасынын Cанариптик өнүктүрүү министрлигинде коррупциянын келип чыгуу…Приказ · 04.08.2023 · № 2-д
- КР Премьер-министринин 2016-жылдын 18-майындагы № 281 (Коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу боюнча методикалык колдонмо бекитүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 18.05.2016 · № 281 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.